Афганчы куштун азабы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кесиптешим Аскар Насирдинов аябай кейип алыптыр. Кейигени, дачасына барса, мөлтүрөп бышкан жүзүмдөрүн жанагы “афганчы” деп койчу ала канат куш жеп салыптыр. Аз мурда алчасын да жайлаптыр. Ал аз келгенсип мыкты бышкан ашкабагын оюп жеп, ичин уя кылып жашап алыптыр дейт. Илимде “Майя” кушу деп аталган, теги америкалык, бул куштун Орто Азияга тарап кетиши өзүнчө эле тарых. Аны пахта зыянкечтерине каршы пайдаланмакчы болуп өткөн кылымдын 60-жылдарында Афганистандан Өзбекстан алып келген. Ошондон улам афганчы куш аталат. Айыл чарбасына пайдасынан мурда зыяны көп, жергиликтүү куштарга кесепети күч бул куш ушунчалык тез көбөйүп кетип, Өзбекстан аны атып, кырып жоюу боюнча катуу киришкени менен жое албай койду. Бул кушту атып тапшыргандарга сыйлык да берип жатты, бирок майнап чыкпай акыры жайына коюшкан. Ала канат афганчы куштун Кыргызстанга да жайылганына көп жылдар болуп калды. Жайылганда да экосистеманы бузуп, жергиликтүү куштардын таш-талканын чыгарды. Учурда кадимки эле кужурап корообузда жүрчү таранчы азайды, чыйырчык болсо таза эле калбай калды. Анткени тырмактары курч, тумшугу балтадай бекем, өтө агрессивдүү бул куш жергиликтүү куштардын уясын бузуп, жумурткасын жеп салууда. Бир ирет бечара таранчыны желкеден алып уясынан сууруп чыгып жатканын өз көзүм менен көргөм. Ошону менен журналист Аскар Насирдиновдун кейигенинен улам, мындан бир кыйла жыл мурда жазылган бул ырым эсиме түшүп, “Темир сандыктан” алып чыгып, окурмандарга сунуш кылып турганым.

Абайлап көрсөң кыргыздар,
Ачылбай жүргөн кылмыш бар:
Айлаңды алты кетирген
Афганчы деген бир куш бар.

Чокуп билип жайыңды,
Чолоо жер койбой жайылды.
Чокуга сүрүп таштады,
Чоорчу торгой шайырды.

Чыйырчыкты тоготпой,
Чычыра кууду жолотпой.
Кайран куштун тукумун,
Кайсап ийди ороктой.

Тартып алды жыласың,
Таранчынын уясын.
Таза “нахал” турбайбы
Тартипке кантип бурасың?

Каш кайтараар калбады,
Катары менен жайлады.
Жан-жагынан жабылып,
Жакадан алат карганы.

Диссидент беле түрлөнгөн,
Диверсант ишти үйрөнгөн.
Пачагы чыгып баратат,
Паранда калбай дүйнөңдөн.

Байкабай калдык келгенин,
Балээни мындай көрбөдүм.
Палоодой оюп жейт экен,
Памидордун бөйрөгүн.

Ыйлатты шүмшүк канчаны,
Ыраактан тааныйт алчаны.
Укурук алып кубалап,
Ушунча жаным чарчады.

Заарда бузуп уйкуңду,
Заар үнү алат тынчыңды.
Үстүнө минип үрпөңдөп,
Үркүтүп турат жылкыңды.

Басып жеди баканы,
Башынан ашты чатагы.
Тостойтуп көзүн шордуунун,
Томурган майдай ашады.

Чычканын колдон алдырды,
Чыркырап мышык кайгырды.
Көрүнөө басып жүрө албай,
Көмүскө жерди жай кылды.

А, паччагар тил билсе,
Айрып таанып пул билсе,
Ак үйүң балким жалдамак,
Аппазицияны айдамак.

Пикетке чыгып жумалап,
Пилди да турмак кубалап,
Үзөңгү-Куушту мындай кой,
Үйүңдү бер деп сурамак.

Конуп турса чалкалап,
Койгуң келет балталап.
Тебетей менен урам деп,
Терезем алдым талкалап.

Апчый жаздап бетиңди,
Ала качат этиңди.
Айланып чыкпайт корооңдон,
Алчудан бетер өтүңдү.

Кайдан келген ыйык куш,
Каада салты тири укмуш,
Өлсө – бири чуркурап,
Өкүрүгү бир укмуш.

Афганчы кушуң ушундай,
Адаты мунун жутунмай.
Атпай журт атың арыбас,
Асты мындай кутулбай.

Кашайта көзүн ойгула,
Каргаша кушту жойгула.
Каапырың бир кирбесин,
Катыныңдын койнуна.