Бурулкан КАРАГУЛОВА, акын: “Жазуучунун келини болгонума сыймыктанбайм, капа да болбойм…”

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Бурулкан эже, акын кыздардын арасында башкаларга окшобогон өзгөчө үнүңүз, өзгөчө жолуңуз бар акынсыз. Тагдырыңыз да кызык… Айтмакчы, бир убакта чыгармаларыңызды “Сактанова” деген псевдоним менен жазып жүрдүңүз. Кайнатаңыз менен сыймыктансаңыз керек?

– Мен жазуучунун келини болгонума сыймыктанбайм да капа болбойм. Тек гана, тагдыр деген ар кандай болот экен, ага баш ийет экенбиз. Нурбек экөөбүздүн жашаганыбызга 20 жыл болду. Кезинде бизди аябай кеп кылышты, гезитке жазышты. Кийин унутуп салышты. Нурбек үйүнө барып, мени менен жашап жүргөнүн айтса, атасы батасын бериптир. Бир жолу кызымды ээрчитип кетип баратсам, кайнатам (Көчкөн Сактанов) филармониянын жанынан жолугуп калды. “Токточу. Ушу жерден мына күндү карап батамды берип коёюнчу”, – деп бата берди.

–  Жолдошуңуз  тууралуу  китеп жазууңузга эмне себеп болду экен?

– Нурбектин оор тагдыры менен кабардар болгонум себеп болду го. Ошентип, өмүр баянын китеп кылып жазып, чыгарып салдым. Атабыз: “Келин жаагын жапсын”, – деп ар кимден айттыра берди. Бул эми өзүнчө эле узун тарых.

– Көчкөн агай уулу менен мамилеси кийин жакшырганын айттыңыз эле?

– Ата-баланын катышы, атабыз качан гана инсульт болгондон кийин жакшырды. Нурбекти чакырып, тууган уруктары менен, Алайдан чыккан белгилүү адамдар менен тааныштыра баштады. Ага чейин: “Эки уулум, бир кызым бар”, – деп интервью бергенин Нурбек капысынан окуп алып: “А-ай, атам-ай, мени мынча кордойт”, – деп жаман болгон. Башка эч нерсе деп кеп кылган жок. Мен гезиттерге көп макала жазчумун, ар кандай псевдо-ним менен, ошонун бири “Ордо” гезитине Б.Сактанова деп кетирген элем. Мени дайыма окуп жүргөн кайнатам, ошону билип коюптур. Динара Бейшеналиевага чалып:  “Бурулканга айтып кой, менин фамилиям менен жазбасын”, – деп айтыптыр. “Ал өзүнүн күйөөсүнүн фамилиясы менен жазып атат” дебейсиңби“, – дегем Динарага. Ошентип, туугандары менен толук таанышып бүткөндөн кийин Нурбек: “Атам чалып атат”, – деп кетип, кеч келчү. Кийинки жылдары машинасына салып алып, барам деген жактарына ташып жүрдү. А биз Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгондуктан, чогуу иш-чараларга катышчубуз. Сырттан тепкичтен кармап киргизип, чыкканда чыгарып коюп жүрдүм. Нурбекти эле айта берчү. “Сонун балам эле, мен күнөө кетирип алдым, окутпадым, кийинтпедим, ичинтпедим. Мени эми кечиреби?” – дечү. “Аны өзүнөн сурабайсызбы, күндө ээрчишип жүрөсүз го”, – дечүмүн. Жазуучулардын бир тоюнда кичине кызып калган: “Балам, мени үйгө жеткир”, – деди. Мен таксиге салып жибердим. Ушинтип эле боорго тартып калган. Мен ал кишиге кек сактаганым менен, Нурбек өзү кек сактаган жок.

– Көпкө оорудубу?

– Былтыртан бери төшөктө жатып калган. Ооруканада жатканда жолдошум тынбай барып жатты,  бирок,  байбичеси   чыгарып кетти ооруканадан. Нурбек дары-дармектерин алып барып берип атты. “Сен да көрүп кой, жүр”, – деп мени ээрчитип үйүнө алып барды. Төшөктө жатыптыр. “Кел, кир”, – деди. Мен шак эле Нурбектин кичинекейиндеги сүрөтүн көрүп калдым. Кичирээк портрет кылып жанына коюп алыптыр. “Биздин сүрөт го?” деп койдум. “Аа, булбу? Бул менин Нурбегим кагылайын. Мен Нурбекти жакшы көрөм. Ушуну кичинесинде беш жашында тарттыргам. Ошондон бери сактап, маңдайыма илип келатам”, – деп ыйлады. Мен аябай таң калдым, байбичеси киргенде унчукпай калды. Жаныбызда иниси (кайнагам) да бар болчу. “Нуке, садага, мени ечирип кой а, балам?” – деди ыйламсырап. Нурбек сөздү буруп кетти: “Сиз эмне күнөө кылдыңыз беле, андан көрө тез айыгып кетиңиз”, – деп.

“Алайда өтө турган менин юбилейимди сен өткөрүп келесиң эми, сен турушуң керек башында”, – деди. “Макул, ата”, – деди күйөөм. Алайда туугандары, санаалаштары 75 жылдык юбилейине катуу даярдык көрүп жатышкан. Былтыр октябрда өтмөк. Өзүнүн чыныгы жашы боюнча 80ге чыкмак быйыл. Кайнежемдердин айтуусу боюнча, төрт жылга кем жазып, туулган жылын өзгөртүп алыптыр.

– Окурмандарга түшүнүктүү болсун  үчүн,  тактап  коелубу? Нурбек атасынын биринчи аялынанбы?

– Ооба. Ал кезде заман ошондой эмес беле, атабыз партияга өтөм деп Нурбекти адегенде Шалта айылындагы таенесинин колуна бериптир. Андан: “№ 5ке окутам, чоң окууга киргизем”, – деп алып келип, № 3 интернатка ата-энеси жок бала деп өткөрүптүр. Ишемби, жекшемби сайын атасынын үйүнө келип турган. Берки эки бир тууганы менен мамилеси жакшы. Үчөө тең окшош.

– Атаңыздар каза болгонун элге сиз Америкада жүрүп кабар айттыңыз го?

– Ооба. Кабарды Нурбекке өгөй энеси чалып айтыптыр. “Атаң эртең менен үзүлдү”, – деп. Жолдошум дароо мага Америкага чалды: “Атам өтүп кетиптир”, – деп калчылдап алыптыр. “Белиңди бекем буу, бардыгынын атасы өтүп кетет, бир эле сеники эмес”, – дедим. “Жазуучуларга кабар бериш керек, менде эч кимисинин телефон номери жок”, – деп анан атасынын үйүнө жеткенден кийин Нурбектин шаштысы кетти. Ошон үчүн кайнатамдын о дүйнө салганын жамы журтка жеткирип, фейсбук талаасына жаздым. Эл да туура түшүнөөр.