УКМК атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрүн которду

Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2 миллион 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басм сөз кызматы билдирет.

«2018-жылдын 10-августунда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түздү.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.