Акындан аянган алты отургуч

Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи ачылгандан бери оңдолбогондугу, чатырынын бир бөлүгү канчалык жамап-жаскаганы менен эки бөлмөсүнө суу өтүп жаткандыгы боюнча Иса Өмүркулов баштаган мэрлерге (2013-жылдан баштап) кат жазып кайрылгандан тажабагандарды камалып кеткен Албек Ибраимовдун аппаратындагылар дагы биротоло түңүлткөн.

«Бишкек  –  140»  мааракесине  карата  оңдоо  иштерине  көмөк көргөзүлсө, парктарда алмаштырылып жаткан эски отургучтардан алтоо берилсе, акынга шаардын ардактуу атуулу наамы ыйгарылса деген сунуш-өтүнүчтөр да суу кечпей калды. Алыкул Осмоновдун үйү шаардын жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер тизмегинде экендигине, үйү мэрия менчигинде, акын кыргыз поэзиясынын классиги жана бор-бор калаа жөнүндөгү терең мазмундуу ондогон ырлардын авторлугуна деле көңүл бурулбай, шаардык бийлик жана аткаруу түзүмдөрүнүн бирине бири шылтаган, оодара салган сооротмо жооп каттарынан башка жыйынтык чыкпаганы таң калтырат.

Шотанын шооласы жанбады

Алты отургучка алы келбеген Бишкек мэриясы менен Ле-нин райондук акимиатынан түңүлүп турганда, КР Өкмөтүнүн баш баканы М.Абылгазиев мырзанын Грузия сапары, Тбилисидеги жолугушуула-ры боюнча «Ала Тоо – 24» тынбай берип жатты.

Эки элдин алакасын эки залкар акын эбак эле түптөп койгондугун, Шота Русатвелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасынын кыргыз тилинде тогуз ирет жарыяланышы Алыкул Осмоновдун өзгөчө талант экендигин, эмки максат анын чыгармалар жыйнагын грузин тилине которуу эки элдин маданий кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого руханий түрткү бермектиги жөнүндө кеп козголду бекен деп кулак түргөндөр арбын болду.

Пекин  менен  Тбилисиге  же башка жактарга күн сайын эле каттап турбаган соң, саясаттан тышкаркы адабий-маданий иш-чараларды да кошо бүтүрүп же негизги багыттарын  аныктоого  президенттик, өкмөттүк аппарат, ТИМ жана маданият министрлиги утурумдук иш-чаралардын эле укуругун сүйрөп жүрө бербестен, улуттук маанидеги урунттуу максаттарды жок дегенде бир-эки жыл мурда аныктап алышса кана?!

Анын бири падышалык жана советтик доордо башка жактарга алынып кеткен ар кандай экспонаттарды кайра кыргыз жергесине кайтарып алуу маселеси да күн тартибинде.

Көчмөндөр  оюнуна  карата келүүгө макулдугун берген мамлекет башчыларынын арасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бардыгын эске алуу менен ал тарапка төмөнкү маселени коюштун жүйөөсү болуп турат.

Анткени, ХХ кылымдын башталышында Ысык-Көлгө эк ирет келген  венгр-мажар  саякатчы-окумуштуусу Дьерд Алмаши алып кеткен кыргыздын жүзгө жакын буюм-тайымдары жана жаратылышы менен жаныбарларын, адам-дарын  чагылдырган  эки  жүздөй фотокадрларын  элибизге  кайтарып алуу ыңгайы жаралууда. Ушул буюм-тайымдар сакталып турган Венгриянын улуттук этнографиялык музейи жакында бери болгондо беш жылга ремонтко жабылмакчы. Ошондуктан, мажардын өлкө башчысына кулак кагыш кылып, ал этнографиялык байлыктары-бызды ала келсе – Каракол менен Бишкекке көргөзмө уюштуруп бер-се, кыргыздар үчүн III Көчмөндөр оюндарынын эң башкы табылгасы болуп калмак.

Биздин  тарых  музейибиз оңдолуп жатканы жана мумия баш болгон далай маанилүү экспонат-тар дайынсыз жоголуп жатканда, Алмашинин кыргыз элине таан-дык этнографиялык байлыктарын жергебизге кайтарып алсак эмки уз-чеберлерибиздин да көрөңгөсү байыркы үлгүлөр менен байымагы ырас.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, «Маданият» журналынын башкы редактору

P.S. Россия  жана  башка өлкөлөрдүн  музейлеринде  көбүнчө «өлүү товар» катарында сакталып, эч качан толук экс-позиция катары көрсөтүлбөй чаң басып же тарыхый-маданий маа нисин убакыттын өтүшү менен материалдык жагынан жоготуп бараткан экспонаттарыбызды элибизге кайтарып алуу маселеси эгемендиктин алгачкы жылдарында мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн эле. Бирок, кандайдыр белгисиз себептерден улам ушул улуттук маанидеги демилге унутта калганы-на азыркы бийлик башындагылар көңүл бурат деген ишенимдебиз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *