«Биз экономикасы күчтүү, калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды курабыз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Дүйнөнүн 27 мамлекетинен 150дөн ашык адам келген төртүнчү мекендештер форуму 8-9-август күндөрү Чолпон-Ата шаарынын “Рух-Ордо” маданий борборунда өттү. Алардын арасында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга, инвестиция салып, жумуш орундарын түзүүгө даяр болуп калган эр азаматтарыбыз аз эмес экен. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусу 2012-жылдан баштап, ар бир эки жылда ушул форумду өткөрүп келе жатат. Бирок, ага бир да жолу мамлекет башчы катышкан эмес. Бул ирет Президент Сооронбай Жээнбековдун форумга катышып, сөз сүйлөгөнү ааламдын ар кайсы тарабынан келишкен журтташтарыбызды кубантып, Ата журтка жардам берүү демилгелерине кыйла ишеним арттырды. Бир нече жыл мурда мекендештерди колдоо боюнча Өкмөттүн алдында атайын кеңеш түзүлгөн. Бирок ал кеңеш натыйжалуу иштеген эмес. Өкмөткө караштуу Миграциялык кызматтын жетекчилиги улам алмашып жаткандыгы да чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары менен үзгүлтүксүз жана туруктуу кызматташууга кедергисин тийгизген. Учурда Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештер менен натыйжалуу иш жүргүзүүнү өзүнүн жеке көзөмөлүнө ала турган болду. Ушул максатта ал Президентке караштуу мекендештер кеңешин түзө тургандыгын билдирди. Мамлекет башчысы мекендештердин суроо-сунуштарын жеке өзү жазып, жооп берип жатты.

“Узак мөөнөттүү стратегияны талкуулайбыз”

-Дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да чыныгы кыргыз баласы жүрөгүмдө Ала-Тоом, карегимде Ысык-Көлүм, сезимимде Ата-Журтум, ойлорумда кыргыз элим деп жашайт. Башка мамлекетте жүрүп, Кыргызстандын келечегине толгонот. Өнүгүүсүн эңсейт. Мамлекетибиз бөтөндөрдөн артта калбай, цивилизациянын алдыңкы сабында болушун каалайт. Ушул максатка жетүүгө умтулат. Жүрөгү Кыргызстан деп согуп, өлкөбүздүн келечегине, тагдырына кайдыгер карабаган боордошто-рум – сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын, — деп сөзүн баштады Президент Сооронбай Жээнбеков. Көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыздап, баарыңарды бириктирген Роза Отун баева эжебизге чын пейилимден рахмат айтам. Азыркы учурда дүйнө ыкчам өзгөрүүлөргө туш болууда. Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта иштеген мекендеш-тердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга активдүү катышуусун эске алуубуз керек. Жакында өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиясын талкуулоого арналган Улуттук кеңештин жыйыны болот. Ал документте чет өлкөдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук пайдалануусу үчүн маанилүү кадамдар каралган. Сиздер сунуштаган омоктуу ойлор, рационалдуу идеялар эске алынат. Биз башкалардын тажрыйбаларын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз керек. Тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирлерге, карыяларга кайрымдуу бололу. Биздин коомдо кароосуз карыя, таштанды наристе болбошу керек.

“Карылар үйүндөгүлөрдүн 80 пайызы кыргыздар болууда”

-Мен 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыкка кол койдум. Анда таза суу менен камсыздоо, көпүрөлөрдү, жолдорду куруу, ирригациялык ж.б. социалдык объектилерди куруу каралган. Бирок, ата-бабалардан бери келе жаткан эң негизги руханий жактан өнүгүүнү унутпай, улуттук каада-салттарды сактап калууга милдеткербиз. Мен Премьер-министр болуп иштеп турганда Серафимовка-дагы карыялар үйүнө бардым. Ошол жерде 80 пайызга жакыны кыргыздар экенин көрдүм. Ал эми балдардын эл аралык күнүндө балдар интернатына барганымда 90 пайыздан ашыгы кыргыздын наристелери жашап жатыптыр. Биз материалдык байлыктардан тышкары, руханий баалуулуктарды жоготпоого умтулушубуз зарыл.

