Сооронбай Жээнбеков: «Келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди»

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кечээ «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин IV жыйыны болуп өтүп, анда “Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланды.

“2018-2040 жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” долбоорунун бет ачарын КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин катчысы Н.Ахметова жасап, бир катар талкуу-сунуштардан кийин Улуттук кеңеште жактырылды.

Ал эми “2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы” долбоорун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова тааныштырды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.Жумабеков, Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министри М.Абылгазиев, ЖКнын фракция жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып сөз сүйлөштү. Ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы Улуттук кеңештин 2017-жылдын 15–ноябрындагы жыйынында каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын, андан бери стратегиянын долбоорун талкуулоо кеңири форматта өткөндүгүн айтып өттү.

«Абдан көп сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү. Алардын баары тең каралып чыгып, мезгилдин талабына жооп берген пикирлер эске алынды», — деп белгилеген Президент буга чейин талкууга катышып, өз салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирип сөз сүйлөдү.

Элдин элегинен өткөн долбоор

Кыргызстандын келечегин,  басар  жолу аныктаган бул долбоор коомчулуктун бүйрүн кызытып, көптөгөн пикирлер айтылганы белгилүү.

“Ага  мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү, эксперттер, кесиптик бирикмелер, бардык кызыкдар жарандар катышты. Донордук кеңеш менен жолугушуулар болду, алар да өздөрүнүн сунуштарын  беришти,  парламенттин  депутаттары активдүү  катышышты”, — деди Президент.

«Азыр келечек жөнүндө, өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн бардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясый, экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландарын аныктап, аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эң негизгиси — келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары аталган стратегияда аныкталганын айтып: “…Ошондуктан бул стратегия — Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш”-деди.

Стратегияда бардыгы камтылган

Мамлекет ар тараптан комплекстүү өнүгөт. Ошондо гана толук кандуу өсүп-өнүгүү болот. Мунун баары Улуттук өнүгүү стратегиясында камтылыптыр: «Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнү гүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын тең бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеңири масш табдагы документ катары — ушул Улуттук Стратегия кызмат кылат», -деди Президент.

Ал жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеңеште аныкталганы туура болорун жана ал Президенттин Жарлыгы менен бекитилерин белгиледи.

«Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясый, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун  өнүктүрүү  программалары шаардык кеңештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл», — деди Сооронбай Жээнбеков.

2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө каралган

Мамлекет башчы белгилегендей, Стратегия 2040-жылга чейинки мезгилде, этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат. Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар, жасалчу иштер так аныкталды. Алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашырылуучу долбоорлор, конкреттүү милдеттер белгиленди. Алардын аткаруу мезгили, каржы булактары, адам ресурстары жана мыйзамдык нормалары такталды.

«Ошондуктан ушул этапта — 2023-жылга чейин аткарылчу иштер өзүнчө бөлүнүп, такталып, силердин назарыңыздарга сунушталып жатат. Белгиленген биринчи этаптын алкагында  өлкөнүн  күнүмдүк  жашоосун камсыз кылуу, кыска жана орто мөөнөттүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу өкмөттүн негизги иши бойдон калышы керек», — деп айтты Президент.

Саясый туруктуулук маанилүү

«Биздин максат — өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясый туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясый стабилдүүлүктү сактоо — өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу — негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көңүл бурулат. Мен өлкөнүн Президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Адам потенциалын өнүктүрүү – артыкчылыктуу

Президент биринчи кезекте адамдардын потенциалын өстүрүү керектигин белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн адам ресурстарынын сапаты биринчи орунга чыкты. «Сунушталып жаткан Стратегиянын мурдагы мамлекеттик документтерден айырмасы — бул Стратегия биринчи кезекте адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Эми бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот. Ал үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн рамкасынан сырткары дагы, соттук, укуктук,

демократиялык багыттарга да өзгөчө көңүл буруу талап кылынды. Ошол эле себеп менен руханий баалуулуктарга, каада-салтыбызга аяр мамиле кылууга, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди», — деп белгиледи Президент.

Максат – улуттук сот системасын куруу

Ал эң жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдет — сот реформасын ишке ашыруу экенин белгиледи. Эл ишенген, калыстыктан тайбаган сот системасы орносо, өлкөнү өнүктүрүүнүн эң негизги фактору камсыз кылынат. Ошондой эле соттук иштердин ачык-айкындыгын, сот процесстеринин заманбап технологиялар менен жабдылышы камсыз кылынышы керек.

«Стратегиябыздын максаты — улуттук сот  системасын  куруу,  адилеттикти  жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо. Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Башкаруу таза болушу керек

Биринчи этаптын алкагында Президент коррупция менен күрөшүүнү улантуу, башкаруунун тазалыгын, кабыл алынган чечимдердин адилеттигин, ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүп, башкаруу чөйрөсүндөгү технологияларды башкалардан артта калбай өздөштүрүү керек.

«Ошондуктан „Түндүк“ электрондук системасын тез арада ишке киргизүү, жалпы эле “Таза коом“ долбоорун ишке ашыруу — бардык бийлик бутактарынын актуалдуу иши, баарыбыздын алдыбызга коюлган максат. Жаңы технологиялардын, жаңы экономикалык платформалардын, жаңы инфрастуктуралардын жайылуусу күтүлүүдө. Бул тенденциялар элге кызмат көрсөтүүгө, билим алууга, саламаттыкты сактоого өзгөртүү киргизүүнү шарттайт. Эмгек рыногун кескин өзгөртөт. Биз бул чакырыктарга өлкөбүздүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн, жалпы эле жарандарын даярдоого милдеттүүбүз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Алыскы жолдо алака күт

Президент узак мөөнөткө максаттарды белгилеп жатканда глобалдык жана регионалдык тенденцияларды сөзсүз эске алуу зарылдыгын белгиледи. Дүйнөдө олуттуу экономикалык жана саясый өзгөрүүлөр орун алып жатат. Алар Кыргызстандын өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет.

«Коңшу мамлекеттер, стратегиялык өнөктөшүбүз — Россия менен достук мамилелердин өнүгүүсүнө өзгөчө маани беребиз.  ЕАЭС, Жамааттык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташтык уюмдарына мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо — биздин стратегиялык максаттарыбызга кирет. Жакынкы коңшубуз — Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деңгээлге көтөрдүк. Бул багытты улантабыз. Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Эл аралык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму менен иштөөгө артыкчылыктуу маани беребиз», — деп белгиледи Президент.

Эл барчу багытыбызды аныктоону күтүп жатат

Мамлекет башчы Улуттук стратегиянын долбоору  жарыяланып,  коомдук  талкууга коюл ганын, эл аны жакшы билерин эске салды.

«Мен өзүм да биздин стратегиялык пландарыбызды элге жеткирүүгө аракет кылдым. Региондорго барып, эл менен жолугушуп, келечек жөнүндө ой бөлүштүм. Стратегиялык өнүгүүнүн багыттары жөнүндө мен Жогорку Кеңештин сессиясында чыгып сүйлөдүм. Жакында эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог болду. Биз кеңири алкакта өнүгүү маселелерин талкууладык. Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жакшы пикир алыштык. Алардын ой-пикирлерин, сунуштарын да камтыганга аракет кылдык. Бул жолугушуулар көрсөткөндөй, коом бизден өлкөнүн узак жана орто мөөнөттүү өнүгүү багыттарын аныктоону күтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.