Өкмөттүн 2023-жылдарга чейинки артыкчылыктуу багыттары

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Ушул жуманын башында Улуттук кеңеште кабыл алынган “2018-2040 жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” узак жана орто мөөнөттү камтыйт. Стратегиянын 2023-жылга чейинки орто мөөнөттөгү өнүгүү багыттарын аткаруунун мааниси абдан зор. Анткени бул мезгилге белгиленген мамлекеттик масштабдагы иш чараларды кынтыксыз аткаруу, өлкөбүздүн андан аркы өнүгүүсүнүн пайдубалы, жол картасы болуп саналат. Бул жерде эң негизги жүк Өкмөткө жүктөлгөн. Ошол эле учурда Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. аратмандык” Программасы Улуттук стратегияда аныкталган 2023-жылга чейинки орто мөөнөттөгү өнүгүү багыттары менен айкалышып турат. Ал эми убакыт күтпөйт. Мамлекеттин турмушунда бүгүн жасабасак, бүткөрбөсөк эртең кеч болуп калуучу жагдайлар бар. Стратегиянын алкагында 2023-жылдарга чейинки өкмөттүн кадамы, жасай турган иштери, артыкчылыктуу багыттары коомчулук үчүн өтө маанилүү, бир жагынан кызыктуу да болуп турат. Көпчүлүгү “эң биринчи эмне иштер жасалат экен” кулак түрүп да калышты. Буга байланыштуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин IV жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн урунттуу жерлерин жарыялайбыз.

Бизнес рейтингин мыкты 50 өлкөнүн катарына чейин көтөрөбүз

ИДПнын  өсүш  темпи  камсыз  кылынып, 300 миң жаңы жумуш орунун түзүүнү көздөйбүз. Инфляцияны төмөн деңгээлде кармап турууга жана баалардын туруктуулугун сактоого чаралар көрүлөт. Социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнүп, жарандарыбыздын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүн эске алуу менен индексацияланат. Бул максаттарга жетүү үчүн БИЗНЕС ЧӨЙРӨ жакшыртылып, ишкерлерге болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүүбүз зарыл. ИДПнын түзүмүндө ЧАКАН жана ОРТО ИШКЕРДИКТИН үлүшүн 50%га чыгаруунун үстүндө иштерди алып барабыз. Ишкерлерге көбүрөөк жардам берүү керек деп ойлойм. Кыргыз-станды “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү – биздин максат.

Инвестиция илгерилейт

ИНВЕСТИЦИЯ жаатында биринчиден инвесторлорго гарантияларды күчөтүү зарыл. Бул мыйзам түрүндө болуш керек деп ойлойбуз. Чакан жана орто ишканаларга узак мөөнөттөгү, жеңилдетилген кредиттер  берилип,  Кепилдик  фонддун мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылат. Инвестициялык талаш-тартыштарды соттук эмес тартипте чечүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо, аларга консультация жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн бирдиктүү терезе эффективдүү иштейт.

Жакынкы беш жылдыкта ар бир облуска инвестициянын көлөмүн – 300 млн. долларга жеткизүү биздин максат.

Энергетика элге кызмат кылат

ЭНЕРГЕТИКА жаатында жакынкы 5 жыл аралыгында энергия дефицити өндүрүштүн өсүшүнө байланыштуу болот деп эсептейбиз. Буга карата кубаттуулуктарды көбөйтүү боюнча энергетика тармагындагы биздин эң биринчи максатыбыз – Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашыруу, Камбар-Ата 2-ГЭСинде экинчи, үчүнчү агрегаттарды ишке киргизүү, ошондой эле энергетиканын чакан жана башка тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.

Иштеп жаткан генерациялык объекттерди реконструкциялоодо жана модернизациялоодо кубаттуулугун жогорулатуу 2027-жылга карата 700,68 МВт ты түзөт. Ат-Башы, Үч-Коргон ГЭСтерин реконструкциялоо иштери аяктап, Токтогул ГЭСин толук реабилитациялайбыз.

Региондор аралык «СASA-1000» долбоо-ру, 2018-жылдан тартып 500 кВттык линия,«Датка» подстанциясынан Тажикстандын «Сугд-500» подстанциясына чейин 477 км узундуктагы электр линияларынын объекттерин куруу этабын баштайбыз.