Түркияга, Россияга барган иш сапарымда мигранттар менен жолуктум. Алар өз айылдарында фонддорду түзүп, каралбай калган карыларга, көп балалууларга, жакыр жашагандарга жардам берип жатышканын айтышты. Мамлекет калктын мына ушул көйгөйлүү катмарын кароону колго алат. Бирок, бүгүнкү күндө аларды толук камсыздоого экономика-да мүмкүнчүлүк жок. Мамлекет мыйзамдын сакталышын, бизнестин корголушун, коррупциянын жоюлушун, коомдун тынчтыгын, ын-тымагын камсыз кылууга милдеттүү.

Таза бизнести колдоп, адилет атаандаш-тыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан көп иштерди аткарды. Коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Салык, бажы чөйрөсүндөгү ачык-айкын дыкты орнотуу аракеттери көрүлүүдө. Товарды экспортко чыгарууну колдоп, бизнестин чоң рынокторго жетүүсүнө көмөктөшүүдөбүз. Сиздер болсо таман акы, маңдай тер менен каражат таап, Кыргызстандын спорт, медицина ж.б. көптөгөн объектилерди куруп берип, “Аймактарды өнүктүрүү жылына” салым кошуп жатасыздар. Ушул жагдайда дагы сиздер мага максатташ, тилектеш болуп жатканыңыздар үчүн рахмат айтам.

“Мекен-карт” демилгесин ишке ашырабыз”

— Мекендештердин көпчүлүк бөлүгү иштеген Россиянын Тюмень, Иркутс, Хабаровск шаарларында Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлчүлүгү ачылды жана аларды дагы көбөйтөбүз. Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск шаарларында элчиликтин канцеляриялары ачылды. Екатеринбург, Новосибирскде консулдуктар, Хабаровск, Воронеж, Красноярск шаарларында ардактуу консулдуктардын кеңселери иштеп жатат. Россиядагы мекендештерибиздин катталуу, патент алуу көйгөйлөрү чечилди. Пенсия менен камсыздоо жана мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн медициналык тейлөө маселелерин чечүү боюнча аракет көрүүдөбүз. Түркиядагы мекендештерибизди пенсия менен камсыздоо келишимине кол коюлду. Ал жакында ратификацияланып күчүнө кирет. Кыргызстанга инвестиция алып келүү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн, “Мекен-карт” улуттук демилгесин тезинен ишке ашыруу зарыл. Бул атайын идентификацияланган картага ээ болгон мекендештерибиз үчүн мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышты үзбөй, анын өлкө экономикасына салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат. Андан тышкары, чет жердеги жарандарыбыз Кыргызстандын миграциялык кызматына каалаган убакта кайрылууга мүмкүнчүлүк бере турган интернет порталды ишке киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

“Мекендеш менен иштөөчү кеңешти түзөбүз”

Мен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыкты эмнеге чыгардым? Анткени, аймактардын өнүкпөй калышы ички да, сырткы дамиграцияга катуу таасир тийгизип жатат. Аймактардын өнүгүшүндө дисбаланс бар. Кел-ген кредиттер, акча саясаты Бишкек менен Ош шаар ларынын тегерегинен алыс чыкпай ка-луу да. Алыскы тоолуу айылдарда жумуш жоктугунунан миграция күчөдү. Элеттик дыйкандын айыл чарба азыктары сатылып алынбай, кайра иштетилбей жатат. Жумушсуз жаштар кетип жатат. Биздин максат — миграцияны токтотуу. Айрыкча кайра иштетүү өнөр жайына көңүл бурууну баштадык. Азыркы күндө сүт, тери, жүн жана жашылча-жемиштерди мамлекеттин колдоосу менен кайра иштетүү колго алынууда. Россия-Кыргыз фондусунун кредиттерин  айыл жергесине багыттап жатабыз. Айыл жерлерин кыдырганымда ишкерликти жогорулатууга идеясы, долбоору бар жигиттер банкка күрөө коё албай жатышат. Ошондуктан мамлекет түзгөн Кепилдик фондусунун каражаттары негизинен айыл жерлерине багытталууда. Азыркы күндө Кепилдик фондунун каражатынын 70 пайызы айыл жерине иштеп жатат. Мисалы, Нарын облусунун аймагында тери, эт, сүт жана жүн жетиштүү. Бирок, ушул кезге чейин кайра иштетүү ишканалары жок.

