Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын машыктыруучу-кеңешчиси Манасбек БАБАКУЛОВ:  «Малдын ден соолугун коргоо планы»– тамак-аш коопсуздугунун негизи»

Кыргыз эли мал жандуу келебиз, күндөлүк турмушубузду, салт-санаабызды айыл жерисиз элестетишибиз кыйын, бул биздин тарыхый өнүгүүбүздүн уландысы. Учурда деле коомубузда, мал менен алектенип үй-бүлөсүн баккан, мал багууну жана андан киреше алууну бизнес катары жолго коюп алган инсандарыбыз арбын. Мал чарбачылыгын учурдун талаптарына жараша өнүктүрүү атайын иш-чараларды, тиешелүү ресурстарды эске алууну талап кылат. Алардын негизгиси күндөлүк жана жылдык жасай турган иштерди пландаштыруу. Ал эми мал чарбасынын өнүүгүсүндө ветеринардык иш-чараларды жүргүзүү өзгөчө орунду ээлейт.

Азыркы кезде айыл аймактарында ветеринардык иш-чаралар жеке ветеринардык адистер тарабынан жүргүзүлө баштады. Алар мал ээлери менен келишимдик негизде өз кызматтарын көрсөтүп жатышат. Мал ээлери да ветеринардык адис терге тан-дап кайрылууга мүмкүндүк алды, сапаттуу кызматтан пайдаланууга шарт түзүлдү. Ветеринардык адистер арасында атаандаштык пайда болду, бул болсо ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат. Бирок, жакшы иштердин башталышында жакшы пландаштыруулар болууга тийиш.

Учурда “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында ветеринардык иш-чараларды пландаштыруу жаңыча нукка бурулуп жатат. Мурдагы малдын ден соолугун коргоо пландары, же аны эпизоотиялык план деп коюшчу, жогорку жетектөөчү органдарда түзүлүп, төмөн карай аткарууга түшүрүлсө, эми  төмөндөн  жогору  карай  иш-чаралар пландаштырыла баштады. Ал пландар ар бир айыл аймактын жайгашкан жерин эске алуу менен, региондордун табыгый шарттарына жараша түзүлө турган болду. Мурдагы пландарда көрсөтүлбөй калган, жугуштуу эмес,бирок малдын кунардуулугуна терс таасирин тийгизе турган малдын ылаңдары, сапатсыз тоюттандыруунун кесепетинен пайда болуучу ылаңдарды алдын алуу чаралары да пландаштырыла баштады. Тоюттун сапатын текшерүү, алардын курамындагы жетишсыз микро жана макро элементтер менен камсыз кылууну пландоо жөнүндө ойлоно баштадык.

Түзүлгөн «малдын ден соолугун коргоо планы» эми фермерлердин, мал ээлеринин талкуусунан да өтөт, алар да тиешелүү маалыматка ээ болуулары керек. Мал ээлери колундагы малга кандай ылаңдар жугаарын алдын ала билсе, жайыттан кандай пайдалануу керектигин, жетишсиз тоют заттары менен толуктоого көңүл бурса, анын бизнеси өркүндөйт да, алдын ала ветеринардык адис менен иштеше баштайт. Аталган план жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлуп, ошондон кийин гана бекитүүгө жөнөтүлөт. Адатта келе жаткан календарлык жылга карай малдын ден соолугун коргоо пландары узап бара жаткан жылдын ноябрь-декабрь айларында түзүлөт. Аталган планды бекитүү алдында райондун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктар, жалпы мамлекеттик кызыкчылыкка ээ болгон жаныбарлардын жугуштуу ылаңдар, социалдык мааниге ээ болгон оорулардын кошулгандыгы, коңшу мамлекеттердеги эпизоотиялык кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды такташат жана планды бекитип беришет.

Аталган  пландын  аткарылышын  көзөмөлдөөдө  да өзгөчөлүктөр бар, мурда бул процесске мамлекетик көзөмөлдү райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктар жүргүзсө, эми аларга кошо жергиликтүү жааматтар  да  кызыгып  турушат. Жайыт комитетинин алдында «Малдын ден соолугун коргоо топтору» уюштурулган, ошолор  коомдук  башталышта иш жүргүзүшөт, мониторинг жүргүзүп (баалап), квартал сайын жайыт комитетинин отурумуна, аталган пландын ишке ашыруу денгээлин талкууга алып чыгып турушат, элди кабардар кылышат.

Кыскасы,  айылдын  «Малдын  ден соолугун  коргоо  планынын»  ишке  ашырылышы мындан кийин жергиликтүү жааматтын жана коомчулуктун көзөмөлүндө болот.

Тиленбек АЗЫК