Ыр десте

“Менин  туулган  күнүм  кайсы  күн?” – деп  кезинде  атам  Совет  УРМАМБЕТОВ  (1934-1990)  сураса,  чоң  апам: “Ала  жазда  туулгансың!” – деп  коёт.  Акын  кантмек  андайда,  календарды  алат  да,  көзүн  жумуп  туруп  сөөмөйү  менен бир саят.  Ошентип  туулган  күнү  12-март  болуп  калган.

Өмүрүндө   эч  кандай  сыйлык-наамы  жок  эле  өттү.  Эми  мына,  Кыргыз  Эл  акыны  деген  ардактуу  наамды  араң  экөөлөп  атып алгандай  болдук.  Андыктан  Эл  акыны  катары  жазган  эң  алгачкы  ырымды  Совет  атама,  бир  чети  устатыма  багыштадым.

 

Кыялбек  КЫРГЫЗ

 

СОВЕТ  АТАМ 

 

Совет  атам  өлгөндө

Совет  өкмөт  кошо  өлгөн.

Эки  бирдей  жоготуу

Эч  болбойт  деп  көшөргөм…

 

Карбаластап  далайлар шагы  сынды,

Калдым  мен  да  табалбай  багытымды.

Айрымдардын  көрүнүп  анык  жүзү,

Агытылды  напсилер,  агытылды.

 

Үлпүлдөгү  учкандай  каакымдардан,

Үрөй  учуп,  бийликке  ачынган  жан.

Жумуш  издеп  чет  элге  безет  жаштар,

Жулмаланып  жалпы  журт  жакырланган.

 

Канча  курдай  Ала-Тоо  жалбырттады,

Кан  чыкса  да  элимден,  жан  чыкпады.

Кара  башын  калкынан  өйдө  койгон

Кайда  барат  мансаптын  маңкурттары?

 

Шайлангыча  өздөрүн  “элдик”  дешет,

“Шат  заманды  курганга  келдик”  дешет.

Жемге  айлантып  четинен  эл  байлыгын,

Жең  ичинен  кол  коюп  менчиктешет.

 

“Эркиндикте  өлкөнү  түптөйлү”  деп

Эл  мойнуна  баардыгын  жүктөй  берет.

Акындардын  дабышы  солгун  тартып,

Алкымдардын  жарышы  бүтпөй  келет.

 

Жанталашкан  жандардын  жарышы  чын,

Жаңы  салык  жалпыга  салыш  үчүн.

Жашап,  иштеп  жаткандай  бүт  калайык

“Жакшыларды”  жакшылап  багыш  үчүн.

 

Баштагыдай  Күн  чыгып,  Күн  батканы,

Баштагыдай  тоолор  да  үн  катпады.

Бийлик  жаңы,  эл  болсо  эски  бойдон,

Бир  өмүрдөн  башкасы  кымбаттады.

 

Кедейсе  да  кыргыз  тил  өлгөн  тилдей,

Келем,  ата,  өзүңө  сөз  келтирбей.

Балким  эрте  кеткениң  жакшы  болду,

Башаламан  заманды  көрбөй,  билбей!

 

Мафияны  көтөргөн

Мансапка  жол  төшөлгөн.

Совет  атам  өлгөндө

Совет  доору  кошо  өлгөн…