Мария НУРКАСЫМ кызы: “Этномаданиятыбызды эл аралык деңгээлге чыгарабыз”

Жаш дизайнер Мария Нуркасым кызы Бишкекте өткөн “International face – 2018” конкурсунда спорт стилиндеги кийимдерин көрсөтүп, элдин купулуна толду. Мария эң алгачкы жолу 2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда айымдардын улуттук стилдеги саркеч кийимдеринин “Эсимде” аталыштагы коллекцияларын көргөзгөн. “Ала-Тоо” аянтындагы анын бири экинчисин кайталабаган түрдүү көйнөктөрүнө кызыккандар ого эле көп болгон. Мына ошондон бери жаш дизайнер жана модельер кыздын чыгармачылык өнөрү өр тарта баштаган. Анын көркөм ышкысын, алакан отун берип чыгарган улуттук этно стилдеги кийимдери Стамбулда өткөн улуттук кийимдердин көргөзмөсүнөн ийгиликтер менен келген. Мариянын чылкый пахтадан жана жүндөн токулуп жасалган улуттук кийимдери Индия мамлекетинде өткөн көргөзмөгө эки ирет катышып келген. Мариянын дизайнердик таланты аркылуу тигилген кийимдер катышкан конкурстардын тизмеси мындан узак.

– Мария, бүгүнкү күндө  дизайнердик  кесип абдан актуалдуу болуп жатат. Сен буга кандайча келип калдың?

– Кыргыз мамлекеттик архитектура  университетинен дизайнердик кесип алгам. Кичинемден сүрөт тартууга кызыгып, кийин дизайнер болууну эңсеп жүрчүмүн. Мен төрөлгөн 1995-жылы  Бразилиянын “Просто Мария” деген көп сериялуу киносун бүтүндөй эл көрүшчү экен. Анын башкы каарманы Мария Лопас элеттен шаарга келип, башынан көп  кыйынчылыктар  өтүп жүрүп тикмечиликти үйрөнөт. Ал талбаган эмгеги менен көп ийгиликтерге жетип, атагы чыккан ишкер айымга айланат. Чоң атам Сатинбай мени ошол Мариядай ийгиликтерди багындырган кыз болсун деген тилекте  ушул  ысымды  бериптир. Ушундан улам мен ымыркайга ысым берүүнүн сыйкырдуу күчүнө ишенип кетем.  Университетте  окуп  жүргөндө модель катары фи-лармонияда өтүүчү аялдардын эл аралык  майрамына, эстрада жылдыздарынын концерттерине жана “Легпром” ассоциациясы уюштурган иш-чараларга модель катары дагы катышып келе жатам.

– Сенин дизайнердик коллекцияларыңда улуттук кийимдерге көбүрөөк басым жасалыптыр.

– Бир жолу “Легпром” ассоциациясынын көргөзмөсүнө модель болуп катыштып жатып, атактуу кол өнөрчү Гүлмира Акматова эже менен таанышып калдым. Мен анда эжеге модель катары гана жаккам. Кийин кандай гана көргөзмөлөр болбосун  Гүлмира  эженин  өнөрканасынан  чыгарылган улуттук кийимдерди кийип чыгып жүрдүм. Ошондо эле эженин кол өнөрчүлүк искусствосун, уздук сырларын үйрөнсөм деп самачумун. Кийин университетти бүтүп, дипломду колго алар замат Гүлмира эжеге телефон чалдым. Ал мени дароо эле чогуу кызматташууга чакырды. Ошентип, 2016-жылдан бери кыргыз аялдарынын кийимдерин заманбап стилге ылайыкташтырып  тигип  жатабыз. Азыркы учурда Кыргызстандын мода дүйнөсүндөгү талап абдан күчтүү. Биз мына ушул агымдан сыртта калбашыбыз керек. Бүгүнкү күндө дүйнө элдери өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактап калууга аракеттенип жатышат. Чет мамлекеттерге барганда ушул тенденция абдан күчтүү экенин байкадым. Биз кыргыздар, этномаданиятыбызды, анын ичинен  улуттук  кийимдердин  түрлөрүн эл аралык деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

Жакында Ош жергесинде жашаган таенемдин өткөн кылымдын 50-жылдарында өз колу менен сайма түшүргөн сүлгүсүн алып келдим. Таенемдин өзүнүн себине даярдаган буюмдарга сайган саймаларынын түрлөрүнө кызыгуум артылып туруп алды. Ошол сейрек сүлгүнү атайын  рамкага  салып  илип  койдум. Таенемден  ошол  саймалардын  сайылыш сырларын үйрөнүп келдим. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары күйөөлөрү фронтко кеткен аялдар өзүн алаксытуу үчүн түн ортосуна чейин биликтүү чырактын алдында сайма сайышчу экен. Кан майдандагы агасына же сүйгөнүнө жүз аарчыга сайма сайып посылкага кошуп жиберишчү тура. Кыргыздын саймачылык өнөрү согуш учурунда да өнүгүп туруптур. Бүгүнкү күндө Гүлмира эженин өнөрканасында кыз-келиндердин көйнөк, кофталарына колго сайма сайып, өрмөктө өрүлгөн кыюуларды салуу менен тигип жатабыз. Мен дизайнердик  ишимден тышкары, Азия инновациялык колледжинде мугалим болуп иштеп, кыздарга дизайнерлик билим, тажрыйбамды үйрөтүп жатам.

Назира АЛИЕВА