Диана АШЫРБЕКОВА, улуттук ат оюндарынын оюнчусу, студент: «Эр сайышта атаандашымды жыгып, маашырлана калпакты чечип, чачымды жайганда көрүүчүлөр суктанып калат»

Эр азаматтар менен сайышка түшүп, элди таң калтырган он огуз жаштагы Диана Ашырбекова үч жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет. Тактап айтсак, “Кыз куумай”, эр сайыш өңдүү улуттук спорт оюндары менен машыгып, мелдештерге катышып, ат үстүндө ар кандай трюктарды жасайт. Диана учурда Дүйнөлүк Көчмөндөрдүн III оюнуна кызуу даярдык көрүп жатат.

 

Өзүмдүн кичи мекеним – Ат-Башы. Бирок орто мек-тепти  Бишкектен  окудум.  Азыр апам  жана  байкем,  иним  болуп борбордо турабыз. Апам үчөөбүздү жалгыз тарбиялап, өстүрүп келет. Кыргыз улуттук агрардык университетинин бухгалтерия бөлүмүнүн 2-курсунда окуйм.

***

Спорт  менен   кичинекей курагымдан эле досмун. Машыктыруучумдун  жардамы менен үч жыл тынбай машыгып, спорттун  көп   кыныгын  алдым. Бирок мелдештерге катыша элек-мин.  Буюрса,  баары  алдыда  деп ойлойм.

***

Спорттон  сырткары   окуу жайдын коомдук иштерине катышам. 2016-жылы «Мисс-Бишкек»  конкурсунда  алдыңкы он сулуунун катарына кирип, сынакты уюштургандар тарабынан “Компаниянын көркү” наамын алдым. Албетте, оңой эч нерсе жок. Сулуулук сынагы да спорт сыяктуу канчалаган машакатты, убараны талап кылат. Уктабаган, санаа  тарткан,  кыйналган  күндөр көп.

***

Ошентип жүрүп эле капилет ат оюндарына ооп кеттим. Үч жыл мурда Көлдө каскадер-лор менен тасма тартуу иши болгон. Ошондо атка мингенди жактырып калдым. Бир жыл бою «Аккула» ат  майданына  барып  жүрүп  ар түрдүү  аттарды  миндим.  Мындайча айтканда, жылкы баласына болгон сүйүүм ат оюндарына алып келди.

***

Командам мага Карагер деген атты бөлүп берди. Мал  болсо  да  ага  абдан  аяр мамиле  жасайм,  жан  дүйнөсүн түшүнөм. Карагер мага Суусамырдан ачылды окшойт. Адатта машыгуудан кийин аттарды эс алдыруу үчүн минип алып бастырат, мен жерге түшүп алып бастыргам. Андан кийин бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Бассак-турсак издешип калдык.

Азыр кыз куумай, эр сайыш бо-юнча көргөзмө оюндарга катышып, ат үстүндө ар кандай трюктарды жасайбыз. Sky Nomad клубунда, машыктыруучу Улан Жумакматовдун колунда машыгам.

Дүйнөлүк  Көчмөндөр  оюндарынын катчылыгы менен иштеп,  көргөзмө  оюндарды  тартуулоо  үчүн  чет  жакка  көп  чыгабыз.  Айтор,  ишим  өзүмө жагат.

***

Баарынан эр сайышты жакшы  көрөм.  «Кожожаш» киносунда  Сонун  эр  сайыштан атаандашын  кулатып,  күйөөсү Биялыны куткарып алат эмеспи. Биздики дал ошондой оюн. Мен эр сайышта калпакты баса кийип, эки көзүмдун тушун гана жыртып алам. Атаандашымды жыккандан кийин маашырлана калпакты че-чип, чачымды жайганда көрүүчүлөр суктанып калат. Ушул учурду абдан күтөм.

***

Ат үстүндө трюктарды жасап, өзгөчө жерге салаңдап, сүйрөлүп баратканыбыздан кээде чочулашат. Сырттан караган кишиге кооптуу сезилет. Мага болсо жагат. Адреналин болуп калган, тескерисинче, ырахат алам. Машыгуу учурунда канча трюк жасаба, күчү сезилбейт, эл алдында чыкканда ачылабыз.

***

Анда жаракат алган учурлардан Кудай сактасын, олуттуусу жок. Эң негизгиси, жаман ойлорду ойлобош керек. Кудай буюрса, улуттук оюндарды өздөштүрүп бүтүп, акыркы кезде каскадерлукка басым жасап жатам десем болот. Ат үстүндө көп трюктар бар, мен анын 5-6сын гана билем. Буюрса аракет кылып, кыялдарымды ишке ашырам. Буга чейин чакан клип, кинолорго тартылгам.

***

Айрыкча чет элдиктер таң калышат.  Кызыгышат. Түркиядагы этно-фестивалдарга көп барабыз. Кыз куумай менен эр сайышты атайын иш-чаранын акырында тартуулайбыз. Оюндан кийин элдин кучагына бөлөнүп, сүрөткө түшүп кол бошобой эле калат. Андай учурда жанымдагы байкелерим «жүрү» деп алып кетишет. Кээде кыйналып, ооруп калам.

***

Ат оюндары менен мелдешке катышканымда акымды төлөп беришет. Каражат табаарым менен өзүмө улуттук калориттеги кийимдерди алам. Дизайнын өзүм ойлоп табам, тикмечилерге даярдап берем. Кышка жуук акча тартыш болуп калат эмеспи, кафелерде иштей коем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *