Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова мезгилсиз дүйнө салды

Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады

Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды.

Белгилүү алып баруучу 2011-жылы рак илдетине кабылып, ал оору менен күрөшүп келген.

Саматова Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал “Кыргыз радиосунда” жана “Европа плюста” алып баруучулук кызматты аркалап, КТРКдагы “Акыл ордо” интеллектуалдык программасын алып барган.

Быйыл ал 46 жашка толгон.