Азиада-2018: Кыргызстандын спортчуларынын куржунунда алты медаль бар

18-августтан тарта Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын байге куржунунда 6 медаль бар – үч “күмүш” жана үч “коло”.

Магомед Мусаев күмүш, Айсулуу Тыныбекова (күмүш), Мээрим Жуманазарова (коло), Айпери Медет кызы (коло), Каныбек Жолчубеков (күмүш) жана Амантур Исмаилов (коло) байгеге ээ болушкан.

22-августта төмөнкү спортчулар беттешке чыгат:

Сүзүү — Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова, Владислав Шулико;

Фехтование – Жумабай у. Д., Абдурахман у. К., Баудунов Х., Петров Р. (командалык);

Таэквондо – Акбар Айтахунов (80 кг чейин);

Грек-рим күрөшү – Акжол Махмудов (77кг), Самат Ширдаков (87кг), Узур Жузупбеков (97кг), Мурат Рамонов (130 кг);

Баскетбол (3х3) – Кыргызстан Бангладешке каршы ойнойт;

Оор атлетика – Иззат Артыков (69кг).