Маймак тагдырдын да шамчырагы эле…

Кенедей Маймак станциясынын кыргыз тарыхы менен адабиятында, дегеле күнүмдүк жашоосунда кемедей орду бар деп көкүрөктү керип жүргөндөр канча. Маймак аталыштагы шаарча падыша заманында, 1914-жылы түптөлүп, ошонун негизинде темир жол курулушу белгиленет да, 1920-жылы Маймак темир жол бекети аталат. Ал биринчи дүйнөлүк согушта орустарга колго түшкөн австровенгриялык туткундардын кара күчү менен европалык архитектуранын ченеминде курулгандыктан, дээрлик кылым өтсө да пайдубалы күнү бүгүнкүдөй былк этпей турганы турган.

Таластан  чыккан  таасын  таланттардын эскерүүсүндө, эргип чыккан чыгармаларында жана карапайым эле адамдарынын да күнүмдүк турмушунда Маймак бекети дайыма жүрөктүн түпкүрүндө жанган бүлбүл шамдай аяр сезимди элестетет.

«Ошол тагдырдын ташынын оор тапыркасында биз үчүн үлбүлдөп жанган үмүт оту жалгыз гана Маймакта калган эле. Темир жол өткөн талаадан улам жол жогорулап, адегенде жапыз дөңсөөлөр, анан бийик тоолор башталат.

\Шекер, Көк-Сай, Арчалууга барчу жол дал ушул Маймактан башталып, андан ары уланат. Ошол Маймакка поезд чоң тоннелден өтүп келет» — деп эскерген Чыңгыз Айтматовдун башка чыгармаларынын темир жолго байланышкан окуялары менен каарман тагдырларынын чыйыры да дал ушул Маймактан башталган эмеспи…

Райкан Шүкүрбековдун Ташкенттеги байкесинен кийим сурап баргандагы, Ашым Жакыпбектин Маймактан Шекерге чейин болсо машина же арабага түшүп, болбосо жөө-жалаңдап баргандагы окуяларычы.

Тиягы Балыкчы, Токмок, Бишкек, Кара-Балтадан поездге түшкөндөр, кайра батыштан кайткандар деле дал ушул Маймактын тушуна келгенде гана жердин таажысындай заңкайган Ала-Тоонун анык касиетин туюшат эмеспи.

Алтымыш вагон бир чиркеп,
Алып учкан паровоз.
Айлымдан кетип баратам,
Агайын, тууган кайыр кош.

Жетимиш вагон бир чиркеп,
Желип учкан паровоз.
Жеримден кетип баратам,
Жеңекелер кайыр кош! – деп Айтматовдун дагы бир чыгармасында жазылгандай  Чолпонбай  Түлөбердиевдин  муунундагы жоокерлер мекенди коргогонго ушул жерден жөнөшкөн, өтүшкөн да. Кийин эле Германиядагы Советтик Армиянын тобуна аскердик милдетти өтөөгө чакырылгандар дал ушул Маймактан кийин казактын кең талаасына таң кала өтүп, Москвага, андан Брест, Варшава, Берлинге он күн дегенде араң жетишчү.

«Кыргызфильм» студиясынын көрүнүктүү өкүлү Казыбек Жусупов агабыз кинохудожниктин окуусуна кирем деп Москвага чейин жүк тарткан поезд менен барганын эмгиче айылдаштары уламыштан уланган кептей айтып калышат. Анын алгачкы жана көзгө басар эмгеги «Саманчынын жолу» тасмасы болгону да кызык.

Мына ушундай тагдырлардын далайына күбө болгон бир кездеги Маймактын эски станциясынын эмки абалын көргөндө көңүлүң үч көчкөндөй калары анык. Убагында Айтматовдун жеке турмушу, чыгар-малары жана каармандары аркылуу ааламга аты тараган Маймактын азыркы көрүнүшү эгемен Кыргызстандын кандай өнүгүп жатканына күбө өткөндөй…

Кыскасы,  өз  жеринде  өгөйлөнгөн станциянын эски имараты жана анын айланасындагы 17 чакырым кыргыз жери кайдыгерлик, кенебестик же чыккынчылык, а балким саткындык менен эч нер-сени билбестиктин айынан ошол жердеги кыргыз жарандарына, ан-дан да кыргыз өлкөсүнө таандык эместей абалда калганычы.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө станциянын Казак темир жолу башкармалыгына берилиши башкы себеп. Майсалбек уулу менен коштошуп калсам дегенде эки көзү төрт боло күткөн Толгонай апанын тилегин темир жолго тепселей токтобой кеткен аскердик эшелон сымал, азыр бул станцияга жүк тарткан составдар токтобогондуктан, Талас эли эң оор абалга кептелип турган кербези.

Көлдөгү кемеге түшкөнгө чейинки тээ батыштын кан майданынан бери поездде сапар чеккен Алыкулдун Жеңишбектери, кан майданга барып концерт койгон Мыскал, Сайра жана «Жеңиш», «Паровоз» керемет күүлөрүн күпүлдөткөн залкар комузчу Ыбырай Тумановго, комузда кол ойното черте, коңгуроодой үндөрү менен коштоп дүйнөлүк фестивалдарда далайдын оозун ачырган Асек Жумабаев менен Жапар Чабалдаевге жана кырк аял биригип бир эпосту айтканы эмнеси деп Хельсинкиде таң калган улуу манасчы Саякбайга темир жол дарбазасы дал ушул Маймак болгонун билген бар, билбеген бар. Ал эми Жамийла менен Данияры буудай ташыган, Сейдесинин күйөөсү качкан, Толгонайы уулу менен учураша албай калган жана Чыңгыз Айтматов өзү да чыгыштан батышка баратканда, кайра Ала-Тоосуна кайтканда, Сары-Өзөктөгүдөй окуялардан кураган чыгармаларын жаз-ганда ары-бери өтүп жүргөн Маймак эми минтип өз жерибизде өзгөлөрдүн көралбастыгынын, өзүбүздүн кебелбестиктин же жеке эле Манасты эмес, баарын эстен чыгарган Тазбаймат, энесин атып, атасын унуткан маңкурттардын айынан бардык кадыр-баркынан, мааниси менен шаанисинен айрылып турган чагы.

… Баарынан кашайтканы, Толгонай энеге токтобой кеткен аскердик эшелон сымал, эмки жүк тарткан поезддер дал ушул Маймакка токтобостугунан улам таластык дыйкандар маңдай тери, адал мээнети менен тапкан түшүмдөрүн эки жакка жөнөтө албай маанайлары пас.

Ошондуктан, бул маселелерди караштырып, андан тышкары Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына эски станция имаратын оңдоп, түздөп Маймак адабий-архитектуралык маданий ордосуна айландырып койгонго Шекер айыл өкмөтү, Кыргыз темир жол башкармалыгы, «Айтматов-90» маараке тобу бирге аракеттенмеги абзел.

Ал  эми  КР  Маданият  министрлиги  Маймак станциясын республикалык маанидеги тарыхый-архитектуралык эстеликтер тизмесине кошуу жагын караштырууда.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, «Маданият» журналынын башкы редактору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *