Көмүскө экономика көңтөрүлөбү?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Коррупция менен көмүскө экономика киндиктеш. Экөөнү бөлүп кароого да болбойт. Буларың бир-бирин далыдан таптап коюп, Кыргызстанды аралап жүргөнүнө көп болду. Анын көлөмү тууралуу ар кайсы жылдарда ар кандай айтылып келди. Ал эми Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына таянсак көмүскө экономика 2015-жылы 23 пайыздын тегерегин түзгөн. Учурда бейрасмий же эл аралык уюмдардын эсеби боюнча ИДПнын 40 пайызын түзөт.

Өлкөбүздөгү көмүскө экономиканын көлөмүн жана анын келип чыгуу себептерин, булактарын так аныктап алмайын, алдыга жылуу кыйын. Буга байланыштуу Экономика министрлиги экономиканын байкалбаган тармактарындагы көмүскө экономиканы терең иликтеп чыгуу жана аны кыскартуу үчүн иш-чаралар Планын жүргүзүп жатканын билдирди. Айтымдарында бул иш Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕББР) техникалык колдоосунда жүзөгө ашырылат. Ага ылайык эл аралык PricewaterhauseCoopers LLP («PwC») компаниясы Кыргызстандагы көмүскө экономиканын так көрсөткүчүн аныктап бермей болду.

Минтип көмүскө экономиканы аныктоо боюнча эл аралык компанияны чакыртып жатканыбыз туура кадам. Болбосо Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү тууралуу ар кандай мезгилдерде 40тан 60 пайызга чейинки көрсөткүчтөр айтылып жүрөт. Бизге тагы керек. Андан кийин тиешелүү кадамдар жасалса жаңылбайбыз. Башкача айтканда Экономика министрлиги иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2019-2020-жылдарга карата көмүскө экономика менен күрөшүүдөгү Өкмөттүн  иш-чараларын  иштеп  чыгууну көздөөдө.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы кө-мүскө экономиканын көлөмү 250 миллиард сомду түзөөрү тууралуу былтыр эле парламенттин бюджет жана финансы, экономика жана фискалдык саясат комитеттеринин кош-мо жыйынында айтылган. Демек, мынчалык каражаттын көмүскөдө айланып жүрүшү кимди уктатсын. Ал эми Экономика министрлиги көмүскө экономиканы кыскартуу максатында сатыктан түшүүчү салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүү сунушу менен чыгып, коомдук талкууга коюшту.

Экономика  министри  О.Панкратов Салык кодексине өзгөртүү киргизүү сунушунун негизги максаты салыктын түшүү көлөмүн көбөйтүү эмес, көмүскө экономика менен күрөшүү экендигин айтууда. “Мамлекет салыктын басымын азайтууну көздөйт. 2015-жылы биз сатык салыгынан 7,5 млрд. сом чогултканбыз. Биз бул салыкты алып салгандан кийин (накталай эмес, которуу жолу менен эсептешүү) 4 млрд.сом жыйнадык. Биздин максат сатуудан түшкөн салыкты (СтС) көбөйтүү эмес. Муну фискалдык иш-чара деп да айтууга болбойт. Биздин милдет бул салыктын нөлдө болушуна жетишүү”, — деди министр.

Муну түшүндүрө келсек бүгүнкү күндө көпчүлүк салык төлөөчүлөр накталай эмес, которуу жолу менен эсептешүү ыкмасына өтүп, сатыктан түшө турган салыктын көлөмүн нөлгө түшүрүп жатышат. Башкача айтканда Экономика министрлиги которуу жолу менен эсептешүү аркылуу көмүскө экономикадан чыгуу жолун сунуштоодо. Ошол эле учурда ишкерлердин көпчүлүк жааты накталай акча менен эсептешүү жолун колдонуп келишет. Мындан улам министрлик сатыктан алынуучу салыктын көлөмүн көбөйтүү менен, ишкерлерге которуу жолу менен эсептешүүгө (электрон-дук) өтүүнү сунуштоодо.

Буга чейинки Өкмөттүнэлектрондук эсептешүүнү көбөйтүү программасын ишке ашыруунун натыйжасында, бул көрсөткүч өсүп жатыптыр. Же болбосо ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча которуу жолу менен эсептешүүнүн көлөмү 44,2 пайызга чыккан.

Ошону менен министрлик электрондук эсептешүүгө өтүү экономикага жан киргизет деген пикирде. Муну менен финансы ресурстарына тез жетүү камсыздалып, акча каражаттары көлөкөдөн чыгып, дайыма айланууда болуусу камсыздалмакчы. Андан тышкары тиги же бул ишкана же ишкерлер накталай акча каражатын өздөрүнүн салык отчетторунда көрсөткүсү келбегендиктен, банктык карточкаларга өтүү көмүскө экономиканы азайтары анык.

Азыркы учурда Экономика министрлиги сунуш кылган Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү  сунушу  боюнча  жумушчу  тобу түзүлүп, маселени ар тараптан карап жатышат. Коомдук талкууга коюлган бул сунуш максатка ылайыксыз деп табылса анда Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кароосуна коюлбайт.

Бир сөз менен Экономика министрлигинин банктык карточкаларга өтүү менен көмүскө экономикадан чыгуу жолун сунуштап жатышы туура эле. Бул багытта үч жылдан бери аракеттер болуп жатканын да жакшы билебиз. Бирок, Кыргызстандын шартында толук банкалык карточкалар менен эсептешүү азырынча калктын 30 гана пайызын камтыйт. Мындан улам, айрым эксперттер электрондук эсептешүү банктардын иши, ал эми экономи-ка министрлигинин милдети экономиканын өсүү темпин камсыз кылуу деген ойлорду да айтышууда.

Кандай болгондо да инновациялык технологиялардын заманында көмүскө экономика менен күрөшүү бир жагынан жеңилдесе, бир жагынан таптакыр башка өңүттө өнүгүп кетиши да ыктымал. Мындай шарттарда Экономика министрлигинин мындай аракеттери кандайдыр бир деңгээлде көмүскө экономиканы азайтышы толук мүмкүн.