Чыңгыз Айтматов –көркөм сүрөт дүйнөсүндө

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата эл аралык сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. КР Өкмөтүнүн Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Сүрөтчүлөр союзунун Талас облустук башкармалыгы, Талас шаардык көркөм сүрөт музейи, «Бакубат Талас» фондусу, Талас облустук «Талас турмушу» гезитинин редакциясы көркөм сүрөт көргөзмөсүн уюштуруунун сүрөөнчүлөрүнөн болушту.

Көргөзмөгө живопись, графика, скульптура жана прикладдык искусство боюнча эмгектер коюлду. Көргөзмөнүн ачылышына КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев баштаган  мамлекеттик  жооптуу кызматкерлер, учурда улуу жазуучунун чыгармачылык өмүр жолу туурасындагы картиналарды жа-ратуу үчүн анын кичи мекенинде иштеп жатышкан, Ж.Казакбаев жетектеген сүрөтчүлөрдүн тобу, анын ичинде Казакстан Республикасы-нын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын маданият тармагынын мыкты кызматкери Шимбаев Нурлан, Казакстан Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Шаржанов Араншы, Палымбетов Еркали, Касымбек Мелдехан Уэлихан уулу, ж.б. коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны  Талас  шаардык көркөм сүрөт музейинин директору Жаныбек Рай ачып, көргөзмөгө коюлган көркөм полотнолор, портрет-тер, скульптуралар жана алардын авторлору туурасында кеп салды. Жаныбек Рай өзүнүн жеке чыгармачылык ишине жана Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин ишине көрсөтүп келаткан сүрөөнчүлүк иш-аракеттери үчүн Марат Мураталиевге КР сүрөтчүлөр союзунун облустук башкармалыгынын « Ыраазылык катын»,ошондой эле ЮНЕСКОнун Баку шаарында өткөрүлгөн кон-ференциясында көргөзмөгө коюл-ган үч эмгегинин бири болуп саналган «Көкөтөйдүн ашы» көркөм полотносунун холстка чыгарылган көчүрмөсүн тапшырды.

Облустун  жетекчиси  куттук сөзүндө адамдын жан дүйнөсүн жаркытып, маданиятты өстүрүүдө искусствонун баа жеткис орду туурасында айтып, бул милдетти орундоодо Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде изденген, чыгармачыл иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Көркөм сүрөт музейи үчүн облустун борборунда атайын имарат салуунун зарылдыгына токтолду. Музейдин  ишин  жандандырып, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурууда жана өткөрүүдө талыкпай аракеттенип келаткан атактуу сүрөтчү Жаныбек Райга жана бул иште ага дамамат жакындан жардам берген сүрөөнчүсү, досу мага рахматын айтты.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүнтбек Төрөбеков дүйнөлүк адабиятта кыргыз рухунун шамын оболотуп жандырган улуу гуманист сүрөткерге арналган көргөзмөнүн ишине  ийгилик  каалады,  аны өткөрүүдө облустун жетекчили-гинин жана Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин администрациясынын иш-аракеттерине ыраазылыгын билдирди. Бүгүнкү сүрөт көргөзмөгө коюлган «Чыңгыз Айтматовго арналат» аттуу үч картинасын Шекер айылында улуу жазуучунун урматына уюштурулуп, түзүлүп жаткан «Чыңгыз Ордо» комплексине тартуулады.

Облустук эмгектин, согуштун ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр  Мамбеталиев  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз рухун дүйнөлөштүрүүдөгү чыгармачылык жолу, улуу инсандык касиеттери  жана  анын  чыгармачылык өмүр жолу бүгүнкү көркөм сүрөт көргөзмөсүндө таланттуу кыл калем чеберлери тарабынан ар тараптуу жана терең ачылганын белгиледи.

