Алыкул Осмоновдун Сагымбай жана Ак Молдо (Ыбрайым Абдырахманов) жөнүндө публицистикалары

 

Кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов акын, котормочу гана эмес, эң мыкты публицист да болгон. Өз доорунун чыгаан инсаны катары ар түрдүү темаларда коомчулукту ойго салган публицистикалык макалаларды да жазган. Айрыкча анын улуу манасчы Сагымбай Орозбаков жөнүндөгү публицистикасы күнү бүгүн да актуалдуу. “ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп эсептелет. Биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек” – деген Алыкул алп Сагымбайдын ким экендигин бул макаласында таамай ачып берген.

Макаланын баалуулугу Алыкул Сагымбайдын көзүн көрүп калган адамдардын айткандарынын негизинде жазгандыктан, кудум сөз менен сүрөтүн тарткандай улуу манасчынын келбетин даана берген. Ошондой эле Сагымбайдан Манасты 4 жыл жанынан чыкпай жүрүп жазып алган, ошонусу менен кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирген Ыбрайым Абдырахманов (Ак Молдо) жөнүндө да “Манастын мурасчысы” деген эң мыкты макаласын жазган. Аныгында бул кишинин эмгегине азыр да мамлекеттик деңгээлде баа берилбей келет.

Төмөндө Алыкул Осмоновдун ушул эки макаласын тең жарыялап жатканыбыздын себеби, “эр кадырын эр билет” дегендей, анын “Манас” эпосуна, алп Сагымбайга жана андан жазып алып, кыргызга кылымдарга өчпөй турган кызмат кылган, манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбрайым Абдырахмановдун мээнетине берген баасы аркылуу, улуу акындын суктанарлык ой-чабытына, инсандык позициясына дагы бир жолу көз чаптырып чыгууга чакырып жатканыбыз. Айтмакчы, быйыл Ыбрайым Абдырахмановдун туулгандыгына 130 жыл болот.

Сагымбай Орозбаков

Кыргыз эли элдик чыгарманын дайрасы болгон “Манас” эпосу менен мактана алат. Жакында орус тилинде басылып чыккан (котормосу Пеньковский, Тарловский жана Липкиндики) ушул эпостун бир тому “Чоң казат” ого бетер эң жакшы иш болду. Муну окуган орус окуучулары кыргыз элин көз алдында: таланттуу, баатыр, ак көңүл эл катарында элестетип, аны кандайдыр сүйүүчүлүк менен карайт.

Биз, кыргыз эли, кыргыз интеллигенттери, кыргыз жазуучулары менен кыргыз илимпоздору бул иште өз милдетибизди жакшы аткара албадык десек болот. Анткени, дүйнөлүк даражада турган улуу эпосубузду тийиштүү түрдө эл көзүнө көрсөтө албадык. Эпос жөнүндө илимий талдоолор, тарыхый изилдөөлөр ушул күнгө чейин ойдогудай жүргүзүлгөн жок. Булар болбой туруп, эпосубузду окуучуларга кургак сунуу уят иш.

Көп жолдоштор “Манасты” “редакциялоо”, “рецензиялоо”, “кыскарта коюу”, “либретто түзө коюу” менен чектелишип, колдорунан келе турган олуттуу иштерге чыгына алышпай жүрүшөт.

Албетте, эпосту түзгөн – эл, аны элге жеткирүүчү: анын айтуучусу, же жомокчусу – манасчы. Мындайча айтканда, эмгектин чоңу – акындыкы, манасчыныкы. Бизде кээ бир артта калган “Манасчы деген эмне, ал айта берет да” деген түшүнүк бар.

Жок, андай эмес. Менимче бардык касиет манасчыда. Манасчы ал, биринчиден, акын, тарыхты жакшы билген акылга бай адам. Экинчиден, тубаса элдик артист. Ошондуктан окуучуларыбызга манасчыларыбыз-ды тааныштыруубуз биринчи парз болот.

ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак  уулу  болуп  эсептелет. Бирок, биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек. “Манас” эпосунун 1100 жылдык юбилейине байланыштуу, мен бир-эки ооз сөз жазгым келет.

Кыргыз тили жана адабияты менен тарыхынын илим-изилдөө  институту  “Манас”  эпосун  жазууну 1922-жылдан баштап, ушул күндө да жүргүзүп жатат. Анын карамагында 13төн ашуун вариант болуп, 1000 басма табак ыр бар. Анын 400 басма табагы Сагымбай Орозбак уулунуку, калгандары Саякбай, Жаңыбай, Шапак, Байымбет, Ыбрайым жана башкаларыныкы.

Мен түздөн-түз муну айтар элем, эгер ушунун  ичинде  кокус  Сагымбай  Орозбаковдуку болбосо,  анда  калгандары  биздин  “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагымбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагымбайды окуп туруп, баш-калардыкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң.

Биздин кыргыз акындары айткандай: “Сагымбайдын бир сөзү – бир аттык”… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда, орус классиктерин жана Күн батыш адабияты менен тааныш биз сыяктуу кишилерге: Сагымбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп сезилет.

Биз орустун улуу чеберлерине баш ийгендей, Сагымбайга да баш ийебиз. Ал бирдемени үйрөнүп алып, же жаттап алып айткан жамакчы эмес, ал улуу акын. Ал улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири.

Аны кандай гана шартта окугун, баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө, эркинин күчүнө айкалышкан сөз тизмегине, сонун образдарына тамшандырып, баш чайкатат. Аны окуп олтурганда эрксизден: “Кайран Сакем” деп жибересиң.

