Шахрезада АСКАРОВА, ырчы: «Балалыкты эстегенде көз алдыма жол боюнда отурган аталар, апалар, Индия ырлары эске түшөт…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


–  Саламатсызбы,  Шахра  эже? “Кыргыз Туусунун” «Күтүүсүз коңгуроосу” тынчыңызды алып жатат. Эмне иш менен алектенип жаттыңыз эле? Жолтоо болгон жокпузбу?

– Аа… жакшы. Жолтоо болгон жоксуңар. Азырбы? Нан салып жаттым эле. Күн ысый электе бышырып алайын деп.

– Нанды колго бышырасызбы?

– Ооба. Эки неберем бар да. Ошолорго өз колум менен нан жасап берем. Күн алыс балдарым менен гамбургер да жасап алабыз.

– Негизи, ырчыларды эл: “ак кол, ак чүч, эч нерсе жасабай эле сулуулугуна кам көрүп же ырдап отура беришет” деп ойлойт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Эми чыгармачыл адамдардын деле тиричилиги, үй-бүлөсү бар да. Оокат кылабыз кадимкидей эле. Азыркы убакта баары автоматташтырылып, бардык эле аялзатынын түйшүгүн аз да болсо жеңилдетип койду го. Болбосо, түйшүк деген качсаң да калбайт го. Болгону, артисттер кыйналганын билгизбей, жаркылдап жүрүүгө туура келет. Ошондуктан: “Эч санаасы жок, жыргал жашоо эле ушулардыкы”, – деп ойлошот.

– Аял-энелик жана ырчылык түйшүктү бирдей алып жүрүү оор эмеспи?

– Негизи кыйын эле. Эгерде үй-бүлөң колдосо, баары жетиштүү болуп турса – баары сонун! А болбосо оор эле болот. Бирок  тирүү  жан  болгондон  кийин  баарын көтөрөсүң да.

–  Өзүңүз  кай  жердин  кызысыз? Ата-эне, бала чак, бир туугандар?Эстегенде көз алдыга эмне биринчи тартылат?

– Мен өзүм кең Сары-Өзөн Чүйдүн кызымын, Сокулук районунан болом. Энемдин колунда жалгыз чоңойгом. Айылда аталаш бир туугандарым бар, алар менен кичине кезимден бери аралашып, бирге өсүп, катышып турабыз. Балалык деген сөздү укканда Белогорка айылымда өткөн, советтик доордогу бала чагым, айылым, жолдун четинде отурган апалар, аталар, ошондо ырдаган “индийский” ырларым эсиме келет. Айылда жүргөн кезибизде чоң шаарга барсак экен, ошол жактан окуп, иштесек экен деп кыялданчубуз да. Ошо кезде мени баары: “Ырчы болот”, – деп үмүт кылышчу. Энем эле: “Тикмечи бол”, – дей берер эле.

– Ырчы катары алгачкы ырыңыз жана элге тааныткан ыр?

– Адегенде, окуучу кезде жалаң индия ыр-ларын ырдачумун. Башка ырды деле сурашчу эмес. Ал кезде индия кинолору, индия ырла-ры мода болчу. Анан 9-класста окуп жүрүп бир сынакка катышып калдым. Бул менин кыргыз телеберүүсүндөгү биринчи дебютум болду. “Сүйүү ырлары болбойт, патриоттук ыр керек”, – дегенинен Куба эл ыры «Бандера россаны” ырдагам. Андан кийин «Наристе» тобунда ырдадым. Менин атым ырчы катары ушул топко келгенде таанылды. Кай жерге барып концерт койбойлу, эл толтура. Аспаптарыбыз, костюмдарыбыз укмуш эле. Борборго койгон концерттик программабыз менен айылдарды кыдырчубуз. Эл кызылча чаап иштеп жүрсө, биз ошол талаага барып эле концертибизди коё берчүбүз. Гастролдон келгенде филармониядагылар: «Наристе» келди, айлык алат экенбиз да», – деп сүйүнүп калышчу.

– Чыгармачылык ийгиликтер, изденүүлөр эми кандай?

– Жакшы. Күзүндө мааракелик концертимди өткөрөйүн деп, ошого даярданып чуркап жүрөм, буюрса.

– Тойлорго да барып, ырдап турасызбы?

– Тойго анда-санда эле барам. Көбүнчө шаардык интеллигенттер чакырышат. “Нан болсо,  ыр  болот”  дечү  эмес  белек,  анын сынарындай,тынчтык болуп эле жакшылыктарга кызмат кылалы.

– Жүрөгүңүздө сиздин ураанга айланып, ар дайым жүргөн каалоо?

– Эне катары, жаран катары: “Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссө экен” деген тилекти басып-туруп Кудайдан сурай берем. Балдарыбыз жакшы жашоодо жашаса экен дейм.

– Айтмакчы, чоң эне, кайнене болуу да чоң түйшүк эмеспи?

– Неберелерим менен кошо окуйм, кошо ойнойм дегендей. Кээде жумшак, кээде катуу чоң энемин. Өз балдарымды энем тарбиялаган. Эми мага кезек жетти окшойт. Жакшы окушат, каратэге барышат. Үйдө бош убактыбызда чогуу шашки ойнойбуз, ара чолодо талашып-тартышып карта ойнойбуз. Кудайга шүгүр, чоңоюп келатышат. Уул-келиним болсо өздөрүнчө. Алыста. Ошондуктан келиндин деле кызматын көрө элекмин. Бирок бат-бат кабарлашып турушат

– Небелериңизди ырдатып да жатсаңыз керек?

–  Аларга  ырды  таңуулаган  жокмун. Өздөрүнө койдум. Бизди айылдан эч ким даярдабай эле, өзүбүз чалынып- чулунуп, издеп-таап алып эле ырдап жүрчүбүз да. Ичинде идиреги болсо, бир күнү чыгар дейм.

– Бар болунуз, эже.