Көргөзмөдөгү  эмгектер  көрүүчүлөргө бөтөнчө таасир калтырды.  Төрдө  С.Төрөбековдун жогоруда кеп кылган «Чыңгыз Айтматовго арналат» аттуу үч картинасы (триптих): ортодо улуу жазуучунун жүрөгүнүн тереңинде улуу ойлорду калчаган кеңири пландагы сүрөтү, бир четинде окуучула-рын жетелеген Дүйшөн, экинчи четинде бала…

К.Орозматовдун «Кара-Нар», «Гүлсары», «Маймак станциясы», «Кыямат» картиналары көрүүчүнү көңүлкош калтырбайт. Ал эми Жаныбек Райдын «Чындык деген эмне?» картинасы оригиналдуулугу менен айырмаланат. Реализм менен сюрреализмдин куюлушуп, айкалышуусунан  турган,  терең философиялык маанилүү картинанын алдыңкы планында калемсап кармап кат жазган калыбындагы Чыңгыз Айтматов турат. Сүрөтчү улуу жазуучунун ойчул дидарын ке-мелине келтире тарткан. Жогорку планда – Иисус Христостун келиши… Картинадагы Иисус Христостун турпаты көрүүчүнүн көзүнө көндүм портреттерден айырмаланып, кандайдыр бир өзгөчөлүү… Бериде алмустактан бери карай «жети кабат жер үстүндө, жети кабат жер астында» ак –карасы аралашып, тынымсыз чимирик атып өтүп жаткан дүйнө-өмүрдүн элеси символдук тейде берилген.

Кийинки картина – «Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов» деп аталат. Портреттин автору – С.Осмоналиев. М.Моңолдоровдун «Толгонай», Ж.Танишевдин «Ак кеме» картиналары, Ш.Анарбековдун «Тоолор кулаганда», «Жетөө жа-на сегизинчи» , Шаршакеевдин «Криск», Өмүркул уулу Базаркулдун «Дөнөнбайдын кушу» картиналары мыкты иштелген.

«Чыңгыздын чыгармаларында-гы каармандар» картинасында кол кармашып татаал турмуш жолуна бирге аттанышкан Данияр менен Жамиланын элеси көзгө тартылат. Картина кадимки эле кийиздин бетине жүн менен түшүрүлгөн. Автору А. Кангелдиева. Скульптор Б.Арыковдун жазуучуга жана анын чыгармаларына арналган бир катар эмгектери коюлган.

С.Осмоналиевдин  «Молдон ата»  портрети,  Ж.Казакбаевдин «Шумкар уя кечи», С.Төрөбековдун «Сары Үңкүр», Ш.Анарбековдун Улуу Ата Мекендик согуш темасындагы «Кыргызстандык жоокерлерге арналат», Ж.Казакбаевдин «Манас чоку» картиналарында Ата-Журттун тарыхый жерлери жана анын тарыхый адамдары чагылды-рылып, көргөзмөнү байытып турат.

– Чыңгыз Айтматовдун адабий сүрөткерлиги Таластагы Шекер айы лынан башат алып, космостогу «Токой-Төш» «планетасына» чейин чабыттап,  жалпы   планетардык масштабдагы курч маселелерди камтып жана анын баарында ири алдыда улуу гуманисттик ойлорду жайылткандыгы менен кайталангыс жана өзгөчө болуп саналат. Баалуу эмгектери көргөзмөгө коюлган сүрөтчүлөрдүн картиналарында улуу ойчул жазуучунун адабий чыгармачылыгынын ар кыл темала-ры чагылдырылган. Көргөзмөнүн урааны «Манас – кыргыз рухунун туу чокусу» деп символдуу аталган. Туура. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы «кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган» Айкөл Манастын гумандуулугунун бүгүнкү доордогу уландысы болуп жатпайбы!

СССРдин эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Баатыры Тургунбай Садыковдун «Искусство – бул элдин мүлкү. Турмуш, саясат, экономика өзгөрөт, бирок искусство түбөлүк калат», – деп айткан кебин окугам. Талас шаардык көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөгө коюлган эмгектерде мына ошондой адамдын рухун өстүргөн, жан дүйнөсүн байыткан элдик мүлк болуп кала турган картиналар арбын.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *