Инвестордун «терисин сыйрыган» текшерүүлөр

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Чолпон-Атада өткөн мекендештердин форумунда жыйырма жети мамлекеттен келген өкүлдөрдүн баарына форумдун трибунасынан кенен сөз берүүгө мүмкүн болбоду. Ушуга байланыштуу форумдун меймандарынын айрымдарын кабарчыбыз маекке тарткан. Новосибирск шаарынан келген ишкер Каныбек Акаев өлкөгө инвестиция тартуудагы көйгөйлөрдү айтып, ой-пикирин бөлүштү.

– Каныбек, Новосибирск шаарына барып, жөнөкөй жумушчудан ийгиликтүү ишкерге чейинки жолду басып өтүптүрсүң. Бөтөн жерде бизнес кылуу кыйынбы?

– Новосибирск шаарына 2002-жылы барып, бөтөлкө чыгаруучу заводдо жүк ташуучу болдум. Курулушта 7 жылга жакын иштедим. 2011-жылы ал жактагы Мегафон, Билайн жана МТС уюлдук компаниялары менен өнөктөштүк негизде кызматташкан “Бакай-Ата” деген компания түздүм. Биз аларга Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга карата сүйлөшүүлөрдүн тарифтерин арзандатууну сунуштадык. Ошол жылы Кыргызстанга чалуулардын бир минутасы 9–13 сомго чейин чыгып жатты. Биз уюлдук компанияларга бул өтө кымбат экенин, мындай жагдайда кардарлар вотсапка кирип, интернет менен сүйлөшүүгө өтүп кетишээрин далилдедик. Кардарды кармап калуу үчүн тарифти арзандатып, сүйлөшүүлөрдү көбөйтөлү деген сунуш киргиздик. Биз жылдан жылга талашып отуруп, 1 мүнөттү 1,9 рублге чейин түшүрдүк. Кийин андан да ылдыйлады. Биз төрт жылдын ичинде Россия Федерациясынын 42 шаарына уюлдук операторлордун бөлүмүн ачтык. Бир сим карта айына орточо эсептегенде компанияга 300 рубль түшүрүүсү керек болсо, ал 700 рублден пайда алып келе баштаган болчу. Баштапкы бизнесим ушундан баштап ийгиликтерди жетелеп келе берди. Эң негизгиси бизнес үчүн жакшы идея керек.

– Сен форумда жарыш сөзгө чыкканыңда ишкердин “терисин сыйрыган” мыйзамсыз текшерүүлөр, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айттың. Бул жакка инвестиция тартып келүүгө дагы эмне тоскоолдук келтирип жатат?

– Бүгүнкү күндө Малайзия, Сингапур, Дубай, Россия, Казакстан, Кытай ж.б. мамлекеттеринде кыргыз жигиттердин бизнестери бар. Ошол олуттуу капиталдын өз мекенибизге келбей жатышын рыноктун чакандыгы менен бир беткей түшүндүрүп коюуга болбойт. Башкысы, Кыргызстандын саясаты туруктуу эмес. Өндүрүштү көтөрөлү деген киши аз, текшерели дегендери көп. Өкмөттүн жыл айланбай алмаша бериши инвестор үчүн ишенимди пайда кылбай келе жатат. Ушул форумга инвестиция салуу-га мүмкүнчүлүгү абдан жетиштүү жигиттер арбын келдик. Инвесторго сонун шарттарды түзүп койдук дешет. А чынында инвестициялык даяр долбоорлорду сунуш кылгандарын көргөн жокпуз. Ишкерди кадам сайын коррупция кекиртектен алып жатат. Өзүм баштан өткөргөн мисалды айтайын. Мен 2014-жылы күзүндө Ошко 2 млн. доллар жумшап, “Кыргыз–Травертин” деген таш кесүүчү ишкана ачкам. Ал эми мурдагы Президент А.Атамбаевдин жаңы ачылган ишканаларды үч жылга чейин текшерүү жүргүзбөө боюнча 2015-жылы 1-январда күчүнө кирген жарлыгы чыккан. Ошол жар-лыкка карабай, заводумду текшергендердин аягы тыйылган жок. Акыры каалашыңарча текшере бергиле деп жайына койдук. Бирок, эмнени текшере турганды билбеген, текшерүүнү сабаттуу жүргүзө албаган жаш балдар келип жатышты. Бир жылдын ичинде үч жолу текшерүү келип, жумалап, айлап нервди бузушту. Бир жолкусунда финполдун кызматкери текшерип келди. Мен агаПрезиденттин жарлыгы тууралуу айттым.

Ал: “Мага десең Атамбаевдин өзү келсе да текшере берем, билгениңди кылып ал”, – деди. Ишкананы ачып жатканда коммуникацияларды тартып келүү тирүүнүн тозогу болду. Маселен, электр энергиясын тартып келүүгө 5000 доллар сурап, аргасыздыкка алып барышты. Анткени, кубаттуулук жетишпейт дешти. А чынында өздөрү светти сата албай жатышкан болчу. Акча берсең энергиянын кубаттуулугу сонун эле жетет экен… Айрым учурда текшерүүнү “мыйзамдаштырып” алуу үчүн прокуратурага чейин жазышкан учурлар болду. Жемкорлор акча алуу үчүн ушунчалык ыпластыкка чейин барышат экен. Айтор, 2016-2017-жылдардагы текшерүүлөр тирүүнүн тозогуна айланды. 2014-жылы менин Кыргызстанда төрт ишкана ачууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Биз тарыхый ата мекенибиз менен киндиктеш инвестор болгонубуз үчүн толгон тоскоолдуктарга чыдап жатабыз. Башка мамлекеттин инвесторунун чыдашы кыйын.

– Каныбек, М.Абылгазиев жетектеген  Өкмөт  инвестордун  укугун коргоого ала турган Бизнес-акыйкатчы институтун түзгөнү жатат. Бюрократияны жоюу үчүн Өкмөт инвесторго жерди трансформациялап берүү, электр энергиясына кошуу сыяктуу инфраструктураларга руксат берүүчү бирдиктүү базалык даяр документтердин топтому менен камсыздай турган болууда. Ошон-дуктан тарыхый мекениңерде инвес-тициялык максаттарыңарды ишке

ашырсаңар болот го дейм.

– Мекендештер форумундагы Президент С.Жээнбеков “коррупционердин аты-жөнүн коркпой атагыла” деди. Мамлекет такай колдоого алса биз инвестиция салууга даярбыз. Маселен, “Кыргыз-Травертин” ишканасында 70 жигит иштеп жатат. Азыр эки нөөмөттө иштөөгө өттү. Патент акчасын жана салыктарды убагында төлөйбүз. Учурда биздин ишканабыздын продукциясын Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан алып жатат. Эми биз аялдар иштей турган кооз таштардан мозаика чыгаруу цехин курганы жатабыз.