Түндүк-түштүк жолу бүткөрүлүп, ички авиа каттамдар иштей баштайт

ТРАНСПОРТ  тармагында  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан (432,78 км) темир жол магистралын куруу иштери кыргыз тарапка ыңгайлуу шартта ишке ашырылат деген ойдобуз. Автожолдор боюнча: Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жана Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу бүткөрүлөт. Суусамыр-Талас – Тараз, Арал – Суусамыр, Балыкчы – Каракол, Ысык-Көлдү курчаган автожол, Түп-Кеген, Ош – Баткен –  Исфана,  Жалал-Абад  –  Маданият  ж.б. жолдор бүткөрүлүп; андан тышкары райондук масштабдагы бир катар ички жолдорду инфраструктуралары менен кошо оңдойбуз. Ички үзгүлтүксүз авиарейстерди калыбына келтирүү максатында өлкөнүн ички аэропорттору кайрадан модернизацияланат.

Элдин кызыкчылыгына кызмат кылган тоо кодекси иштелип чыгат

КЕН КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ боюнча Кыргызстандын табигый ресурстары жетиштүү экени белгилүү. Жерге, кен байлыктарга, жаратылышка өтө аяр мамиле жасаган элибизге бул тармакка инвестицияларды тартууда түшүндүрүү иштерин жакшыртуубуз керек. Тоо кен тармагынан түшкөн каражаттарды туура пайдаланып, экологиялык талаптарды күчөтүү менен бул тармактын өнүгүүсүн камсыз кылабыз. Элдин кызыкчылыгын көздөгөн жаңы Тоо кодексин иштеп чыгуу – учурдун талабы. Жер-Үй, Макмал, Чаарат, Тереккан, Жамгыр алтын кен заводдору, ж.б. кен иштетүүчү ишканаларын толук кандуу ишке киргизүү үчүн бардык чараларды көрөбүз. Тоо кен казуу чөйрөсүндө ИСО стандарттарынын улуттук эквиваленттери иштелип чыгат.

Кошулма баалуу металлдар концентраттарынын сыртка чыгып кетишин жөнгө салуу үчүн өлкө ичинде өзүбүздүн күчүбүз менен кен иштетүүгө басым жасайбыз. Кен казуудан түшкөн кирешелерине жараша жергиликтүү бюджеттерди көбөйтүү менен дотациядан чыгаруунун жолдорун карап чыгабыз.

Шор –Талаага суу чыгарылып, Орток-Бел каналы бүткөрүлөт

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН башкы максаты – өлкөдөгү азык-түлүк коопсуз-дукту камсыздоо. Ошондуктан дыйкан жана фермерлик чарбаларга көбүрөөк жардам беребиз. Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө башынан бери 25 млрд. сомдон ашык каражат бөлгөнү туура механизм болгонун аныктайбыз.

Ошондой эле ирригациялык тармактарда бул маселе боюнча КР Президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда, кабыл алынган биздин стратегиябыз боюнча 58,3 млрд. сомдон ашык каражаттарды талап кылган долбоорлор түзүлгөн. Мунун натыйжасында 5 жылдын ичинде эле 26 миң га. жерди суу менен камсыздап, 15 миң ирригациялык инфратүзүм жана бир катар каналдар модернизацияланат. Алсак, Чоң-Алай районундагы Шор-Талаа массивинде сугат жерлерге суу чыгарылат (ЕБРР); Жумгалдын Түгөл-Сай, Жети-Өгүздүн Жууку суусуна БСРлер салынат (ИБР). Ак-Талаа районунун Ала-Буга дарыясынан сугат жерлер үчүн суу чыгат (ЕБРР); Таластын Кара-Буура районун-да Сарымсак, Аксыда Ак-Терек (мамбюджет), Тогуз-Тородо Ак-Күп (ЕБРР) каналдары салынат; Касансай суусунан Орток-Бел каналына суу чыгарылат (Араб). МТСтерди, логистикалык борборлорду жана айыл чарба кооперативдерин пайдадан алынуучу салыктан, айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотобуз.

Ири кийим тигүү технополистери курулат

Кыргызстандын ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫНЫН тигүү продукциясы ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн рынокторун ээлеп жатат. Келечекте Европанын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүнүн рынокторуна кирүү үчүн Чүй, Бишкек, Ош аймактары тигүү кластери менен көбүрөөк алектенишет, бул аймактарга ири технополистерди жана технопарктарды салышыбыз абдан маанилүү. Ошондой эле кылчыктуу жүн, пахта, жибек, булгары сыяк туу чийки заттарды кайра иштетүү үчүн өзүбүздүн рынокто жөнгө салуу керек деп ойлойбуз.

Туризмдин ИДПдагы үлүшү 7 пайыздан кем болбойт

Туризм тармагындагы саясатты кардиналдуу түрдө өзгөртүү керек. Бул боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун да колдоосу бар. Келечекте ИДПнын түзүмүндөгү ТУРИЗМ чөйрөсүнүн кирешеси 7%дан кем болбошу керек, өнүккөн мамлекеттерде туризм 17-19% чейин, биздин максат 7%га жеткирүү. Туризмге экономиканын орчундуу тармагы катары мамиле жасайлы.

Бул максатта: аймактардын бренддерин түзүп, визалык режимди либералдаштырып, электрондук виза боюнча иштерди активдештирүү зарыл. «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу менен аэропорттордон баштап тейлөө чөйрөсүнө чейинки туристтик инфраструктураны жакшыртуу үчүн туризм тармагына ГЧП механизмдерин киргизип, маркетинг стратегиясын күчөтүү керек. Туризм тармагын тейлеген өзүнчө мамлекеттик органды түзүү сиздерге сунушталат.

Шаар курууда “Бирдиктүү терезе” принциби иштебей жатат

КУРУЛУШ секторунун ичинде шаар куруу чөйрөсүндө – “Бирдиктүү терезе” принциби жакшы иштебейт, бул боюнча биз эл аралык курулуш ченемдерин жана эрежелерин киргизебиз.

Таза сууга 397 млн. доллар жумшалат

ТАЗА СУУ долбоорлорунун алкагында приоритеттүү түрдө өсүү точкалары болгон 20 шаарда – Ош фаза – 2, Баткен, Жалал-Абад фаза-2, Таш-Көмүр, Нарын, Талас ж.б. жерлерде таза суу жана саркынды суулар системалары толугу менен оңдолот, жалпысынан 588 айылда. Ушул программаны ишке ашырууга 397 млн. долл каражат тартылуусу каралууда.

“Бир айыл – бир продукт” долбоору бүт аймактарга жайылат

Өлкөдө АЙМАКТАРДЫ ӨНҮК ТҮРҮҮ боюнча Президентибиздин чечимдери эң туура чечим болуп, Өкмөт толук кандуу ишке киришти. Концепциянын алкагында экономикалык тармактарга жергиликтүү ресурстарды жана жумушчу кадрларды тартууга катуу көңүл бурабыз. Шаар куруу документацияларын иштеп чыгуу үчүн жыл сайын бюджеттен 50 млн сомдон кем эмес каражат бөлүп берүү, аймактарды адистештирүүдө 3 негизги кластер боюнча мастер-пландар: айыл чарба өндүрүштүк комплекстери, тигүү жана туризм багытында эң маанилүү катары ишке ашырылат.

Гранттык жана техникалык жардамдарды аймактарга буруу абдан зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир регион боюнча уруксат кагаздары, жер маселелери, инфратүзүмгө кошулуу жана жеңилдиктерди камтыган атайын инвестициялык  лотторду  даярдоо,  аймактарга Doing Business рейтингинин улуттук аналогун киргизүү иштери башталып. “Бир айыл – бир продукт” долбоорун республиканын бүт аймактарына жайылтабыз.

Ипотеканын кредиттик пайызы кайра каралат

“Жеткиликтүү турак жай” ипотекалык кредиттин пайыздык ставкалары кайрадан каралып чыгат. Бул Пре-зидентибиз Сооронбай Жээнбековдун берген тапшырмасы. Күз айларында ушул максатты ишке ашырабыз. Ошондой эле мамлекет тарабынан арзан кызматтык жана социалдык үйлөрдү салуу жагын дагы жакшыртабыз. Дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу максатында салыктарды бөлүштүрүү механизмдери кайрадан каралат. Айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ыйгарым укуктарын күчөтүү керек.