Өзүн да, элин да баккан бакай-аталыктар

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында Бакай-Ата районуна барып, ал жактагы жүргүзүлүп жаткан күрдөөлдүү, демилгелүү иштердин күбөсү болуп күжүрмөн, иштерман адамдар менен таанышып элет демин сезип келдик. Райондун Кең-Арал аймагындагы Түйтө айылынын жашоочусу Бактыкан Аккайыңова 1999-жылы өздөштүрүүгө алган 2 гектар аянтка уул-кыздары менен алма көчөттөрдү, теректерди отургузуп, бак-шакка айландырган.

Учурда эрте бышкан алмаларды алмагак кылып даярдап, соодалаганды бала чакасы менен жолго койгон. Бир тон-на алмагакты даярдап, килограммын 30-35 сомдон сатканда эле үй-бүлөлүк бюджетке бир топ киреше түшөт. Ал эми алма өрүктөр да киреше берүүдө. Какыраган, суу жетпеген талааны гүлалы кылып жашыл бакка айландырган мээнеткеч эжеге ыраазы болуп, ушундай иштерман адамдар арбын болсо деп ойлоп, ийгиликтерди кааладык.

Райондун  акими  Ч.Төрөкулов  район жетекчилигине дайындалганы сугат суудан көйгөй жок экендигин айтты. Эженин айтымында аким ар дайым иштерман үй-бүлөгө көңүл бөлүп, колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Сырдыбаев Нурландын “Нур” комплекстүү чарбасындагы асыл тукум уйлар 2013-жылы чет өлкөдөн алынып келинген. Эт багытындагы букалардын салмагы 1 тонна 200 кг – 1 тонна 300кг чейин жетет.

Ал эми музоолор 35 миң сомдон, торпоктор 100000 сомдон сатылып, өрөөн гана эмес, башка облустардан кардарлар арбын экен-дигине күбө болдук. Комплекстүү чарбанын жооптуу адиси Карыбай мырза журналисттерге асыл тукум мал өстүрүүнүн машакаты менен бирге анын майнаптуу пайдасы жөнүндө айтып берди. Чарбада ондогон уйлар, букалар өстүрүлүүдө.

Андан кийинки каарманыбыз Шадыкан айыл аймагынын тургуну Темиркан Жолдошев болду. Темиркан мырза эки кабаттуу үйдү салып тегерегин гүлзар кылып жасаптыр. Т-150 жана Т-25 трактору менен өзүнө тиешелүү 50 гектардын 10 гектар төө буурчакты, 20 гектарга чөптү буудайды, бакшакты иштетип, элге да кызмат көрсөтөт. Андан тышкары ал күлүктөрдүн чоң ышкыбозу. “Ат адамдын канаты” деген кеп бекеринен эмес, күлүктөрдүн породасы, аларды таптап, саяпкерлик жасоо өнөрүнө да кызыгып, жылкы жаныбарларына өзгөчө көңүл бөлөт. Күлүктөрдү багууну да колго алган.

К.Акназаров айыл аймагында болсо 1964-жылы курулган эски клубду, 300 орунга ылайыктап ремонттоо иштери жүрүп жаткан экен. Айыл аймак башчысы Урмат Алканов катуу аракеттерди жасап, долбоор жазып, стимгранттан 2 млн. 600 миң сом бөлдүрүүгө жетишиптир. Жакынкы убактарда айыл клубу айыл элине кызмат көрсөтө баштайт. Көк-Таш айылында болсо өнүктүрүү фондусунан 50 орундуу бала 4 млн. 572 миң сом каражат бөлүнүп, жерпайы бүтө жаздап калган экен. Айыл тургуну айылдык кеңештин депутаты Айдар Момун-таев өз бакчасынан 10 сотых жерди бала бакчага өз каалоосу менен бергени чоң өрнөк. Аким жана айыл аймак башчысы Айдар Момунтаевге ыраазы экендигин атуулдук иш жасаганын белгилешти.

Миң-Булак  айылынын  тургуну  Самат  Нусубалиевдин  фирмасы түптөлгөнүнө 10 жыл болгон. Фирма сезондо 1000-1500 тонна төө буурчак даярдап, Косово, Сербия, Словакия мамлекеттерине экспорттойт. Азыркы учурда да 130 тонна төө буурчак экспортко даярдалып турган экен. Сезон учурунда айылдагы 30 адам иш менен камсыз болушат.