Чүйдө Бурана дарыясы ташкындап, 1 га айдоо аянтын каптап кетти

Чүйдө Бурана дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул үчүн 1 даана жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 автокран жана 1 Хово жүк ташыгыч автоунаасы тартылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, катуу жааган жаан чачынга байланыштуу 23-майда Чүй облусундагы Бурана дарыясы жээгинен ашып, 1 гектарга жакын кызылча менен жүгөрү себилген айдоо аянттарын суу каптаган. Андан тышкары Ак-Бешим айыл өкмөтүнө караштуу Чүй мектеп интернат айылы туштагы көпүрөнүн жээктерин суу жеп кеткен.