Чаткалда алтын өндүрүлө баштайт

Чаткал районунда 4 алтын өндүрүүчү ишкана куруу пландалууда. Долбоорлордун бирөөсүнүн баасы 100 миллион доллар турат.

Октябрь айында “Кичи Чаарат” алтын өндүрүүчү фабрикасынын колдонууга берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле “Заав Чаарат” жана “Глобал Жамгыр Майнинг” фабрикаларынын курулушу башталган. Райондун акими Канжарбек Эшалиев “Кичи Чаарат” компаниясы учурда 150 жергиликтүү тургунду окутуп жатканын кошумчалады. Андан соң алар ушул эле компанияга жумушка алынат. Башка эки фабриканын курулушу бүткөндө 600 адам жумушчу оруну менен камсыз болот.

2019-жылы “Эти Бакыр” түрк компаниясынын ири алтын өндүрүүчү фабриканы куруу пландалууда. Ишка-нанын долбоорлук баасы 100 милли-он долларга бааланууда. Акциянын 25 пайызы “Кыргызалтын” ачык акцио-нердик коомуна таандык болот.

“Эти Бакырдын” башкы директору Махир Тезжан журналисттерге компания ай сайын 360 кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө айлык акы төлөй турганын, бюджетке 2 миллион сомго жакын салык төлөөрүн билдирди.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев түрк инвесторлору районго көп суммадагы акча каражаттарын алып келип жатышканын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *