14-августка карата аба ырайы

14-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градуска чейин ысык болот.