ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Исмаил Кахраман менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Исмаил Кахрамандын демилгеси менен уюштурулган иш сапардын алкагындагы бул жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо тууралуу баарлашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия калкын жана парламент жетекчисин ушул жылдын 16-апрелинде Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуууюштурулганреферендумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеӊейтүү маселелерине токтолду.

Ошондой эле, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы да боордош элдердин кызматташтыгын чыӊдаарын билдирген Чыныбай Турсунбеков ушул жылдын июль айынын соӊунда аталган ассамблеянын 7-пленардык жыйынын өткөрүүгө Жогорку Кеӊеш даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынды.