МАИ кызматкерин коюп кеткен айдоочу камакка алынды

Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-августта шаардагы көчөлөрдүн биринен өз милдетин аткарып жаткан кызматкерди белгисиз айдоочу коюп кеткен. Жабыркаган инспектор ооруканага кайрылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси менен иш козголгон. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, эки айга камакка алынды.