Жогорку соттун төрайымы Айнаш ТОКБАЕВА: «Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


7-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат Узакбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыев, Евро биримдиктин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун эксперти Кристоф Копецки жана “Өнүгүү укугу” боюнча эл аралык уюмдун директорунун кеңешчиси Нурлан Дүйшеевдин катышуусунда сот системасына электрондук сот өндүрүшүн киргизүү боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алышып, резонанстык соттук иштерге байланышкан суроолорду узатышты.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш ТОКБАЕВА: – Электрондук сот өндүрүшүн сот системасына киргизүү сот тармагын реформалоодогу багыттардын бири болуп эсептелинет. Эл аралык донорлордун жардамы менен учурда бул багытта бир топ иштер аткарылды. Азыркы күндө долбоор боюнча үч пилоттук сотто, Аламүдүн, Свердлов райондук сотунда, ошондой эле Бишкек шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүшүнүн баштапкы версиясы киргизилди. Тактап айтканда, сотко келип түшкөн бардык материалдар атайын сканерден өткөрүлүп, электрондук иш түзүлөт. Сот отуруму учурунда жагдай боюнча кошумча материалдар келип түшсө, ал да электрондук форматка өтүп, соттук акт кабыл алынып, аткарылганга чейин иш электрондук негизде жүргүзүлөт.

Электрондук сот өндүрүшү, биринчиден, иштин жүзөгө ашуусун жогорулатат жана мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга  бөгөт  коюлуп,  сот  системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Мындан тышкары Жогорку сотко заманбап технологияны колдонууну киргиздик. Ал технология бизге түшкөн иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрөт, тактап айтканда, бизге келип түшкөн ар бир ишти автомат судьяларга бөлүштүрөт. Буга чейин бул функцияны төраганын жардамчылары аткарып, кол менен жазып, соттук курамды аныктап, бөлүштүрүшчү. Ал эми карала турган иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү сотторго бол-гон жүктөмдү жөнгө салат жана судьяларга тегиз бөлүнүп, натыйжада субъективдүүлүк чектелет. Тиги же бул судьяга берилсин деген тандоо болбойт. Муну менен иштерди объективдүү кароого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул система Жогорку сотко киргизилип, учурда толук кандуу иштеп, долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Сот өндүрүшүнүн ачык-айкын болуусун көздөп, сот залдарында аудио-видео системасы орнотулду. Бул да жүрүп жаткан сот отурумдарын ачык-айкын маалымдап турат. Учурда Бишкек шаардык сотунда үч залда аудио-видео жазуу жүргүзүү үчүн жабдыктар коюлду. Ошондой эле сот өндүрүшүнө он-лайн режимде катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Ишке  катышкан  тараптар өзүлөрүнүн шифрлери менен ошол сот өндүрүшүн көрүүгө жана аудио-видеодо жазылган материалды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары соттук  иштердин  ачык-айкындуулугун  камсыздоо максатында sot.kg жана акт.kg деген  сайттар ишке киргизилген. Сайтка  соттук  иштер, аларды кароо мөөнөтү жөнүндө  маалыматтар жана кабыл алынган соттук актылар чыгып турат. Учурда бул сайттарда жалпысынан 97 000ден ашуун актылар  жайгашкан. Кабыл алынган соттук актылар менен юрист-тер,  адвокаттар,  ишке катышкан тараптар тааныша алышат жана келечектеги юрист студенттер  тажрыйба  алса  болот. Сот  системасында  мындай тажрыйбаны колдонуу судьялардын соттук актыларды кароодогу жоопкерчилигин жогорулатып, иштин сапаттуулугуна өбөлгө болот.

Жогорку сотко онлайн видео байланышты киргизген элек. Натыйжада онлайн режимде бардык аймактардагы облустар менен байланышып, сот өндүрүшүндө келип чыккан айрым маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биз сот системасын өнүктүрүүдө бул багытта жүргүзүлгөн иштер менен эле чектелбестен, башка дагы иштерди план-даштыруудабыз. Эгер, каржы маселеси чечилип калса, анда ал иштер да жүзөгө ашат деп ишенем.

Кыргыз  Туусу”  гезити:  – Айнаш Абдымановна,  аймактардагы жергиликтүү соттордун чыгарган ар бир чечимдери да sot.kg сайтына чыгып  турабы,  анткени интернет байланышы болбогон аймактар да бар эмеспи.

Айнаш  ТОКБАЕВА: – Ооба, бардык аймактар боюнча судьялардын чыгарган чечимдери сот.kg сайтына чыгып туруш керек. Негизинен ар бир судьянын кабыл алынган соттук ак-тылары  интернет  байланышы болгон аймактарда сайтка милдеттүү түрдө жайгаштырылып жатат. Эгер, бардык мүмкүнчүлүк болуп туруп, судья кабыл алган соттук актыны жайгаштырбай койсо, анда ал жагдай боюнча чара көрүлөт. Ал соттук акты архивге кеткенче ачык-айкын электрондук маалымат системасында туруктуу турат. Аны эч ким алып сала албайт. Бирок азыр бир аз кыйынчылыктар бар. Кабыл алынган актыларды кайрадан жазып, ар бир кызматкердин убактысы кетип жатат, биз айтып жаткан система толук ишке киргизилсе, анда актыны жайгаштырууга убакыт коробостон, бир кнопканы басуу менен эле автоматтык түрдө программа аркылуу сайтка чыгып калат.

