18-августка карата аба ырайы

18-августта өлкөдө тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана калган облустарда жаан жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында 18-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын тепмпературасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32.