Өз аймагынын өнүгүүсүнө локомотив боло турган 20 шаарды таяныч точкалары катары тандап алдык. Учурда бул шаарлардын конкреттүү программалары иштелип жатат. 10 шаардын генералдык планы даярдалып жатат. Ал эми Кара-Балта, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Бишкектин программаларын шаардык кеңештери бекитип беришти. Кыргызстандын бардык айылдарынын генералдык пландары болууга тиийш. Дотациялык аймактарда ачылган жаңы өнөр жай ишканалары мүлк, киреше жана жер салыктарынан 5-10 жылга чейин бошотулууда. Жаңы ишканаларды үч жылга чейин текшерүүгө мораторий киргизүү чечими даярдалууда. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду аркылуу жеңилдетилген кредиттерди алууга жардам берилет. Мекендештерибизде өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор ресурсттар бар. Ири инвестициялык долбоорлорго каражат тартып келсек деген деген мекендештерибиз аз эмес. Ошондуктан мекенчил замандаштарыбызды бирдиктүү платформага бириктирүүчү аянтча керек. Мекендеш инвесторлор менен туруктуу иштей турган кеңеш түзсөк максатка ылайыктуу. Бул кеңешти Президентке караштуу кылып түзсөм деген оюм бар. Сиздерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөт. Урматтуу менин мекендештерим, сиздердин артыңыздарда калдайган эл, коргогон мамлекет, ишенимдүү тыл бар. Биз экономика-сы күчтүү, калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек.

Экс-президент Роза Отунбаева: “Мигранттар — азыркынын баатырлары”

-Биздин мекендештер жаңы рынок экономикасын үйрөнүштү. Жаңы коммуникациялык прогрессти, демократия принциптерин өздөштүрүп алышты. Марокко өзүнүн мигранттары иштеген өлкөлөргө радио жыштыгын тартып беришет экен. А биз болсок мигранттарыбыздын балдары эне тилин унутпоосу үчүн китептер менен камсыз кыла албай жатабыз. Болгону “Дем алыш мектебинде” окутуу менен чектелишет. Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бирин камсыздап жаткан мекендештерибизге жакшы жардам бере албай жатабыз. Бүгүнкү күндө мигранттар өз айылдарына көпүрө салып, мектепти, ФАПты оңдоп беришүүдө.

Биз инвестицияга муктажбыз. Инвестиция жаатында Өкмөттүн структуралары ушул күнгө чейин жакшы иштей албай келе жатышат. Жыл сайын Өкмөт алмашып, министрлер которулганы көп ишке кедергисин тийгизүүдө. Миграция кызматынын жетекчиси да жыл сайын өзгөрүп жатат. Биздин жаштар мектепти бүтөр замат чет мамлекетке кетип жа-тышат. Миграция кызматы чет мамлекеттер менен тыгыз кызматташып, жаштарды келишимдик негизде жумушка жиберсе жакшы болот эле. Азыркы күндө кулдукка сатылып кетип жаткан жарандарыбыз бар. Аларды өзүбүздүн эле жарандар сатып жатканы бизге маалым. Андан тышкары, биздин элчиликтердин баарында экономикалык тармак боюнча кеңешчи кызматкери бар. Булар мигранттар менен иштешпейт. Мисалы, Москва да бизнесин түптөп алган бай кыргыздар абдан көп. Булар “Кыргызстанга инвестиция салсак иштебейт, андан көрө Россияда эле өнүгө берели“,- деп кала беришүүдө. Урматтуу мекендештер, сиздерде мекенчилдик сезим барбы? Ошол инвестицияңарды эмне үчүн бул жакка тартып алып келбейсиңер? деп биз сурап жатабыз. Биз мекендештер менен АРИС тин иштөө ыкмасында иш алып барсак деген ойдомун. Мекендештер салган инвестицияга жергиликтүү органдар да, калк да өз салымын кошсо деп сунуш кылам.

Россиядан келген ишкер Кубанычбек Осмонбеков: “Долбоорлорго инвестиция салууга даярбыз”

— Мурда биздин мигранттар көчө шыпырып, пол жууп жүргөн болсо, азыр чоң компанияларда менеджер, супермаркеттерде соода консультанты болуп иштеп жатышкандары абдан арбын. Ал жакта чакан жана орто бизнести жогорулаткан жарандарыбыз көбөйдү.

