Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биздин балдарыбыз келечекте үчтөн кем эмес тилде эркин сүйлөсүн»

Төмөндө Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин IV жыйынында “Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиясы” долбоору боюнча Премьер-министр М.Абылгазиевдин сүйлөгөн сөзүнөн айрым кыскартылган тезисттерди жарыяладык.

ИНВЕСТИЦИЯ: Биринчиден инвесторлорго гарантияларды күчөтүү зарыл. Чакан жана орто ишканаларга узак мөөнөттөгү, жеңилдетилген кредиттер берилип, Кепилдик фонддун мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылат. Жакынкы беш жылдыкта ар бир облуска инвестициянын көлөмүн – 300 млн. долларга жеткизүү биздин максат.

ЭНЕРГЕТИКА: Жакынкы 5 жыл аралыгында энергиянын дефицити өндүрүштүн өсүшүнө байланыштуу болот деп эсептейбиз. Эң биринчи максатыбыз — Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашыруу, Камбар-Ата 2-ГЭСте экинчи, үчүнчү агрегаттарды ишке киргизип, Ат-Башы, Үч-Коргон ГЭСтерин реконструкциялоо иштерин аяктап, Токтогул ГЭСин толук реабилитациялайбыз.

ТРАНСПОРТ:  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан (432,78 км) темир жол магистралын  куруу  иштери  кыргыз  тарапка ыңгайлуу шартта ишке ашырылат деген ойдобуз.  Автожолдор  боюнча:  Түндүк-түштүк  альтернативдүү  жолунун  жана Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу бүткөрүлөт. Суусамыр-Талас-Тараз, Арал-Суусамыр, Балыкчы-Каракол, Ысык-Көлдү курчаган автожол, Түп-Кеген, Ош-Баткен-Исфана, Жалал-Абад-Маданият ж.б. жолдор бүткөрүлөт. Андан тышкары райондук масштабдагы бир катар ички жолдорду инфраструктуралары менен кошо оңдойбуз. Ички  үзгүлтүксүз  авиарейстерди  калыбына келтирүү максатында өлкөнүн ички аэро порттору кайрадан модернизацияланат.

ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ: Жер-Үй, Макмал, Чаарат, Тереккан, Жамгыр алтын кен заводдору, ж.б. кен иштетүүчү ишканалар толук кандуу ишке киргизүү үчүн бардык чараларды көрөбүз. Кошулма  баалуу  металлдар  концентраттарын сыртка чыгып кетишин жөнгө салуу үчүн өлкө ичинде өзүбүздүн күчүбүз менен кен иштетүүгө басым жасайбыз.

АЙЫЛ ЧАРБА: Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында аймактардагы айыл чарба өндүрүү чүлөрүнө башынан бери 25 млрд. сомдон ашык каражат бөлгөнү туура механизм болгонун аныктайбыз. Ирригациялык тармактар-да биздин стратегиябыз боюнча 58,3 млрд сом ашык каражаттарды талап кылган долбоорлор түзүлгөн. Мунун натыйжасында 5 жылдын ичинде эле 26 миң га жер суу менен камсыздалып, 15 миң ирригациялык инфратүзүм жана бир катар каналдар модернизацияланат.

ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫ: Тигүү продукциясы атаандаштыкка жөндөмдүү, өзүнчө кластер жаралды. ЕАЭБдин өлкө лөрүнүн рынокторун ээлеп жатат. Келечекте Европанын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүнүн рынокторуна кирүү үчүн Чүй, Бишкек, Ош аймактары тигүү кластерине көбүрөөк адистешет, бул аймактарга ири технополистерди жана технопарктарды салышыбыз абдан маанилүү.

ТУРИЗМ: Келечекте ИДПнын түзүмүндөгү туризм чөйрөсүнүн кирешеси 7%дан кем болбошу керек. Бул максатта: аймактардын бренддерин түзүп, визалык режимди либералдаштырып, электрондук виза боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

ТАЗА СУУ: Бул долбоорлордун алкагында приоритеттүү түрдө өсүү точкалары болгон 20 шаарда – Ош фаза-2, Баткен, Жалал-Абад фаза-2, Таш-Көмүр, Нарын, Та-лас ж.б. жерлерде таза суу жана саркынды суулар системалары толугу менен оңдолот, жалпысынан 588 айылда. Ушул программаны ишке ашырууга 397 млн. доллар кара-жат тартылуусу каралууда.

СОЦИАЛДЫК  ЧӨЙРӨ: Адамдын өнүгүшү, жарандарыбыздын сапаттуу жана татыктуу билим алуусу, медицинага жетүүсү социалдык жактан корголуп, маданий жактан өсүүсүнө шарттар түзүлөт.

БИЛИМ БЕРҮҮ: Мектептер 100% Интернетке кошулуп, инновациялык мектептер иштей баштайт. Атайын орто кесиптик, техникалык башталгыч билим берүүдө коомдун суроо-талаптарына жараша даяр-доону жогорулатуу керек. Жогорку окуу жайлар сапаттуу адистерди чыгарышы үчүн атаандаштыкты күчөтөбүз. Биздин балдарыбыз келечекте үчтөн кем эмес тилде, айрыкча кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөгөн, жаңы технологияларды жана техникалык багыттарды билсе келечегибизден үмүтүбүз чоң болот.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО: Кыргыз медицинасынын мурдагы кадыр-баркын кайтарышыбыз керек. Ооруларды алдын алуу үчүн сергек жашоо образын дене тарбиясы, спорт менен айкалыштыруу зарыл. Азыркы учурда бюджеттен да бөлүнүп жана биздин өнөктөш “Газпром балдарга” программасы боюнча Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын, Токмок шаарларында, ж.б. аймактарда спорт комплекстери салынат.

МАДАНИЯТ: Соңку жылдардын ичинде Кыргызстан улуттук жана маданий кайра жаралууга, улуттук маданиятты алга илгерилетүүгө багыт алды. Өлкөнүн ар бир аймагы үчүн маданий инфратүзүмдү өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну тездетүү зарыл.

УКУК КОРГОО: Кылмыштарды профилактикалоо жана алдын алуу; укук коргоо органдарынын жаңы образын түзүү; ички иштер кызматкерлеринин ишине баа берүү критерийлерин өзгөртүү; калктын ишеним индексин жакшыртууну ж.б.у.с. чараларды ишке ашырабыз.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: Жол кырсыктарынын санын азайтуу жана алдын алуу үчүн фото-видео, фиксация системаларын орнотуу аркылуу “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылат. Жакынкы убакытта тендердин жыйынтыгы чыгып, ишти баштайбыз деген ойдо турабыз.