Курман айт 21-августта белгиленет

Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушмакчы.

Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *