Кожобек Рыспаев: Улуттук күрөштү майдалабай бир «Кыргыз күрөшүнө» бириктирүү зарыл

Учурда кыргыздын улуттук күрөш оюну “Баткен-күрөш”, “лейлек-күрөш”, “Талас-күрөш”, “Алыш-күрөш” аталуу менен улам майдаланып барат. Аларды жалпы бир “кыргыз-күрөшүнө” бириктирүү зарыл. мындай пикирин депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коӊшулаш казак эли улуттук күрөштүн бир нече түрлөрүн “казак-күрөшүнө” бириктирген. Анткени спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндар кыргыз элинин маданиятынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.