Пятница, 19 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Үркүн тууралуу эскерүү

Быйыл Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Бул бүгүнкү көз карандысыз Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө шарт түзгөн. Ошонун алдында – 1916-жылы болуп өткөн кандуу Үркүн окуясы элибиздин жүрөгүнөн кетпей турган кара так. Бул каргаша расмий эсептөөлөр боюнча, кеминде 120 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Ошол азап тарткан эл арасында даңазалуу хирург Иса Ахунбаев да болгон. Совет бийлиги орнобогондо элибиз тукум курут болуп кетиши да ыктымал болчу.

Мына ушул датага карата кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, академик Иса Ахунбаевдин мурда жарыяланган эскерүүсүнөн үзүндү берип жатабыз.

Күздүн күнү эле. Тору-Айгырда турган Александр Самсонов дегендин уй, жылкысын багып, Кызыл-Булак менен Талды-Булактын ортосундагы жайлоодо элек. «Караколдо уруш чыгыптыр» деген кабар жел менен бирге эл арасына зуу этип тарап кетти. Бул кабарды аныктаймын деп Акымбай жакага кетти.

Ошол эле күнү Самсоновдун ирдүү жылкыларын талды-булактыктар талап кетет. Кыскасын айтканда, эки-үч күндүн ичинде эле Тору-Айгырда тополоң түштү да калды. Тоодогу эл Кызыл-Булак, Туз-Ашуу, Көк-Жар, Талды-Булак өрөөндөрүнө ызы-чуу болуп малдары менен жабырап келип конушту. Топ-топ болуп атчан айылдан-айылга бастырган эркектер дөбөлөргө чыгып алысты караган болушат. Аттарын кара терге түшүрүп чапкылап жүргөндөрдү да көрөбүз. Малдары аралашып кетип, кыжылдашып жаткандар да аз эмес. Элде кандайдыр чочуган, кайгырган түр бар, баары эле үтүрөйгөнсүйт.

Балдардын үзгүлтүк-үзгүлтүк уккан кабарларына караганда сөздүн көпчүлүгү эле  «уруш» жөнүндө, “эмне кылабыз», «кайда качабыз», «кантип куралданабыз» деген сөздөр. Түрлүү жактан ар түрдүү кабарлар келип жатат. Кеминде, Чүйдө да чатак чыгып жатыптыр, Каракол, Түп, Сазановкада эл чогулуп, топ курулуп кеңеш болот экен деген сөздөр. Аксакал, эл башкаруучулар, бий-болуштар көкүрөккө топко кетишти деген кабар айылдан-айылга жайылды. Үйдө калгандар куралданабыз дешип шалк этме, бакандан найза, узун саптуу айбалта аштап, чокмор, кээ бирөөлөр айрысын, капкыларын оңдоп даярдык көрүп жатышат. Ээр-токум камдашып, байлардан унаа сурап жүргөндөр да аз эмес. Иши кылып тополоң. Топко кеткендер келишиптир, чоң казат башталыптыр, эл үркмөк болушуптур, орус менен согушат экенбиз деген кабар тарап элдин үрөйүн учурду.

Бир күнү кечинде Кызыл-Булактын өзөнүндө эстүүлөр чогулушуп Самсоновдун (Сайинкенин) тагдыры жөнүндө көпкө созулган талкуу болуп, ар кыл пикир айтылып, Самсоновду жакадан бала-бакырасы менен Кызыл-Булакка көчүрүп келишип, бир-эки күн багышты. Азык-түлүк даярдашып, түн ичинде Чоң-Кызыл-Капчыгайга алып барып бекитишти да, эртеси эле үй-жайларын ташташып, Балыкчы аркылуу тескейди бет алып эл үркүп калды. Адам менен малдын үндөрү аралашып ызы-чуу түштү. Элдик чоң кайгынын (кырсыктын) башталганы даана көрүнүп турат.

Торуайгырлыктар Тоң ашуусун ашабыз деп бир коктуга тыгылды. Мал, эл батпайт. Мурун баргандардан жол тийбейт. Бел ызы-чуу, баш аламан.

Байлар малдарын батыра албай айласы кетип жатат, кедейлер жөө-жалаңдап өзүнчө азап чегишет. Ар кимдин ар кандай түйшүгү, өзүнчө тарткан азаптары бар. Бардык жан мүңкүрөгөн. Арт жактан кууп келген «ак падышанын» аскерлери кирип келди, алар пулемет, замбиректер менен атат экен деген кабар айласы кеткен элдин үрөйүн учурду. Эл чаң-тополоң болду. Эптеп Тоң-Ашуусун ашсак, биз Текес-ке, биз Үч-Турпанга кетебиз дешип эл эки ача бөлүнүштү.

