“Мен робот эмес, аял болгум келет…”

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Макалабыздын каарманы менен социалдык түйүндөрдүн биринде маектештим. Өзүнүн тагдырын, же болбосо учурда башынан кечирип жаткан абалын гезитке жарыялап коюшумду, бирок жашаган жерин жана аты-жөнүн атабоомду суранды. “Ансыз да араң турган абалды ого бетер оорлотуп жибергенден корком. Анткени менин ачыкка чыгышым менен эле баары жай-жайына келип калбасын билем. Тескерисинче баарын татаалдантып алышым мүмкүн”, — дейт маектешим. Тек гана бул жашоо, бул тагдыр башкаларга сабак болушун кааларын жана бул тууралуу башкалардын ой-пикирин уккусу келерин билдирди. Айжамалдын (өзгөртүлгөн аты) таржымалы мындай экен.

Балким мен акылсыздырмын? Балким, чечкинсиздирмин? Балким, чыны менен эле эч кимге керегим жок, “ашка жүк, башка жүк” бирөөдүрмүн? Билбейм. Бирок мына ушул сапаттардын баарынан суурулуп чыгып кетүүгө менде кан-чалык мүмкүнчүлүк, жол болуп туруп, анте албайм. Тескерисинче, ошол мени кыйнап, эзип жаткан жашоого бекинип, байланып, тартыла берем. Эмнеге дейсизби? Анткени мен жолдошумду жакшы көрөм. Сизге тек гана “жакшы көрөм” деп сыйдалап айтып жатпаймынбы. Мен аны сүйөм! Мен ансыз жашай албачудай туюлам. Мен ансыз бул жашоону элестете да албайм! Мен ансыз бир күн өмүр сүрө албайм. Эгерде мен андан ажырап кетсем эле, ай ааламга түн түшүп кала тургандай корком! Мен аны жоготкум келбейт!

Бирок  ал  да  мага   адегенде  ушин-тип айтчу. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп эле баш кошконбуз. “Жалгыз уул болгон жа-ман экен, көп балалуу болгум келет”, – дечү. Балканактай кылып, удаа-удаа үч уул төрөп бердим. Ар бир балам боюма бүткөн кезде мен жолдошумду “ата” кылып, бакты-луу кылып жатам деп сүйүнчүмүн. “Коё туруп төрө, балага байланып эле жылда төрөбөй”, – дегендерди уккум келчү эмес. Албетте, жолдошум да адегенде кубанып жүрдү. Бирок азыр канча бала төрөсөң деле баары бир сыяктуу мамиле кылып калды.

Анткени кайненем ар дайым: “Бала – белде, катын – жолдо!” – деп кулагына куюп, какшай берчү болду. Күйөөм экөөбүздүн жакшы мамилебизди, бири-бирибизге жы-луу сөзүбүздү күнөө, уят нерсе катары ай-тып: “Жаман эркек катынсаак болот!” – дей берип, жолдошум менден алыстап кетти.

Эртең менен ал ишке кетип жатканда дарбазага чейин чыгып, узатып койчу адатым калды. “Эй, салбар, кайда?!” – дейт да, көз огу менен мени бир акшырая “атып” коёт. Четтеп кала берем. Эшикке өзү чыгат. Баласын бетинен өөп, маңдайынан сылап узатат. Мен терезеден карап турам… Билесизби, балага эненин батасынан, каалоо-тилегинен өткөн эмне бар деңизчи, бирок мен да аял катары жолдошумду эртең менен ишке узатып, кечинде күлүп-жайнап тосуп алгым келет. Ага эч ким жок жерде бой таштап, мойнуна колумду ороп, эрке-легим келет. Бирок мунун баарынан мени апасы четтетип салган. Жолдошум да ме-нин жароокер мамилемди күнөө катары көрүп, жакындасам эле денесин оолактатып, итерип койчу болду.

Мунун баары чети гана…

Кептин баары жолдошум кетип, апам экөөбүз жалгыз калган кезде башталат. Бул учур мен үчүн дүнүйөнүн тозогу! Андайда менин атым да өзгөрүп: “Эй, итирепай!” болуп калат. Муну да ушундай бир кекээр менен, жек көрүү менен айтат дейсиз!

– Эй-й, итирепай! – дейт. – Ушу сени Кудай албай койду го! Ушу сага кайдан гана балам кабылды экен?! – деп, ушундай бир улутунуп, кейийт дейсиз. Кээде жасап жаткан ишимди жактырбай колго чаап ийген да учурлары болот. Эмне жазыгым үчүн ошентерин такыр түшүнө албай койдум. Оокатка деле тыңмын. Бир жерге чаң жугузбай, баарына жетишкенге аракет кылам. Апама жагыш үчүн кээде баарын уктатып коюп, таң атканча бар жумушту бүтүрүп, эртең мененкиге сюрприз жасап койгонго аракет кылам. Кайненеме жаксам эле, баары жакшы болуп кетчүдөй сезилет. Ошонум да бирок жакпай калды: “Түн каракчысындай болуп, кылдырт-шылдырт кылып, адам-дын тынчын аласың! Жада калса түндө да сенден эс албас болдум!” – деп кейип-кепчий баштады. “Апамды укпайсыңбы, эс алдырасыңбы?” – деп жолдошум капа болгонунан, анымды да койдум. “Жакшынакай эле балам бар эле, сен келгени өзгөрдү!” – дей берет. Баласынын кабагы бүркөлүп келсе да мен күнөөлүү, кээде түнү менен келбей калат, анда деле мен күнөөлүү. Ишинен бир нерсе болсо деле мен күнөөлүү, жада калса тиши ооруса да мен күнөөлүү. “Ушу келгени оңолбой кал-дык!” – дей берет.

Балдарымды эркелетип, өпкөнгө да тыюу салган. “Илгери биз эне-аталардын көзүнчө балдарыбызды өпчү эмес элек, эмки келиндерде бет жок”, – дейт. Апамдыкы  бир  чети  туура  деңизчи,  менин өзүмдүн апам деле неберелерин байкем менен жеңемден кызганып калар эле. Бирок мынчалыкка барчу эмес. Эс кирип калган балдарыма: “Ошол Айжамал кара жерге кирсин, силерди тууганы эле болбосо, эмизгени эле болбосо, эне болуп жыргаткан жок”, – деп жамандап, кулактарына куя берет. Балдарым да менден бойлорун ала качып, чоочунсуп баратышат.

Мен бул үйдө, кайненем айтмакчы, тек гана жүргөн каракчы болуп калдым. Менин сезимим. Менин абалым, маанайым, көңүлүм менен эч кимдин иши жоктой. Менин кара күчүм, кылган кызматымдан башка, эч кимге деле керегим жоктой. Чынымды айтсам, өзүмдү үй кызматын жасаган малай сыяктуу сезчү болдум. Кетип калайын десем, жолдошумду жакшы көрөм, балдарымды таштай албайм.

Башым туман. Акылым жетпейт. Адегенде: “Келин деген, аял деген ушундай болот турбайбы”, – деп түшүнчүмүн. Бирок, мага мындай жашоо, мындай мамиле жакпай барат. Мен робот эмес, аял – сүйүктүү жубай, бактылуу эне болгум келет…

Эмне кылышым керек?