22-августка карата аба ырайы

22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.