Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 14-августунда саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.