Бишкекте көп кабаттуу үйдүн короосунда жарылуу болду

10-августта Бишкек шаарындагы Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жардыруу болуп, эки адам жабыркады.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жардыруу жеке ишкерге кол салуу аракети болушу мүмкүн. Кол салуу болду делген орусиялык ишкердин кеңсесине жакын жерде анын унаасы токтотулган. Жарылуучу зат унаасынын жанындагы бадалга коюлушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Кaktus.media сайты аталган ишкер орусиялык Александр Гайдуков экенин милицияга шилтеме жасап жазган.

Александр Гайдуковго 2016-жылы да  кол салуу болгондугу маалымат каражаттарында жазылган.