“Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат берилди

17-августта Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун толук планынын бет ачары өтүү. Иш чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде өтүп, долбоор тууралуу аталган комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров маалымат берди.

Ага ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы 38 кесилишке жана төрт жолго көзөмөл камералары орнотулат. Мындан тышкары Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Манас аэропорту, Бишкек-Кемин жана Бишкек-Кара-Балта жолдоруна 48 камера орнотулат. Бул камералар жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктамакчы.

20-июлда долбоорду ишке ашырчу компанияларга сынак жарыяланган. Сынак документтерине кошумча талаптар киргизилгендиктен арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 23-августка чейин узартылган. Жеңип чыккан компания калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотот.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпашы керек. Каржылоону тендерден уткан компания жүргүзөт, кыргыз өкмөтү компаниядан эреже бузуу тууралуу маалыматтарды сатып алат.