Бишкек– адам ысымы эмес, ыйык – тоонун аталышы!

Быйыл Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жаткандыгына байланыштуу КРнын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин Бишкек шаарынын тарыхы боюнча изилдөөсүн жарыялайбыз.

Бишкек – нукура аталыштын кайрылып келиши

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  1991-жылдын 5-февралындагы чечими менен эгемендүү Кыргызстандын борбору жаңыча «Бишкек» деп аталганына быйыл 27 жыл болду. Бул аталыш Ала-Тоо тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан алгачкы айыл – турактын нукура  өз  аты  экендигине  баарыбыз ынандык. Бирок, бул сөздүн түпкү мааниси эмдигиче илимпоздор тарабынан толук ачыла элек бойдон кала берүүдө. Ал эми, 2018-жылы Бишкектин шаар статусуна ээ болгондугуна 140 жыл болду. Борбор шаарыбыздын нукура негизделиш жашы, тарыхтын тереңинде белгисиз бойдон калууда. Аны тактап аныктоо – келечекте тарыхчылардын милдети экени шексиз. Азырынча биз шаарыбыздын ысымы жөнүндө изилдөөбүздүн натыйжалары тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

Менин  оюмча,  изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү бул сөздүн этимологиясын (келип чыгышын) талдоого жасаган аракеттеринде эки башка түшүнүктү: Бишкек-Пишкек деген топоним (жердин аталышын) менен Бишбек-Пишпек антропонимин (адамдын ысым-атын) чаташтыруусунда болуп жаткан сыяктуу. Алгач, түрк тилдериндеги калктын сүйлөөшүүсүндө «б» жумшак үнсүз айтылышта «п» каткалаңга жана созулма «и»нин созулма «е»ге өтүп кетээри мыйзам ченемдүү (ассимиляция) көрүнүш экендигин айта кетели. 1878-жылы 29-апрелде Россия империясынын Жети-Суу облусунун борбору Токмок уездинен Пишпек айылына которулган. Ошондон бери бул жер шаар

статусуна ээ болгон. «Пишпек» аталышы, дегинкиси, орустардын бурмалап «Биш-кекти» өзгөрткөндүгү экенин 1876-жылы эле биздин кыргыз аймагында болуп кеткен орус археологу Н.Н.Пантусов белгилеген. Анын бул эскертүүсүнүн тууралыгын Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен табылган архивдик документтер да күбөлөп турат. Алсак, орус аскери — есаул Абакумов сибирлик кыргыздардын начальниги генерал-майор Вишневскийге жиберген 1847-жылдын 12-ноябрындагы рапортунда «ташкенттик» коргон (чеп) Бишкекке баарынан жакын көчүп жүргөн Жангарач (Эшкожо уулу – 1792–1864-жж. жашаган кыргыздын солто уруусунан) манап туурасында билдирген. Көрүнүп тургандай, алгач орус аскерлери XIX кылымдын орто ченинде эле Бишкек деген жердин атын (топоним) дээрлик так атай алышкан.

Ала-Тоо  аймагынын  башкаруучусу, орус аскер кол башчысы Г.А.Колпаковскийге кыргыз жетекчилери тарабынан 1861–1863-жылдар аралыгында жиберил-ген араб шрифинде жазылган үч каттын түп нускаларында бул топоним-коргондун аты төмөнкүдөй берилген: Бишкак, Пишкек жана Фишкак.

1937-жылы Токио шаарында жарык көргөн «Да Цин Сюаньцзун Чэнхуанди шилу» – «Улуу Циндин Сюанцзун Чэн-хуандинин башкаруу жылнаамасы» аттуу кытай тилиндеги китебиндеги 131 баптын

16-17-беттеринде жана 137-баптын 6-беттеринде Цин императору Миньшиндин казак султаны Аблай Адилдин уулу менен 1827-жылдын аягынан 1828-жылдын июнь айы мезгилиндеги кат алышуу документтеринде буруттардын (кыргыздардын) жеринде курулуп жаткан «Писыгэкэ» аттуу коргон (крепость) беш ирет эскертилет. Казакстандык окумуштуу кытайтаануучу синолог-котормочу К.Хафизова ал топонимдин жазылышын орус тилинде «Бишкек» деп берген. Бир аз мурдараак, ушул эле топоним, ошол эле кытай булактарынан кыргызстандык синолог Н.Мадеюев тарабынан жогорудагыдай которулуп, илимий чөйрөгө маалымдалган болуучу.

Ал  эми  1870-жылдарда  жазылган ортоазиалык орток түрк (өзбек) тилиндеги «Тарих-и Шахрухи» – «Шахрухтун тарыхы» аттуу жыйнактын автору мол-до Нийяз Хоканди бул топонимдин атын «Пишкек»  деп  берет.  Демек,  жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде бул жердин аталышы ХIХ кылымдын башынан ортосуна чейин «Бишкек» болгондугу анык десек талашсыз.

