Жаш актер, ырчы, тамада Нурланбек БАКТЫБЕКОВ: «Буюрса, ишке орноштум, айлыгым үч миң сом экен…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Театралдык окуу жайда окуп жүрүп, “Эл ырчысы” сынагына катышканыңдын жөнүн  айтып  берчи?  Деги эле,  эмнеге  ырчылык  окуу жайларга барбай, театрга келип калгансың?

–  Мени  театрда  дагы  эжей-агайларым: “Нурлан, мындай үн менен сен ырчы болушуң керек, операга бар, вокалга бар”, – деп кеңеш берип жүрүштү. Бирок менде “ырчы болом” деген такыр ой жок болчу, чынымды айтсам, “актер болом” деп деле ойлочу эмесмин. Бала кезимден алып баруучу, тамада болууну максат кылчумун. Ушул максатымдын артынан кубалап чыккан жолум театралдык окуу жайга алып келди. Бул жердеги мыкты мугалимдердин – профессионал актерлор менен актриса эжей-агайларымдын таасири, ыйык сахна, кыргыз искусствосунун залкарлары иштеп кеткен, иштеп жаткан жер мени өзүнө баш отум менен тартып алды. Ал эми сынакка катышуум да капысынан болду. Курсташтарымдан угуп эле, сынактын сегизинчи сезонуна катышып калдым. Бирок бул сынак мен үчүн жемиштүү, кубанычтуу болду. Анткени, муну менен мен өзүмдүн ырчы-аткаруучу катары дараметимди сынап, баш байге менен кошо элүү миң сом акчалай сыйлыкка да ээ болдум.

–  Канча  ырчы  катыштыңар?

– Жыйырма сегиз ырчы катышканбыз.

–  Ошондон  кийин  ырчы эле болгон жакшы окшойт десең керек?

– Ырчылык, тамадалык – менин кошумча канатым катары мындан аркы чыгармачылык сапарымда дайыма коштоп жүрөт го деп ойлойм. Буюрса, “Эл ырчысы” сынагынын ар бир он сезонуна катышып, баш байгени алган ырчылар эми ушул жылдын күз айында болуш керек, кайрадан финалга ат салышабыз. Азыркы учурда ушул иш-чарага даярданып жатам.

– Баш байгеге эмне сыйлык бар экен?

– Авто унаа ойнотулат.

– Өтө белгилүү ырчылар да барбы?

– Жок, сынак жаңыдан чыга турган, чыга албай жүргөн таланттуу жаштар арасында болуп жатат.

– Демек, театралдык окуу жайды бүткөндөн кийинки алгачкы  эмгек  жолуң,  чыгармачылыгың баары бир эле ырчылык менен башталган окшойт?

– Жок, Кудай буюрса, А.Өмүра-лиев атындагы жаштар театрына актер катары ишке орноштум. 1-ав-густтан баштап иштей баштайм.

– Айлыгың канча сом экен?

– Үч миң сом, буюрса.

–  Үч  миң  сом  сени  канааттандырабы?   Негизи эле жаштар көбүрөөк айлык алгысы келет, көбүрөөк акча тапкысы келет. Келечекте үй-бүлө күтөсүң дегендей.

– Чындыгында, үч миң сом аз. Бирок ошого карабай иштегим келет. Анткени, сахнаны сүйөм. Карап көрсөк, бизден улуу муундар – канчалаган залкар эжей-агайлар деле ошол аз акча менен иштеп, жашап келишкен да. Азыр деле иштеп жатышпайбы. Биз деле ошентип иштей беребиз деп ойлойм. “Искусство – курмандыкты талап кылат”, баарыбыз эле байыгыбыз келип, акча кубалап кетсек, маданиятыбызды жоготуп албайбызбы.

– Театрга эмне үчүн мын-чалык байландың? Балким, белгилүү, атактуу адам болгуң келер?

– Атактуулук жөнүндө деле оюмда жок. Бирок ишиңди сүйсөң, чыгармачылыкта  жандилиңди төшөп  иштесең,  менимче,  атак-даңк өзү эле келет болуш керек. Эгерде оңой атак-даңкты каалаган болсом, анда мен, балким ырчы-лыкты тандамакмын. Мен тек гана жан дүйнөмдүн каалоосун аткаргым келет, образ жараткым, сахнада жашагым келет. Өлкөнүн жүзү – театр менен спорт дейт го. Мен да өз дүйнөм, өз дараметим менен өлкөмдүн маданиятын көтөрүүгө салым кошкум келет.

– Театрында кимдерден сабак алгансың?

– Замир Сооронбаев агайымдан  сабак  алдым,  Марат  Козукеев  агайыбыз  окуткан,  Эркин Эгембердиев, Замира Акылаева, Калича Сейдалиева, Албина Имаше-ва, ж.б. устаттардан билим алдым.

–  Бар  бол,  Нурланбек, ишиңе  ийгиликтерди  каалайбыз. Келечектин залкары бол.