Ошентип турган кезде ак боз бээ союп, эл батасын берип, бир кишини кан көтөрдү деген кабар таралды. Бирок баш-аламандык жоюлуп, элге бакыт жакындап жыргалдын, тынчтыктын чети кылтайган да жок. Баягы кайгы, баягы азап күчөй берди, элдин муңу арбыды. Көздү жуумп, алдыда эмне күтүп турганын билбестен экиге бөлүнүп жол тарта беришти. Биз Үч-Турпан жакка жөнөгөн ачага кошулдук.

Күн суук, жол өтө татаал – кар калың, муз. Чөп анын алдында калган, бирин-серин малдуулар азабын тартып жатышат, тың адамдар аттарына, унааларына бетеге жулуп берип баккан болушат. Минтип отуруп канча малды коргоп калмак эле?  Ак-Өгүз, Бакирти, Бедел, Кайчы деген ашуулардын бери жагында асман тиреген тоолор, мөңгүлөр, туман, борошо. Мал кырыла баштады. Колунда барлардын үстүндө сайма алачык, элдин көбү таштын кобулунда, жардын түбүндө жатышат. Тамак-аш түгөнгөн, сыркоо көбөйгөн, айласы кетип жалдыраган адамдар. Туз жок! Ой, туздун кордугу ай, тузсуз тамактын жагымы, сиңими, даамы жок!

Адамдар ак шишик боло баштады. Ырайымы жок зор кырсык калдайып элди бек басып турат. Аргасы кеткен эл алдында турган ашууну ашмак болду. Кайда барат, эмне болот? Аңгыча болбой артыбыздан ак падышанын аскери жакындап келип калды деген кабар жетти, бул элдин үрөйүн ого бетер учурду. Ары карай түрткүлөдү, эл көздү жуумп, алдында турган кайгы, азап, кыйынчылыктар менен эсептешпеди.

Иши кылып тору-айгырлыктар Ак-Өгүз ашуусун ашмак болушту. Жөө-жалаңдап  бирин-экин калган жандыктары менен эл белге жакын конушту. Эртеси эртең менен белди аша башташты, жол жок. Борошо уруп турат, эркектердин тыңдуулары алдыга түшүп, чыйыр салып жол ачкан болушат. Адам, мал аралашып жолго батпай тыгылышты. Мал биринин жүнүн бири, биринин куйругун бири жеп жатышат. Ашуу бийик, зоока тоо, муз, кар менен басылган. Зоокадан учуп кетип жаткан адам, мал. Алдыда жаткан чоң муз жараңкасына аты тайгаланып, өңөргөн бешиги менен бир аял кирди да кетти. Көз көрүнө эле көчкү басып өлүп жаткандар андан көп.

Мына, элдик чоң кайгы, бул тар жол тайгак ашууда журттун бактысына балта чаап жаткан ошол учур бүгүн да көз алдымда турат. Эл, мал кырыла баштады. Кимге ким карасын, эптеп азап капканынан кутулгандар чубуруп Ак-Өгүздүн аркы кары жок коктусуна түшүп кетишти.

Бел элдин жартысына чейин, мал-мүлктү бүт бойдон жутуп алды. Тирүү калгандардын көпчүлүгү кулак-мурун, кол-буттарын үшүккө алдырып, озоңдоп жатышат. Жакындары үшүгөндөрдү жондоруна көтөрүп жүрүшөт, кээ бирөөлөр алтыганадан чийне жасап ага салып сүйрөп жүрүшөт. Ошол Ак-Өгүздү ашкандагы элдин муңу, кайгы-капасы, көргөн кордугу, онтогон үнү, ыйлаган жашы, тарткан азабы менин эсимден кетпей ушул убакка чейин кулагыма угулуп, көзүмө көрүнүп турат! Ал кайгы элдин сөөгүнө сиңип,  жүрөгүнө терең батып өтө таасир кылгандыгын баарыңар билесиңер го! Болбосо унутулбайт беле?

Үч-Турпанга барганда эл эптеп, көбүнчө уйгур элине таянып жандарын багышкан болушту. Эл башынан эмне өткөрбөдү, чексиз кыйынчылык, кордук-зомбулук, муң кайгылар менен бетме-бет болушуп күрөштү. Артта калган жерин, азапта жүргөн элин сагынды.

