III ДКОго 53 өлкөнүн спортчулары катышаарын билдиришти

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына  53 өлкөнүн 1 миң 946 спортчусу катышаарын билдирди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады. 

Спортчулар катышууга даяр экенин электрондук аккредитация аркылуу билдиришкен. Оюнчуларды каттоо 31-июлда жыйынтыкталган. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан катыша турган спорттук курамдын саны 458 кишиден турат. Ал эми Россия-235, Казакстан-195, Өзбекстан-108, Пакистан-91, Иран-92, Түркмөнстан-65, Индия-64, Ооганстан-62, АКШ-58, Тажикстан-55, Украина-46, Кытай Эл Республикасы-37, Шри-Ланка-34, Монголия-21, Франция-19, Польша-23, Беларусь-17, Болгария-17 спортчу катышмакчы. Калган өлкөлөрдөн 16дан спортчу келет.

Спорттун 37 түрү баюнча 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байге фонду 26 млн. сомдон ашуун. Оюндар 2018-жылдын 2 – 8 сентябрында өтөт.