Премьер-министр Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 14-август күнү Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды.

Премьер жаңы мэрге борборду адамдар үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу тапшырмасы коюлганын жана ал бул милдетти аткарарына ишенерин билдирди. Ошондой эле ал  мэр кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин тажрыйбасы жана ыйгарым укуктары жетиштүү экенин белгиледи.

Эске салсак,  Азиз Суракматовду Бишкек шаардык кеңеши 8-августта баш калаанын мэрлигине шайлаган. Анын талапкерлигин кеңештеги 44 депутаттын 43ү колдогон. Бир депутат каршы чыккан.