Азгырыктын аягы

Алгач мен жакшы тааныган бир адамдын таржымалын айтып берейин. Бейше абышка ден соолугуна байланыштуу алыскы райондордун биринен көчүп келип Бишкектин четиндеги айылда жашап калган. Борбордогу врачтардын берген дарылары жагып, күйүккөнү, демиккени басылып өзүн жакшы сезип калды. “Ка-ап, ата, мурун эле келсек болмок экен” деп коёт кээде өзүнчө.

Байбичеси Бурма кой оозунан чөп албаган бир момун киши. Анын жооштугунан пайдаланып, кошуна аял акедей асылып “биздин уюмга кирип ал” деп үгүттөп кирди. Табиятынан эч кимдин көңүлүн кал-тырбаган Бурма апа тиги аялдын “чабуулуна” туруштук бере албай, акырындап ал “тур десе туруп, бас десе басып” калды. Тиги аял ошентип Бурма апаны баптистердин динине киргизип алды.

Ал жерде кээде акча–тыйын, чай–чамек, кийим–кечек бере коёт экен. Аларды алгандан кийин, анан акташ керек болуп калат  турбайбы.  Ошондон  баштап  Бурма апа баштык асынып алып, тиги аялга кошулуп көчө кыдырып жаңы мүчөлөрдү өздөрүнүн  тобуна  кошууга  далбас  уруп калды.

“Баягы Бурма Бишкекте баптис болуп алыптыр” деген кабар кыска элдин кыйрына, узун элдин учуна чагылгандай тез тарап кетти. Мындан көп өтпөй тагдырдын жазымышы экен ажал жетип көз жумду. Бейше абышка өлүк сыйнатын аткарууга боз үй тигип, союшуна мал камдап, шаарга жакын айылдагы көрүстөндөн жай сатып алып, мүрзөчүлөрдү дайындады.

Балакет болуп айылдын молдосу “мусулман мүрзөсүндө баптистерге орун жок” деп мүрзөчүлөрдү кубалап ийиптир. Бейше абышка айылдын аксакал-көксакалдарына, айыл  өкмөтүнө  кайрылып  көрдү.  Баары эле молдонун сөзүн жакташат. Аларга таарынып, өлүктү жүктөп туулуп өскөн өз

жерине барып түштү. Ал жакта дагы иши өзү ойлогондой болбой, туңкуюка такалып калды.

Айласы кеткенде абышка бардык орден-медалдарын  тагынып,  мактоо  кагаздарын алып алып райакимдин үстүнө кирди.

Аким:

– Аксакал, ата мекенди коргогонго, колхоздун оңолушуна зор салымды кошконуңузду билебиз. Башка бир чарбачылык маселелер болсо чечип берет элем. Бул диний маселе экен, имамга “мындай кыл тигиндей кыл” деп мен көрсөтмө бере албайм. Андан көрө аксакалдар сотуна кайрылып көрүңүз, – деп жылуу жумшак узатып койду.

Аксакалдар сотундагылар деле сөз жебеген немелер экен. Алардан да шаабайы сууп, үйүнө келди. Ана-мына дегенче арадан бир жумадай убакыт өтүп кетиптир өлүк жыттанып жанына киши бара албайт. “Дарт айыгат дары эмес кээде уудан, жаман экен өз туугандан көңүл сууган”, болуп башканы кой, жанагы өзүнүн туугандарына нааразы болду. Башына мүшкүл түшүп турганда жардам берүүнүн ордуна молдонун сөзүн жакташканычы. Аларды ойлогондо Бейше абышка алдастап айласын таппайт.

Бир чети он баланын энеси байбичесинен айрылганы, экинчиден, элден, ага-туугандарынан көргөн ызасы кошул-ташыл болуп жүрөгү токтоп өзү акырет сапар кете берди…

Аны ага-туугандары, бала-бакырасы аруу жууп, ак кепиндеп көмүп коюшту. Бурма апанын сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз. Ушак сөзгө караганда, бир киши барбаган талаага жашырылган имиш.

Мен  пенсиядагы  киши  болгондуктан колу-жолум бош, бир убак шаарды аралап келмей адатым бар. Көчөдөн сумкаларына гезит-журналдары толтурган Бурма апа сыяктууларды көрүп калам. Алар менден кыя өтүшпөйт. Адегенде алар мага бир китебин сунуштап окуп чыгуумду суранышат.

Анан баптизм, жахабанын күбөлөрү диндерин мактап киришет. Мен сынамакка эмне жаңы бир деме айтат го деп күтүп турам, эч деле жаңылык жок. Баягы эле стандарт сөздөр.

Кийинки кезде аларды жек көрүп, сөкчү болдум. Анан Бурма апанын тагдырын кошуп коёмун. Ошондон кийин ар бирибиз өз жолубузга түшөбүз.

Жакында эле үйдө отурсам коңгуроо шылдырайт.  Эшикке  чыксам  дарбазанын  жанында  жап  жаш  эки  кыргыз  кыз туруптур.

Бирөө ушунчалык татынакай, киши жутуп жиберчүдөй, көзү моймолжуйт. Мен оозумду ачып тиктеп калыптырмын, чынын айтканда мындай периштени биринчи көрүшүм.

Ал сулуу кыз:

– Ата, чукулда биздин уюмдун чогулушу болот, ошого катышып бериңиз, – дейт.

Сураштыра келсем, алар баптистер экен. Кыздарга жаман сөз айтышка оозум барбады. Тескерисинче, тиги башка динден айнытып өзүбүздүн мусулман динине кайтарууга болгон далалатымды жасадым.

– Айланайындар, мен ата-бабам карманып келген динден эч качан тайбаймын. Силерден дагы суранам “адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң”, дегендей, өзүңөрдүн ислам диниңерге кошулгула. Бул баптист деген өтө опурталдуу агым. Булардын мүчөлөрүнө бут тозгондор көп болот. Тагдырыңарды талкалап аласыңар. Кийин кеч болуп калат, –дедим.

Кыздар өз позициясынан кайтар ою жок, көпкө сүйлөшүп, кайым айтыштык. Алар мени кайра такалап жүрүшөт. Акыры ойлогон максаттарына жете албасын түшүнүп, жолдоруна түшүштү. Мен да кыздарга сөзүм өтпөй койгонуна өкүнүп кала бердим.

Айласыздан мурунку пионер, комсомол уюмдарынын иштери оюма түштү. Алар иштеп турганда бир да окуучу партиянын линиясынан тышка чыкчу эмес.

Азыр да бизге ошондой жаштар уюму керек сыяктуу. Жаңы жаштар уюму түзүлсө. Алар бала бакчадан баштап, мектептерде, жогорку окуу жайларда жаштарды элин жерин сүйгөн башка динге өтпөгөндөй кылып иш алып барышса, кандай жакшы болоор эле.

Сиз кандай дейсиз окурман?

Окен МАМАТКАНОВ, санжырачы, Бишкек шары