«Улуу талаанын кайрыктары»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


7-августта Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Казакстандын таланттуу сүрөтчүсү Жакып Куттыбектин «Улуу талаанын мелодиясы» аттуу көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына арналган.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары казак окурмандарына жакшы таанымал. Жазуучунун чыгармаларындагы бир катар сюжеттер казак талаасындагы окуяларды камтыйт. Сүрөтчү улуу жазуучуга казак элинин урматын көргөзмө аркылуу билдирип отурат. Ал эми Куттыбек Тыныбек уулунун чыгармаларынын басым-дуу  көпчүлүгүндө  көчмөн  калктардын бир бутагы болгон казак элинин кечээки  тарыхы  менен  бүгүнкүсү  айкалыштырып бейнеленген. Сүрөтчүнүн чыгармаларында көчмөндөрдүн образдарына кеңири орун берилген, мындай руханий дүйнө көчмөндөр оюндарынын графика-лык көрүнүшү десек да болчудай.

Жакып Куттыбек 1986-жылы Москвада өткөн «СССР калктарынын колдонмолуу өнөрү» аттуу Бүткүл союздук көргөзмөгө катышып, анын «Көкпар» («Көкбөрү») жана «Жекме-жек» деген чыгармаларына өнөр изилдөөчү, академик А.Макаров жогору баа берип, 26 жаштагы сүрөтчү СССР Сүрөтчүлөр союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Жакып Куттыбек гобелен – түктүү токума жанрында эмгектенген чеберлердинбири, Казакстан Республикасынын маданиятынын ишмери. Сүрөтчүнүн колго токулган керемет чыгармаларын (атактуу Пикассо бул жакта калат) өз көзү менен көрөм дегендерге мүмкүнчүлүк бар. Экспонаттар көргөзмөгө 2-сентябрга чейин коюлган. Көргөзмөнү уюштурууга Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөттү.