Жогорку сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган эле.

Эске сала кетсек, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген.

Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып, УКМКнын СИЗОдо кармоо чечими кабыл алынган.