Филармонияда жардыргыч зат табылган жок – Бишкек ШИИБ

Филармониянын имаратынын жанындагы курчоо алынды, анда жардыргыч зат табылган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен 7:37де 102 номерине Улуттук филармониянын имаратында шектүү куту табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Филармониянын айланасын адамдардын коопсуздугу үчүн курчоого алышкан. Жеринде УКМК саперлорунун бригадасы жана ыкчам-тергөө тобу иштеди.

“Учурда курчоо алынды. Бул шектүү кутуда жардыргыч зат жок экендигин билдирет”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Филармонияда жардыргыч зат табылган жок – Бишкек ШИИБ: 1 комментарий

Комментарии запрещены.