Айбек ТҮМӨНБАЕВ, улуттук университеттин журналистика факультетинин окутуучусу, журналист: «Сезимди кытыгылайт – сабагым сегиздеги, Башкалар келбесе да, Гүлкайыр күтөт мени…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Айбек мырза, жайдын аптабы же кыштын ызгаары эргүүңүзгө кандай таасир берет?

– А мен жалаң жаштар менен иштегендиктен, эшикте мээ эриткен ысык болсо да, кычыраган кыш, эмне балакет болсо деле жандүйнөмдө дайым жаз…

– Айтмакчы, ошол эле сиз иштеген окуу жайда сизди “кыздар эл акыны” дешет турбайбы. Эмнеге?

– (Каткырып) Ооба. Университетте, айрыкча мен сабак берген факультетте ушундай бир сулуу кыздар көп. Ошол кыздарыма ыр жазып эле “кыздар эл акыны болуп алдым. Кыргыз эл акындары көп го, а кыздар эл акыны бирөө эле менмин деп сүйүнүп жүрөм. Мындай экен да, жаш улам өйдөлөгөн сайын адам жаштыкты сагынат экен. Ансайын жаштардын баскан-турганы, кыял-жоруктары, ой толгоолору, өрттүгү, жашоого көктөмдөй жарашыгы суктандырат турбайбы. Өзүңдүн жаштыгыңды эске салат дегендей. Азга болсо да жаш кездеги образ менен жашап… Жаштыкка суктануу менен бирге эле каалоо, тилектерди айтуу… Анан калса, кыргыздын бир кездеги жаштык өтүп баратканын, жүрөктөгү жалын өчүп баратканын ырдаган күйгөн ырлары, “секетбай” ырлары азыр жазылбай калыптыр.

– Бир эле кызга арнап жаза бересизби, же кандай? Кыздар: “ Ушул агайдын жашы деле өйдөлөп калды, жөн эле койбойбу”, –дебейби?

– Менин кыздарым – болочок журналисттер,  болочок  акын-жазуучулар.  Ара-сында телерадиолордо, гезиттерде иштеп жүргөндөрү да бар. Баары чыгармачылыкты, сөздүн маанисин, адамдын жандүйнө табитин түшүнгөн кыздар. Кээде: “Агай, ушул жериңиз туура болуптур,” – деп ыраазычылыгын билдиришет. Гүлкайыр деген бир кызым эртең менен: “Агай, эмнеге эртең мененки сегизде сабакка келбей калдыңыз?” – деп нааразы-чылык билдиргенинен: “Гүлкайыр, кечирип кой. Мен айыбымды тартып, сага бир ыр жа-зып келем”, – дегем. Анан:

“Сезимди кытыгылайт –

сабагым сегиздеги,

Башкалар келбесе да,

Гүлкайыр күтөт мени.

Көздөрү кара мончок,

караган адам тойбойт,

Мен дагы уктай албайм,

түн бою аны ойлоп.

Сабагым сегиздеги,

Башкалар келишпеди.

Гүлкайыр, Гүлкайырым,

Мен турам эзилгени…” – деп окуп берсем, калган студенттер дагы чурулдап: “Агай, бизге дагы ушундай ыр жазып келиңизчи? Бирок Гүлкайырдын ырына жетпесе, халтура кылып жазбай эле коюңуз,” – деп калышты. 1-курстун кыздары: “Агай, биз жөнүндө да ыр жазасызбы?” – деп, окуу жайды бүтүрүп кеткиче күтүп жүргөндөрү да бар. Окууну бүтүп кетип, жолукканда: “Сиз бизге жазбай койгонсуз”, – деп таарынып жүргөндөрү да бар. Айтор, “Айбек агай кимге ыр жазды?” – деген түшүнүк жашап калды.

Кээде ар бир кыздын жандүйнөсүнөн, мүнөзүнөн чогултуп, кыргыз кызына гана таандык жалпы бир образды таап алууга болот.

– Ошончо ырдын арасынан өзүңүздү өзгөчө таасирленткен ыр барбы?

– Кылым аттуу бир студент кызым бар эле. Жаңы жылдын алды болчу. Ошол кыз-га арнап ыр жазып келип: “Окуп берейинчи”, – десем тартынчаак кыз эле: “Жок, агай, окубай эле коюңуз”, – деп окутпай койгон. “Анда өзүң окуп ал”, – деп колуна карматып койгом. Ошол жаңы жылда каникулга кетип баратып автокырсыктан каза болуп калды. Куратору элем. Бир карасам, ошол ырды жазып койгонум жакшы болуптур дейм. Бир айжаркын кыздын элеси жашап калды анда.

– Башка да темалар бар экенин унуткан жоксузбу?

– Албетте. Унутулбай калсын. Мекен, бала, эне, тоо, суу сыяктуу өлбөс темалар бар да. Мен жашаган Ак-Ордонун эртең мененки ак таңы, шамалы, өзүмдүн жарыма арнаган ырлар…

– Кыздарга арнай берген ырларыңызга жарыңыз капа болбойбу?

– Биринчиден, жарым абдан түшүнүктүү аялзаты. Ага арнаган “Назиге” деген ырымды окусаң керек:

“Өмүр өттү, жылдар өттү билинбей,

Жашап келем көп жандардын бириндей.

Байлыгым да, бийлигим да жок менин,

Өкүнөргө, таарынарга бар эбиң…” – деген. Чыгармаларың, макалаларың баймабай чыгып турган, басма сөздө иштеп турган кезде атак-даңкын таш жарбаса, мугалимдин жашоосу карапайым болот экен. Сабагыңды бересиң, кайра үйгө жөнөйсүң дегендей… Дубал гезитибиз бар. Ошого ырларымды илип коюшат сутденттерим. 2-ноябрда Маданият күнү эмеспи, менин да туулган күнүм. Ошого карата студенттерим менен ыр кече өткөрдүк. Былтыр менин фото сүрөттөрүм менен “Ай-бек агайдын 55 сүрөтү”, андан кийин “Айбек агай кимге ыр жазды?” деген дубал гезиттерди чыгарышты.

– Айтмакчы, бир аз жылдар мурун шыңга бойлуу, арыкчырай акын агай элеңиз, эми… ушул турушуңузда кыздарга ыр арнасаңыз, кыздар мурдун чүйүрүп жатпады бекен?

– (Күлүп) Ии… мурда деген суунун жээгинде жашап, жай-кыш дебей сууга түшөр элем да. Эми Ак-Ордодо суу жок… Анын үстүнө жаш курагым деле келип калбадыбы. Анан калса, сабактан кийин небере багам да. Үч неберенин чоң атасымын. Баары ишке кетип, неберемди кенедейинен мага таштап кетишет. Нарине деген неберем эки ай болгондо келиним иштеп калды да. Ошого улам буламык жасайм, тамактын башка түрүн жасап жедирем… Азыр төрттө. Аны жедириш үчүн өзүм кошо жейм… Ошентип эле семирип кеттим.

“Кичинекей Наринем –

чоң атанын эрмеги,

Жумушунан бошобойт,

чоң апасы келбеди…”

Менин апам, жарыктык, улам эле небересин көргөнү келем деп келе албай жүрдү да

көпкө чейин. Ошондо:

“Келем деди, келе албайт,

Көрөм деди көрө албайт.

Көгөрүп кетти көрүндүгү,

Доллар кылып бере албайт…” – деп өз апамды тамашалап жүрсөм, алты айга толгондо келип, беш миң сом көрүндүк берип жатпайбы…