Бышкекпи, Бышкакпы же Бышкычпы?

Жергиликтүү  айыл  билерман-дарынын  бул  топонимди көчмөндөрдүн үй тиричилик буюму – бышкек сабада кымызды бышуучу таякча менен байланыштырган түшүндүрүүлөрү, 1970-жылы эле филология илиминин кандидаты, жазуучу Шаршенбек Үметалиев тарабынан негизсиз деп четке кагылган. Айтмакчы, бышкек сөзүнүн мындайча жазылышы, бизден мурункулар жазып келген «бишкек» дегенге караганда, маңызын бир топ тагыраак ачып көрсөтөт, анткени анын уңгусу «бышуу» деген этиштен түзүлгөн, ал эми бишкек дегенде сөздүн нукура мааниси бурмаланып – «бишкектөө» сөзүнө жакын-дап: «сайып-тешүү» түшүнүгүн билдирет. Бышкек – көпчүлүк көчмөн элдеринин үй тиричилигинде колдонуучу буюм.

Кыргызстандын ар кайсы региондорунун карапайым (илимий – популярдуу басылыштардан кабарсыз) калкынын арасында ар кандай вариантта аталышы да муну ырастайт. Маселен, Кыргызстандын түндүк тараптарында – Жумгалда жашагандар, сабадагы тайякчаны «бышкыч», Сокулуктагы Туз айылындагылар “бышуур” (бышып-ур) дешсе, түштүктө «бышкак» (бышып как) делет. Белгилүү жазуучу, кыргыз кара сөзүнүн чебери Ашым Жакыпбеков (1935–1994) да муну 1991-жылы эле “бышкек” деп жазыптыр. Биздин тилдик тектештерибиз – тувалык түрктөр муну «бышкы», алтайлыктар “пышкы” деп аташат. Ал эми хакас туугандарыбыз аны «пысхы» дейт экен. Мындан биз «пишкек» же «бишкек» деген (орус тилинин таасиринде) бурмаланган түрүндөгү сөздүн, жакынкы эле мезгилде нукура аталышы «бышкыч» же “бышуур” деген буюмга таңуулангандыгын баамдасак болот.

1991-жылы 6-февралда Москва шаарындагы  Россия  “Время”  («Мезгил») телеберүүсүндө, журналист В.Федоровдун репортажында Кыргызстандын борбор шаарынын атынын өзгөрүшүн алдыда айтылган Бишкек – «айыл билермандарынын» тайыз түшүнүгүнүн негизинде, үй тиричилигинде колдонуучу буюм (таяк) деп чечмеленип берилиши, коомчулук тарабынан кыргыздардын улуттук сезимине кол салгандык катары кабылданганы да эсибизде.

Беш бийиктикпи же беш бекби?

Белгилүү  топономист  Эдуард Мурзаевдин  маалыматы  боюнча,  1963-жылда  эле  казак  окумуштуусу Е.Койчубаев Пишпек деген топоним пиш (беш) жана пек (беек – казак тилинен – Д.С) – бийик деген сөз айкалышынан түзүлүп, мааниси беш бийиктикти билдирет деген пикирин айткан экен, бирок бул ой 1974-жылга чейин топонимия адистеринин колдоосуна ээ болгон эмес. Бизге да бул ой эч бир тыянаксыздай сезилет.

Ал эми бул топоним «беш» жана «бек» деген эки сөз бирикмесинен түзүлүп беш бек маанисин берет деген элдик түшүнүк да илимпоз адистерди ынандыра албады.

Пишпек – тоо этегиби же Жетим Тообу?

Басма сөз бетинде Кыргызстандын географиялык коомунун президенти Садыбакас Өмүрзаков «Пишпек» деген топонимдин пайда болушу биздин замандын ХII кылымынан эрте доорго таандык жана ал иран-согди жана түрк сөздөрүнүн «гибридинен» түзүлүп, мааниси боюнча алды жак, этек, жака же тагырагы – тоо этегиндеги жер дегенди туюнтат деп божомолдоо айткан эле. Эгер бул ойду туура деп карап көрсөк, тоолуу Кыргызстандын чегинде мындай «Пишпек» деген топоним көп жерден жолукмак (мисалы: Ак-Суу– Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Баткенде жайгашкан; Балыкчы–Ысык-Көлдө, Ошто; Кайрыма – Ысык-Көлдө, Чүйдө, Жумгалда; Кызыл-Үнкүр – Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда; Кызыл-Ой – Чүйдө, Жумгалда, ж.б.) тилекке каршы мындай аталыш бизде жалгыз эле. Кыргыз топоними «Бишкек» калыбына келтирилгенден кийин филолог Ишен Айтмамбетов өз түшүндүрмөсүн берген. Ал бул аталыш “Пешгох” деген – фарс тилиндеги эки сөздүн бирикмеси. 1. пеш – алды, маңдайкы, алдыңкы бөлүк (перед, перед-няя часть). 2. гох – орун, жай (место, жи-лище, обитатель). Бирикменин мааниси бозого же төрдөгү орун дегенди берет дейт. Көрүнүп тургандай, бул ой жалпысынан С. Умурзаковдун айткан түшүндүрмөсүнө жакындап барат. Өзүнүн ой жүгүртүүсүнүн акырында Ишен мырза эмнегедир “пешгох” (тажик-фарс сөзү) кыргызча, эшик төр деген маанини берет деген бүтүмгө келген.