Ресторандарды, кафелерди, дүкөндөрдү, са-лондорду ачып иштетишүүдө. Андан тышкары, Кыргызстандын товарларын ташып ба-рып жатышат. Жалпы мигранттар жылына 2,5 млрд. сомдон ашык каражат которушууда. Анын 95 пайызы Россиядагы мекендеш-терге туура келүүдө. амлекет бизге жакындан жардам берсе, баарыбыздын жашообуз-дун жакшы жагына өзгөрүлөрүн турмуш өзү көрсөттү. Көп жылдан бери Москвада ую-шулган кылмыштуу топтор кыргыз мигранттарынын канын соруп келишти. 2014-жылы Москвада ИИМдин расмий өкүлчүлүгү ачылып, ага Аскат Алиев деген полковник барган. Ошол полковниктин жигердүү күчү ме-нен жарым жылда кылмыштуу топтор дээрлик жок кылынды. Ошондой эле  Москвада Миграция кызматынын өкүлчүлүгү ачылып, алар жарым жылда жалпысынан 20 мил-лион рублдан ашык көлөмдөгү айлык маянасын алалбай жүргөн ондогон мигранттардын көйгөйлөрүн чечишти. Москвада кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясы деген уюму бар. Биздин уюм аркылуу Кыргызстандын продук цияларын сатып өткөрүү үчүн ишкерлерге жардам берсек дейбиз. Ал үчүн Москвада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт агенттигинин өкүлчүлүгүн ачып берүүңүздөрдү суранабыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн экспорттук потенциалын Россия билбей жатат. Ошол агенттиктин өкүлчүлүгү аркылуу туризмди өнүктүрүүгө, өнөр жай-га инвестиция салууга болмок. Анткени, биз азыр Кыргызстандын кайсы тармагына ин-вестиция салуу боюнча маалыматыбыз жок. Маселен, биз Россияда өзүбүздүн мекендештер үчүн абдан жакшы шартта көп кабаттуу турак-жайларды куруп берүүдөбүз. Өкмөттүн инвестициялык долбоорлору болсо биз өзүбүз эле инвестиция салбастан, россиялык биз-нес өнөктөштөрдү чакырып, алардын каражаттарын кыргыз экономикасына салууга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү. Мына, Караколдо “Каприз” лыжа базасы ачылгандан бери ал жактагы элдин турмушу жакшыра баштады. Ушул  сыяктуу эле көлдөгү Григорев жана Семёнов капчыгайларына лыжа базаларын курсак бул жердин эли кышкысын төрт ай бою акча таап турушмак.

Каныбек Акаев, новосибирск шаарынан келген ишкер: “Ишкерге тоскоолдуктар болбосо”

-Мен  миграцияда  16  жылдан  бери жүргөнүмө өкүнбөйм. Анткени, Кыргызстанымды ичинен да, сыртынан да таанып билдим. Биз өз тажрыйбабызды өлкө үчүн жумшай турган убакыт келди. Үч жыл мурда Ош облусуна завод кургам. Ошол заводду иштетип жүрүп көп кыйынчылыктарды көрдүм. Коррупциялык тоскоолдуктар болду. Айрым адамдар өзү да иштебейт же башка ишкердин иштөөсүнө да мүмкүнчүлүк бербей жатышканын көрдүм. Ноокен районунда бир ишкер “Россия-Кыргыз” фондусунан кредит алып, мал соючу комбинат курду. Анын жанына мал базарды кошо курган. Бирок, мы-на ушул жигитке көп тоскоолдуктар болууда. Мамлекет бизди ушундай тоскоолдуктардан коргосо деп суранам.

Айбек Сарыгулов, түркиядан келген ишкер: “Кийинки муунду ким ойлойт?”

-Түркияда иштеп жатканыма 26 жыл болду. Биздин муун тарыхый мекени тууралуу ойлойт, кам көрөт. Бирок, чет жерде төрөлгөн экинчи муун эне тилди, каада-салтты билбей калууда. Форумга чогулган сайын акча каражаты тууралуу көп айтып, билим жа-на акыл инвестициясын унутуп жаткандайбыз. 25 жылдан бери туш тарапка тарап кеттик. Четке кеткен мигранттардын 40 пайызы Кыргызстанга кыска мөөнөттө, 30 пайызы узак мөөнөттө кайтып келет. Калган 30 пайызы башка мамлекеттин жарандыгын алып, биротоло келбей калып жатышат. Ошондуктан, урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз “Мекен-карт” системасынын ишке ашырылуусуна жардам берүүңүздү өтүнөбүз. Бул система киргизилсе, айрыкча ал жакта узак мөөнөттүү иштеп калган мекендештерибизге байланышууга абдан ыңгайлуу болуп, төбөбүз көккө жетип калат эле.