ХХ кылымда Сагымбайдын күчүнө тете акын туула элек десек жаңылышпайбыз. Ал элдик адабияттын пири катарында сезилет да, улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.

Сагымбай 1807-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабында “Кабырга” деген сууда (азыркы “Тору Айгырда”) туулган. Атасы Орозбак Ормон хандын кернейчиси болгон, агасы Алишер эл көзүнө көрүнгөн кадимкидей эле манасчы болгон. Кийин иниси атагы чыкканда, агасы “Манас” айтууну коюп койгон.

Сагымбай элдик легендада айтылгандай, 14, 15 жашынан эле “түш көрүп” жана Тыныбектен үйрөнүп ма-насчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып Ысык-Көл, Тянь-Шань өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Алайга чейин айткан. Ошол “Манас” айтып барган бир жылы Чүй өрөөнүнөн 400 кер кашка жылкы айдап келген эле дешет. Казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете болгон. Отуз жашында Сары-Үйсүн, Кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда, тигилер: “Биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок” дешкен экен.

Сагымбай өз доорунун бардык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.

Кыргыздын  улуу  акыны  Токтогул  менен Кетмен-Төбөдөн кезигишкенде, Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тынбай айтыптыр, ошондо Токтогул: “Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым” деген экен.

Эл  артисти  Молдобасан  Мусулманкулов: “Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз” – деген.

Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да “Манасты” айткан. Синь-Цзяндын кыргыздарынан да буга тең келген акын жана манасчы чыккан эмес.

Сагымбайдын вариантын жазуу Октябрь революциясынан кийин башталды. Аны жаздыруу орус илимпоздорунун демилгесинен болду.

Жазууну баштоонун жылдары (1922-жылы) советтик курулуштун балалык доору эле, кыргыз феодализминин такыр жоюлуп бүтө элек учуру болучу. Андыктан, ал кездеги тайкы адамдар, жек көрүндү улутчулдар бул ишке жакшы маани беришкен эмес.

Сагымбайга жардам берүүнүн ордуна: “Сен саяксың, андыктан манасыңды өрттөп салабыз” деп уулашкан. Улуу манасчы ага карабастан, жанына чын дили менен “Манаска” берилген Ак Молдону (Ыбрайымды) ээрчитип алып төрт жылы бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калам акы да алган эмес. Бир күнү “Манасты” жаздырып жатып, Ыбрайымга: “Азыр-кыбызга  кейибейли,  кийинки  укум-тукумубуз үчүн  кейийли,  жүр  нарыга  салбай  жакшылап айтып, жакшылап жазалы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге рахмат айтышат” – деген экен.

Анын бул акылман сөзү айтканындай эле бар. Албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда. Аны уулаган уруучулдар арабыздан алда качан тазаланган.

Сагымбай кийин колхоз курулушу доорунда да кыргыз жерин бүт кыдырып “Манасты” айтып жүрдү. Октябрь революциясы орнор замат революцияны жана Ленинди “Манас” күүсүнө салып… ырдап жүрдү. Кыргыз жеринин кай жерине барсаң да Сагымбай жөнүндө сөз кылышат. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, адилдикке, биздин бактылуу болочогубузга жетелеген акын болгон. Анын “Манас” эпосунан башка биздин күндөр жөнүндө ырдаган сонун ырлары бар.

Эл аны жалаң гана акын, же манасчы катарында баалабай, аны көрөгөч касиеттүү киши катарында да баалашкан. Ошондуктан өз балдарынын атын Сагымбай деп койгондор да болгон.

Кээ бир учурларда (эл колхоздошкон учурларда) малга кырсык учурап, өлүм-житим болгон жерлерге: “касиети тиет” дешип Сагымбайды чакыртып барышып “Манас” айттырышкан. Ошол сыяктуу адамдын оорусуна, балдардын жайылма ооруларына “Манас” айттырышкан.

Ысык-Көл, Фрунзе, Талас, Тянь-Шань жана башка облустарга барып Сагымбай жөнүндө сурасаң, четтен чыгып айтып беришет. Элдин арасында анын образы мындай айтылат: “Жазы маңдай, жалын көз, бетинен ырыс тамган, ырына ооз ачкандан тең келбеген, жайкалган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, салабаттуу, чексиз адамгерчиликтүү, кыргызда чанда туулган бир адам эле”.

Кыргыз эли өзүнүн улуу манасчысын жанындай сүйөт. Анын түзгөн элдик образдары биздин социалисттик доордун баатырлары менен жана биз куруп жаткан коммунизмдин баатырлары менен байланыштуу.

Кыргыз жаштары Сагымбайдын “Манасын” окуу менен коркпостукту, болочокко жайдары кароону, жаңы доордун сонун иштерине ак ниет жана берилгендик менен кызмат кылуунун касиеттерин үйрөнүшөт.

Алдыбызда боло турган “Манас” эпосунун 1100 жылдык юбилейи, кыргыздын Гомери – Сагымбай Орозбак уулун да айрыкча белгилеп кетүү керек. Ал гана эмес, анын туулган жана өлгөн жылдары (ал 1930-жылы 63 жашында, Кочкор районунда “Кош-Дөбө” кыштагында өлгөн) улуу акындар катары эскертилип туруу керек.

Алыкул ОСМОНОВ, 13/XII – 1946, Чолпон-Ата

(Уландысы бар)

Алыкул Осмоновдун Сагымбай жана Ак Молдо (Ыбрайым Абдырахманов) жөнүндө публицистикалары: 1 комментарий

Комментарии запрещены.