Улуттук университетте мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 8,5 млн. сомдук финансылык мыйзам бузуу учурлары аныкталгандыгы тууралуу маалымдады.

Маалыматта аталган каражаттын 3 млн. сому максатсыз коротулгандыгы, дагы 3 млн. сом казыналык система үчүн кеткендиги, ал эми 2,5 миллион сомдук дебитордук карыздар жашырылгандыгы белгиленген. Ошондой эле аудиттин натыйжасында 2,2 млн. сомдун орду толтурулган.

Мындан тышкары, университеттин бюджети 67 миллион сомдук чыгашага учураган. Ошондой эле 3 факультетте окуу акысы үчүн каражаттар негизсиз жогорулатылып, ал 46,4 миллион сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы менен университеттин  жетекчилигине  мыйзам бузулган учурларды оўдоо үчүн эскертүү берилип, табылган фактыларга укуктук баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.