Бир аз тору-айгырлыктар 1918-жылдын башында жаз башталып келе жатканда жөө-жалаңдашып Үч-Турпандан Ысык-Көлдү көздөй жол тартышты. Тоңдун тоолору болуу керек, бир белге чыкканда Көлдүн бир тердиктей жери сымаптай көлкүп, жүрөктү эргитип, жарк дей түштү. Эркек-аял, бала дебей шолоктоп ыйлаганды көрүңүз. Киши сүйүнгөндө да ыйлайт экен. Ачкачылык, кыйынчылык, чарчагандыкка карабай тору-айгырлыктар күнү-түнү дебей жөө-жалаңдап чубуруп Тору-Айгырга жетип, көлдүн жээгине кара токойго байырдап конду. Ата-бабабыздан калган өз жерибиз деп ыйлап топурагын жытташып, көлдүн суусунан ооз тийишип, шаттанган болушат.

Баягы үрккөндө капчыгайга качып кеткен Александр Самсонов менен эл кезигишти. Ал киши эл менен жакшы мамиле жасап, түрлүү ахбал менен элди тааныштырып, кеңешин айтып колунан келген жардамын берди. Тору-Айгырда Самсоновдон башка Файзырахман Мусин деген дагы бир татар бай киши бар экен, элге кордукту ошол Мусин көрсөттү белем. Ал, эми өтүп кеткен иш. Ошондой болсо да жамандык менен жакшылык эстен чыкпайт эмес-пи. Анын кылыгын ошол кездеги тору-айгырлыктар жакшы билишет.

Самсонов аркылуу “ак падыша тактан түштү, Октябрь өзгөрүшү болду, бийлик кедейлерге өттү, теңдик болду” дегендей түрлүү жакшылыктуу саясий кабарлар угулду. Чындыгында иш ошондой экен. Владимир Ильич Лениндин аты да угулуп элге тааныла баштады.

Теңдикке эл сүйүнүп, төбөсү көккө жеткендей болот. Бириндеп – сериндеп Текес жактан да тору-айгырлыктар келишип, эл арбый башташты. Жыргалчылык кууралчылыкты тебелей баштаганы көрүнүп, турмуш оңоло баштады.

1921-жыл болсо керек, өзбек аксакалдын азыркы үйүнүн күн батыш жагында мечит деген бир там болоор эле. Ошону өкмөттүн өкүлү келип элден токтом чыгарып мектепке алып берди, биринчи мектеп ачылды. Ал мектепте тору-айгырлыктар менен чырпыктылыктардын балдары аралашып окушту. Баш мугалим болуп Молдо Касым Сарыбаев, Молдо Наамат Үкүбаев дайындалышты. Кийинки жылдарда Кыдыраалы Керимкулов кошулду.

Мектепте жалгыз такта бар, ал эми парта, стол дегендей мектепте керектүү жабдыктар такыр жок. Окуучуларда кагаз, карандаш да жок. Казандын сыныгына бор менен жазып окуйбуз. Жазуубуз араб тамгалары менен жүргүзүлсө алиппе деген китеп казак тилинде эле. Бизге биринчи алиппе тааныткан молдо Касым, молдо Наамат жана Кыдыраалы болушкан, биз ар убакта аларга ыракмат айтабыз. Ал мектептин окуучуларынан Шеримакун Жээнбаев, Сулайман Турдукеев, Ашыраалы Райымкулов, Түптөн Муса Алманбаев, Модокаазы Токобаев 1923-1924-жылы Ташкенттен окуп калышты.

Жазында алар дем алышка келишкенде кайырма жака көйнөк, тике така жалтырак өтүк, жез тоголуу кур, боз шинель кийип, чачтарын коюп келгендери бизге
таасир кылбай койгон жок. Аларга кошулуп 1925-жылы Тору-Айгырдан толгон балдар арабага түшүп Пишпек шаарына келдик. Кадыраалы Токоноев экөөбүз Ташкендин медицина техникумуна барып окуп, 1930-жылы бүттүк. Мен Ташкенттин медициналык институтуна өтүп кеттим. Кадыраалы болсо партиялык кызматкер болуп кетти.

Мен Ташкент медициналык институтуна Тору-Айгырдан Ильясов Сатар, Сыдыгалы Төлөгөнов жана башкаларды алып барып киргиздим. Айылга дем алышка  келип калсам Тору-Айгырда Болотов Сарт агай жүргөн экен, ал кишини дагы үй-бүлөсү менен Ташкентке алып бардык. Бирок, аларга медициналык илим жакпады, баары тарап кетип калышты. Бир күнү Сыдыгалы дагы элди сагындым деп кетип калды, биз калдык.

Иши кылып ал кездеги Тору-Айгыр мектебинин окуучулары врач болгондон тартынышып көбүнчө башкаруу мекемелерине кызмат кылууну каалашты, милиционер, сот жана ушул өңдүү маанилүү кызматкер боло турган окууну самашты…

“Ала-Тоо” журналы №7,
1967-жыл, июль

Даярдаган Кенже ОСМОНАЛИЕВА,
 “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар