Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга барат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу  Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда. Мамвизит 23-августта болот.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун тар жана кенен форматтагы жолугушуусу болот. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат.

Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.