Ал эми Новосибирск шаарында отчет тапшыруулар электрондук форматка өткөрүлгөндүктөн ишкер текшерүүчүнү көрбөй калган. Ал жакта жети компаниям бар. Өз убагынан кечиктирбей салыктарды төлөйбүз. Биз салык кызматынын кеңсеси кайсы жакта экенин да билбейбиз. Кабинеттен чыкпай отуруп электрондук отчетторду жөнөтүп коёбуз. Коррупция жок. Нерв бузулбайт. Эгерде автоунаада баратып, жол эрежесин бузуп койсоңуз дароо смс менен айып пул төлөө боюнча эскертүү жиберишет. Ошол жерден электрондук төлөм аркылуу айып пулду төлөп коюп, сапарды улантып кете бермей. Эгерде айып пул 9000 рублден ашып кетсе, шаардын сыртына чыгарбайт. 2 млн. калкы бар шаардын болгону төрт жеринде гана МАИ турат. Алар жол кырсыгы болуп калса же светофор бузулуп калган жагдайда гана жардамга келүүгө коюлган. А бул жакта радарды колуна берип, кадам сайын МАИ койгон абдан артта калган көрүнүш. Адам фактору болгон жерде паракорлук тыйылбай турганы дүйнө жүзүндө дадилденген. Кыргызстан “Коопсуз шаар” долбоорун тезинен жайылтуусу керек. Тилекке жараша, Президент Сооронбай Жээнбековдун мекендештер форумундагы ишкерлерди колдоо боюнча сөзү бизди бир кыйла үмүттөндүрүп койду. Эмки компаниямды Кыргызстанда ачсам, салыктар төлөнсө, жумушчу орундар түзүлсө деген ой пайда болуу менен кайтып жатам.

– Президент Сооронбай Жээнбеков мигранттардын өз туулган айылынын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдары баалуу экенин белгилеп келип, “Аймактарды өнүктүрүүдө силер мени менен максатташсыңар” деп айт-ты. Сен туулган айылыңа жардам берип жатасыңбы?

– Мен Кара-Суунун Сабай айылынан болом. “Бакай-Ата” компаниясы жана Россиядагы башка ишкер жигиттер кошулуп, жыл сайын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы карыялар үйлөрүнө, жетим балдар интернаттарына, майыптарга жардам берүүдөбүз. Былтыркы жылы ушундай беш мекемеге 800 миң рубль көлөмүндө жардам бердик. Ушул акцияларды өзүмдүн демилгем менен уюштурдум. Кара-Суудагы дүлөй жана сакоо балдар үйүнө компьютерлерди, парта жана столдорду сатып бердик. Сабай айыл өкмөтүнүн жолуна таш төктүрдүк. Андан тышкары, айылдын борбордук көчөсүн кесип өткөн 1,5 чакырым жолду асфальттап берели деп жатабыз. Бул долбоорго өз салымын кошолу деген ишкерлер да жок эмес. Долбоор 5,5 млн. сомдун тегерегиндеги каражатты талап кылууда.

Новосибирск  шаарында  дүйнөгө белгилүү офтальмолог академик С.Фёдеровдун клиникасы жайгашкан. Ушул клиникага көрүнүүгө муктаж адамдар жардам сурап кайрылган учурлар болот. Кыргыз-стандан келип, ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болгон журтташтарыбызга жардам беребиз. Азыркы күндө Новосибирск шаарында 100 миңге жакын кыргыз иштейт. Биздин мигранттардын болжол менен 20 пайызы базарда, 50 пайызы мейманканалардын тейлөө жагында, супермаркетте кассир, сатуучу. 15-20 пайызы курулушта эмгектенишет. Болгону 4-5 пайызы гана өтө оор жумуштарда. Бул жактан баргандардын арасында көчө шыпыргандар дээрлик жокко эсе.

Сибирдин токойлорунда саздак жерлер жүз-миңдеген жылдарды өзүнө камтып жатат. Ошол саздак жерлерден торф жер семирткичин казып алган “Сиблеспром” компаниясын ачкам. Анда дагы мигранттарыбыз иштейт. Торфту Иран, Корея, Кытай, Япония, Араб мамлекеттерине сатабыз. Ев-ропада кардар дүкөнгө киргенде жашылча-өсүмдүктөрдүн курамындагы химиялык заттардын өлчөмүн көрсөтүүчү куралын ала жүрүшөт. Өзүн сыйлаган калк азыр органикалык тамак-ашка басым жасап калды. Россияда 2020-жылы органикалык жер семирткичтерге өтүү боюнча мамлекеттик деңгээлде программа бар. Азырынча бул процесс жай болсо да жүрүп жатат. Новосибирск шаарында торф саткан дүкөндөр көбөйүп бара жатат.