Диндеги толеранттуулук –руханий өсүүгө жана өнүгүүгө өбөлгө

Диндин жеке адамдын өмүрүндө гана эмес, мамлекеттик деңгээлде чоң орду бар экендиги кимге болсо да айкын. Дин азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдүн өнүгүү жолун аныктап отурат. Ватикан жана башка Парсы булуңунда бир динди гана тутунган мамлекеттер бар, ошондой эле дүйнөдө көп динди тутунган мамлекеттер да бар. Тарыхка көз жүгүртсөк, буларда өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоо үчүн диний келишпестиктин айынан согуш өртү тутанган мисалдар аз эмес.

Мындай кырдаал бүгүнкү күндөрдө да  жаралууда.  Учурдагы  диний жаңжалдар мурдагылардан да кооптуу боло баштады. Узакка созулган кагылыштардын (араб – израиль) катарына Индия менен Пакистандагы чыр-чатактарды кошууга болот. Мисалы, Пакистанда исламдын ар башка багыттарынын өз ара тирешүүсү, ал эми Индияда индуизм менен исламдын ортосунда ымаланын жоктугу. Албетте, мындай ырксыздык эки тарапка тең зыян, анын үстүнө бул жаңжалдар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Жогоруда  түзүлүшү  бир  диндүү,  көп диндүү мамлекеттерди атап өттүк, эмки кеп анын үчүнчү түрү – светтик мамлекет тууралуу. Мындай мамлекеттер диндин таасирине көз каранды эмес. Буларда диний ишенимдердин калыптануусу тынчтык жолу менен чечилген. Мындай өлкөлөр дүйнөдө арбын жана алар ар түрдүү жолдорду басып өтүштү.

Ушундай өлкөлөрдүн катарында Казакстанды атап өтүүгө болот. Дүйнөдөгү ири диндердин өкүлдөрү ынтымак-ырашкердикте жашап жаткан бул өлкө учурда диний биримдиктин үлгүсү катары бааланууда.

Казакстан эгемендигин жарыялаган алгачкы жылдарда эле Конституциясына бардыкжаран жана диний бирикмелер мыйзамдын алдында бирдей, бир да бир дин мамлекеттик боло албайт деген эрежени киргизди. Бул диний негизде кандайдыр бир көйгөйдүн жаралышына бөгөт койду. Бул ошол кезде туруктуулугу бекемделбеген Борбордук Азиядагы ийгиликтүү кадам эле.

Дин бүгүнкү күндө Казакстанда улуттар аралык ынтымактын жана социалдык туруктуулуктун фактору гана эмес, ар түрдүү калктардын маданиятынын кайра жаралуусуна жол ачты. Жакында Казакстанда диний өңүттө чоң окуя болду. Поляк католиктери казакстандыктарга «Казакстан жылдызы» аттуу алтарь (сыйынуучу ыйык зат) тапшырды. Бул ыйык белек Польшада жасалып, аны Рим папасы Франциск касиеттендирген. Дүйнөдө он чакты мындай алтарь бар. Казакстан мындай алтарды Иерусалимден кийинки экинчи алуучу болуп жатат. Ыйык затты поляк чебери Мариуш Драпиковский крестке таңылган Иисус Христостун бейнесин казактын улуттук саймалары менен чоң кылдаттык менен айкалыштырып жасаган. Алтарь Түндүк Казакстан облусунун Озерное айылындагы поляктардын католиктик чиркөөсүнө орноштурулган. Бул айыл кокусунан тандалбаган. Уламыштарга караганда, 1941-жылы ушул жерде, айдалып келинген поляктардын Кудайга жалбарынуусунан кийин балыгы мол көл пайда болгон. Ал ачкачылыктан азап чегип, каза таап жаткан адамдарды куткарып калган. Облустун жетекчисинин сөзүнө караганда, республикадагы католиктердин 40 пайыздан ашыгы ушул Түндүк Казакстанда жашап жатышат, алтарь алар үчүн чоң белек болду. Учурда аймактын жетекчилери бул ыйык орунга зыяратчылардын, дегинкиси, туристтердин келиши үчүн жолдорду жакшыртуу, ифраструктураны түзүү пландарын иштеп чыгууда.

Баса, туристтер демекчи, диний мурас тардын өлкөнүн маданий турмушунда өз орду бар. Казакстандын маданият тарыхы өлкөдө ар түрдүү диндердин калыптануу тарыхы менен да байланыштуу. Бул боюнча республика территориясындагы байыркы эстеликтер көп кездешет. Эстеликтер аны изилдөөчүлөр менен катар туристтерди да кызыктырууда. Негизи, тарыхый эстеликтерди көрүп кайтуу үчүн жыл сайын он миңдеген туристтер өлкөгө келип жатышат.

Бир мамлекетте ар түрдүү диндин текшилиги өлкөнүн экономикалык жактан да тартымдуулугун арттырууда. Окумуштуулар менен серепчилер казакстандык үлгүнү талдап, өлкөнүн диний өңүттөгү «өз алдынча» өнүгүүсүнө чочулоо менен да караган. Бирок, эгемендиктин 27 жылы алардын андай көз караштарынын негизсиздигин далилдеди. Диний чөйрөдөгү так ушул толеранттуулук Казакстан үчүн социалдык-саясый жаңжалдардын алдын алуунун жана заман-бап жарандык коомду куруунун башкы факторлорунун бири болду.

Азыр  биз  Казакстанда жаңы, уникалдуу конфессия-лык мейкиндиктин калыптанып, өнүгүп жаткандыгын байкап  жатабыз.  Казакстандагы бул жараяндан диний карама-каршылыктары токтобой жаткан өлкөлөр үлгү алса болчудай.

Шавкат ИСМАИЛОВ, «Кыргызстан – Астана» коомдук бирикмесинин төрагасы,