Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

22-августтан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана Эркечтам” өткөрмө бекеттери бир аптага убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чек ара кытай тараптын өтүнүчү менен Курмай айт майрамына байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 27-августта кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.