Географ Темиркул Эшен-кулов тарабынан айтылган дагы бир көз карашты коомчулугубузга тюрколог, тилчи Сагалы Сыдыковдун бул то-поним байыркы түрк тилинин негизинде түзүлүп, алтайлык (ойроттордун Д.С.) биштек – деген сөз жалгыз же  Жетим-Тоо  маанисин түшүндүрөт экен, ал кийин кыргыз тилине «бишкек» деп кабыл алынган имиш деген божомолдоосун  жарыялаган. Акыркы көз караштын авторлору  ойрот  эли  монгол тегиндеги бөтөн элдин өкүлдөрү  болгондугун  жа-на Чүй өрөөнүнүн чегинде келгин калк катары бир аз убакыт, болжол менен 30-40 жыл гана жашашкандыгын көңүлдөн  чыгарып  коюшкандай. Ошондуктан бөтөн тилдүү, чет элдик душмандар катары бул аймактагы эзелтеден жайгашкан жана сакталып келген түрк тилиндеги калктын жерлеринин аталышын кайрадан өзгөртүп ат коюуга аракеттенишкени чындыкка жа-кындашпайт. Анан дагы, ойрот сөзү «биштек» – кыргыз тилине «бишкек» болуп кириши, каткалаң үнсүз «т» тамгасынын «к» болуп өзгөрүшү да алардын аргументтеринин ишенимсиз экендигин далилдейт.

Беш көнөкпү же Улуу Ыйык Тообу?

Тарыхчы Таабалды Акеров да бул аталышты  чечмелөөгө  аракет кылды. Башында ал кымыз куйган челек – «көнөк» деген аталышта негизделип, кийин буга кандайдыр түшүнүксүз жагдайдан «беш» деген сөз кошулуп «көнөк» бекчиликке (ээлик – мамлекетче – Д.С.) айланып «бешбек» (орусчасы – пять союзных бекств) болуп калган десе, андан соң, XVII кылымда жашаган енисейлик кыргыздардын уруу жетекчиси Бошхок Котон ысымдуу адамга байланыштырган көз карашынан дагы баш тартып, аягында “Бишкектин” мааниси: бийик бийиктик тоо (чындыгында ал булар каттама бир түшүнүктөр экенине көңүл бурбай койгонсуйт – Д.С.), же башкача айтканда ыйык бийик тоо (орусчасы священная великая гора) деп бул аталышты Байтиктин боз (кээ бир адабияттарда бас же пас – жапысыраак мааниде делип жүргөнү да бар – Д.С.) бөлтөгүнө (дегинкисинде, ал тоо жакынкы тоолорго салыштырмалуу анча деле бип-бийик боло албагандай – Д.С.) байланыштуу экендигине макул болуу менен, мурунтадан айтылып келе жаткан биздин Ыйык Тоо (святая гора) делинген аныктамабызга жакындаштырып – Улуу Ыйык Тоо (священная великая гора) деп тактоо киргизүүгө аракеттениптир.

Кыргызстандык аймактаануучу В. Петров биздин көз карашты колдоо менен, Чүйгө VII кылымда келип кет-кен Сюань-цзан деген кытай саякатчысы азыркы Байтиктин боз бөлтөгүнүн төмөн жагында “Цзяньдан” – Миң булак же суу (орусча котормодо: Тысячи ручей) деген жердин абасы жагымдуу, салкын болгондуктан түрк каганы ар жыл сайын ысык аптаптан эс алып турат экен деп, россиялык тарыхчы, кытай таануучу Людмила Боров-кованын кызыктуу маалыматын келтириптир. Айтмакчы, азыр Бишкектен түштүк тарапка сапар алганыбызда, мамлекеттик резиденциядан бир аз өтө берерде, жолдун сол жагында мазар “Миң булак” деген жол белгини көрө аласыздар. Ал эми бул аймактын кыргызча “Чоң арык” деп аталышы да бекеринен болбосо керек. Анткени “чоң” деген сөздүн бир өтмө мааниси “ыйык” экени муну ырастайт.

(Уландысы бар)

One thought on “Бишкек– адам ысымы эмес, ыйык – тоонун аталышы!

Комментарии закрыты.