Бишкек мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды

Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Түлөбаев ага бул кызматты жаңы шайланган мэр Азиз Суракмактов сунуштаганын айтып, көпкө ойлонгон соң чечим кабыл алганын билдирет.  Ошондой эле, ал шаардыктардын үйү үчүн таза, так, жан үрөп иштей турганына убада берди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, алгачкы планда бала бакча, мектептердеги абалга көңүл буруларын айтты.

Түлөбаев 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. Ал 1990-1992-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетинде окуган. 1997-жылы Стамул университетинин токой чарба факультетин аяктаган. 2001-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-эколог адистигин бүтүргөн.

1996-1997-жылдары Стамбул шаарындагы “Корис интернейшнл” компаниясынын кызматкери;

1997-2000-жылдары өкмөткө караштуу токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;

2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи;

2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы;

2010-2013-жылдары гезиттердин биринде башкы редактор, саясий баяндамачы;

2013-жылдан бери “Аю холдинг” компаниясынын президентинин орун басары болуп эмгектенип келет.