– Бир судья бир айда канча ишти карайт?

– Судьялардын бир айда караган жүктөмү боюнча ар бир судьянын ишти кароосу ар кандай. Алыскы райондордо соттук иштер көп болбогондугуна байланыштуу, жергиликтүү судьялардын  жүктөмү  азыраак.  Мисалы Аламүдүн районунда судьялардын иш кароо жүктөмү жогору. 2009-жылы Өкмөт тарабынан бекитилген норматив бар. Ал нормативге ылайык, бир айда бир судьянын ишти кароосу 20дан ашпоо керек. 2009-жылдан бери судьялардын ишти кароо жүктөмү бул көрсөткүчтөн беш-алты эсеге жогорулап, 800гө чейин жеткен. Ал эми азыркы учурда судьялар бир айда 60-65ке чейин соттук ишти карашат. Соттук иштердин көптүгү судьяларга кыйынчылык жаратат. Биз деле адамбыз. Себеби судья сотко түшкөн ишти ар бир норма боюнча, талаптары туура келеби же туура келбейби тактап, бардык мыйзамды карап чыгыш керек болот.

«Азаттык” үналгысы:– Шаардык сот болобу, райондук сот болобу коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолор бар. Айрыкча резонанстык иштер боюнча соттук чечимдер эмнегедир ал сайттардан чыкпайт. Резонанстык иштер боюнча соттук чечимдерди сайтка чыгарууда судьяларды милдеттендирүүгө болобу?

Айнаш ТОКБАЕВА:– Кандайдыр бир сыр камтылган, жабык соттук процесстерден сырткары бардык эле соттук чечимдер сайтка коюлат. Ай сайын мониторинг жүргүзүп турабыз. Беш ай ичинде республика боюнча кабыл алынган соттук актылардын 75 пайызы жайгаштырылган. Ал эми сайтка чечимдерди чыгарбаган 13 судьяга тартип комиссиясына чара көрүү боюнча сунуш киргиздим. Андыктан ар бир судья милдеттүү түрдө сайтка жайгаштырып турушу керек. Бул маселе боюнча судьяларды милдеттендирген механизмдер бар. Эгер талаптарды аткарбаса жоопко тартылат. Соттук актылар каттоого алынып, өзгөрүүсүз киргизилет. Жарандардын соттук актылар тууралуу маалымат алуусу мыйзамда каралган.

Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат УЗАКБАЕВ: «АИС судьялардын убактысын үнөмдөп, ишинин натыйжалуулугун арттырууда»

– Бизде (АИС) автоматташтырылган маалымат системасы бар. Бул системанын бирден бир артыкчылыгы судьялар АИСке сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө болгон бардык соттук актыларды киргизет. Ал соттук актылар тууралуу маалыматтар катталып, соттук архивге түшөт. Биздин район боюнча 2017-жылдан тартып каралган бардык иштер sot.kg сайтына жайгаштырылды. Андан автоматтык түрдө архивге түшөт. Жалпысынан 10 000ге чукул иштер катталып, АИСке киргизилди.

Электрондук сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун соттук иш жүрүп баштагандан тартып, чечим чыкканга чейин иштин жүрүшү боюнча ачык-айкындуулукту камсыздап sot.kg сайтына жайгаштырылгандыгынан баамдоого болот. АИС аркылуу сот ишти кабыл алгандан тартып, аны канцелярияга өткөргөнгө чейин соттук өндүрүштүн жүрүшүн ачык түрдө көрүүгө болот. Бул системанын дагы бир жакшы жагы соттук иштин мыйзамда каралган мөөнөттө аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөөгө болот. Андан сырткары электрондук сот өндүрүшүндө соттук иштерди судьяларга бөлүштүрүүдө автомат бөлүштүрөт. Ишти кароодо судьялар тандалып алынбайт. Ал эми иштерди туура, судьялардын адистигине жараша бөлүнүшү өзүнчө чоң маселе. Иштердин сапаттуулугу айрым учурларда буга да көз каранды. Ага байланыштуу иштердин татаалдыгы боюнча критерийлерди, чет өлкөнүн иш тажрыйбасын карап, ошон-дой эле Жогорку соттун иш тажрыйбасын колдонуу менен иш алып баруудабыз. Соттордун ишинин натыйжалуулугуна сот аппаратынын ишинин таасири чоң. Мисалы кагаз жүзүндө жасалып жаткан иштер көп убакытты талап кылса, заманбап электрондук система аркылуу иш жүргүзүүдө убактыны үнөмдөөгө болот.

Отчет түзүү маселеси бул соттордун ишинин натыйжалуулугун, келечегин аныктоочу мамлекеттик деңгээлдеги бирден бир негизги документ болуп эсептелинет. Аны түзүүдө аппарат мүчөлөрү көп убакытты коротот. Ал эми электрондук системаны колдонуу менен тесттик режимде бир эле кнопканы басып чыгарып алып жатабыз. Ошондой эле мурда каттоону кол менен толтуруп келгенбиз. Бүгүнкү күндө ал да автоматтык түрдө жеңил болуп калды. Демек, бул система аппараттын убактысын жана иши-нин натыйжалуулугун арттырууда абдан чоң өбөлгө болуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *